Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Эксперттердин айтымында, Шиңжаңдын борборундагы жардыруудан соң, Кытай бийликтери уйгур жикчилдерин оздуктоо үчүн аеосуз күч колдонот.

Yрүмчүнүн базарында 22-майдагы жардыруудан 31 адам набыт кетип, 94 киши жарадар болгон. Жан бергендердин көбү улгайгандар. Андан жарым ай мурда шаардын темир жол бекетинде белгисиз эки киши 79 адамды бычактап, бомба жардырган.

Мындай чабуулдар быйыл эле болгон жок. Шиңжаңдын борборунда 2009-жылдагы тополоңдо 200 адам набыт кеткен. Андан бери уйгурлар катышты делген бир нече кандуу кагылыштар катталды. Март айында Кунмиң шаарында белгисиз бирөөлөр вокзалда 29 адамды өлтүрүп, 143 кишини жарадар кылган. Былтыр октябрда Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында шиңжаңдык үй-бүлө эки туристти машинеси менен тебелеп кеткен. Ушул эле жылы июнда Турпанда 24, Бачуда 11, Кашиде эки жана Шуфуда 14 адам өмүрүнөн айрылган.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси 22-майдагы чабуулду айыптап, өз мекенинде акыркы маалда көбөйгөн зордук-зомбулукка кабатыр экенин билдирди.

Азыр бул чабуулду ким ишке ашырганын айтуу эртелик кылат. Себеби эч ким жоопкерчиликти моюнуна алган жок. Бирок биз байкагандай, Кытай бийликтери далили жок эле уйгурларды күнөөлөп жатат, – деди конгресстин басма сөз катчысы Алим Сеитофф.

Австралиядагы Гриффит университетинин профессору, уйгур таануучу Майкл Кларктын белгилешинче, мурда жикчилдер өкмөт адамдарына же ханьшуй кытайлары жашаган аймактарга чабуул коюшса, акыркы жардырууда бомба карапайым эл көп жүргөн базарга коюлган. "Учурда алар өз курмандыктарын тандабаган тактикага өтүштү. Бул – классикалык террористтик чабуулдун үлгүсү", – деди Брисбенден профессор Кларк.

Жардыруу болгон базардын айланасы, Үрүмчү, Шинжаң, 22.05.2014.

Жардыруу болгон базардын айланасы, Үрүмчү, Шинжаң, 22.05.2014.

​Расмий Бээжин акыркы маалдагы чабуулдардын баары уйгур жикчилдеринин иши деген ойду карманып келет. Кытайдын Коммунисттик партиясы террорчул аракеттерге "Түркстан" ислам партиясын жана "Чыгыш Түркстан" ислам кыймылын күнөөкөр деп айыптайт.

Ал эми уйгурлар расмий Бээжин аларды жок жерден каралап жатат деген пикирде. Айрым серепчилер дагы Кытай бийликтери уйгурларды басмырлоо саясатын актоо үчүн аша чаап, апыртып, маалыматты бурмалайт дешет.

Шиңжаңдын 46 пайызын уйгурлар, 39 пайызын ханьшуй кытайлары түзөт. Кытай бийликтери Шиңжаң аймагы акыркы 25 жылдан бери тынчыбай, террорчулардын чордонуна айланды деп билдирүүдө.

Шиңжаң боюнча белгилүү адис, Индиана университетинин профессору Гарднер Бовиңдон расмий Бээжин болгон маалыматтын баарын катуу көзөмөлдөп, чабуулду ишке ашырган кимдер экенин жана себептерин жашырып келерин айтат. Профессор Бовиңдондун айтымында, 22-майдагы чабуул Кытай бийликтерин көкүтүп, Шиңжаңда көзөмөлдү күчөтүп, темирдей тартип орнотууга негиз болот. Бээжиндин мындай катаал саясаты Шиңжаңдагы уйгурлардын радикалдашуусун күчөтөт.

Үрүмчү, Шиңжаң, 10.07.2014.

Үрүмчү, Шиңжаң, 10.07.2014.

"Бийликтер уйгурларды мындан катуу басмырласа, уйгурлардын чыдамы түгөнүп, жикчил кыймылга кошулгандардын саны арбышы мүмкүн", – деп белгилейт Бовиңдон.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси уйгур маселесин тынчтык жол менен чечүү жана мунаса табуу үчүн Кытай бийликтерин бир нече жолу диалогго чакырган. Бирок расмий Бээжин бардык дооматтарды четке кагып, сүйлөшүүлөргө келген эмес.

Уйгурлар Шиңжаңдагы кагылыштарды алардын маданиятын жана динин басмырлоо үчүн жасалууда, аймактын экономикалык өнүгүшүнөн ханьшуй кытайлары гана пайда көрүп жатат деген ойду айтышат.
Илхам Тохти.

Илхам Тохти.

​Жыл башында Бээжиндин Шиңжаңга карата саясатын сындаганы үчүн уйгур илимпозу Илхам Тохти эркинен ажыратылганы отко май чачкан өңдүү. Тохти Шиңжаңды Кытайдан бөлүнүүгө чакырып, жикчилдердин аракеттерин колдогон эмес.

"Кытай бийлигинде курал бар. Коммунисттер бардык талаш-тартыштар куралдын күчү менен гана чечилет деп ишенет. Алар 65 жылдан бери курал менен уйгурларды, тибеттиктерди жана башкаларды тебелеп-тепсеп, басмырлап келишет. Бирок андан проблема чечилбейт. Болгону гана ал маселелер барган сайын курчуй берет", – деди Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин өкүлү Алим Сеитофф.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык мамилелер борборунун ага кеңешчиси Кристофер Жонсон "эгер жөнөкөй сын үчүн Кытай бийликтери ушундай катаал чара көрсө, анда адамдар мыйзам чегинде эмес, башка жолду тандашат" – деген көз карашын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG