Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Азиядагы коңшуларын камтамага салып, Кытай аскерий чыгымдарын быйыл дагы он пайыздан ашуун көбөйтөт. Бул тууралуу өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын кечээ ачылган он күндүк сессиясына тушташ жарыялады. Аскерий бюджеттин өсүшү менен катар Кытайдагы антикоррупциялык өнөктүк армиянын аттуу - баштуу генералдарын да бутага алууда.

Премьер-министр Ли Кэцян кечээ Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын сессиясынын ачылышында "өлкөдө бекем мамлекеттик коргонуунун жана күчтүү куралдуу күчтөрдүн түзүлүшү – улуттук кызыкчылыктарды коргоонун түпкү кепилдиги” деп айтты.

Мындан улам Ли Кэцян армияга толук партиялык жетекчиликти сактоо, бардык баскычтагы өкмөттөр армия, аны менен бийлик органдарынын, элдин биримдиги үчүн кам көрүү зарылдыгын кошумчалады.

Кытай өкмөтү парламенттин сессиясын утурлай ачыктагандай, өлкөнүн аскерий чыгымдары быйыл да 10,1% өсүп, жалпы суммасы 141, 45 миллиард долларга чыгат.

Былтыр эле бул көрсөткүч 130 миллиард доллардын тегерегинде болчу. Өзү Кытайдын аскерий бюджети акыркы он беш жылдан бери такай көбөйүү үстүндө.

Кытай армиясынын кышкы машыгуусу. 14-декабрь, 2015-жыл.

Кытай армиясынын кышкы машыгуусу. 14-декабрь, 2015-жыл.

Өсүш жылына 18% чейин жеткен учурлар болуп, бирок 2008-жылдагы экономикалык кризистен кийин басаңдаган. Ал эми азыр аскерий чыгымдардын эки цифралуу санда көбөйүшү, экономикадагы өсүш 7% түшкөнүнө карабай кетүүдө.

АКШдагы Тышкы байланыштар кеңешинин Азия боюнча эксперти Элизабет Экономи (Elizabeth Economy) “Азаттык” менен маегинде Кытайдын аскерий чыгымдары көбөйүп жатышын анын геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктары кеңейгенине байланыштырып, бирок бул ириде Азиядагы коңшуларды олуттуу камтамага салган маселе экенин белгиледи:

- Бул (аскерий бюджеттин көбөйүшү) күтүлгөн эле нерсе. Бирок биз ошол аскерий бюджет эми кандай жайгаштырыларын көрүшүбүз керек. Албетте бул маселе Кытайдын аймактык турумуна да байланышкан. 2010-жылдан бери биз Бээжиндин Түштүк жана Чыгыш Кытай деңиздериндеги талаш аралдар, аймактар боюнча өжөрлүгүнө күбө болуп жатабыз. Менимче, бул алардын коңшуларын, албетте Кошмо Штаттарды да камтамага салган маселе. Өзү күчтүү армия президент Си Цзинпиндин өлкөнү өнүктүрүү программасынын маанилүү бөлүгү.

Коңшулардын камтамачылыгы демекчи Бээжин менен Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдарды талашып жүргөн Жапония 11 жылдык тыныгуудан соң акыркы үч жылдан бери аскерий бюджетин көтөрүп отуруп, быйыл 42 миллиард долларга чыгарды. Аскерий учактар жана кемелер Жапониянын соңку сатып алууларынын өзөгүн түзөт.

Гималайда Кытай менен талаш жери бар жана анын Инди океанда активдүүлүгү артышына тынчызданган Индия да быйыл аскерий бюджетин, Рейтер агенттиги жазгандай, 11% көбөйтүп, 40 миллиард долларга жеткирди. Кытай менен аскерий ажырымын азайтууга Түштүк Кытай деңизи боюнча талашы бар Вьетнам да аракеттенип жүрөт.

Кытайдын аскерий бюджети АКШнын быйыл 534 миллиард долларды түзгөн аскерий чыгымынын үчтөн бирине эле барабар.

Бирок Пентагон жана бир катар эксперттер Кытайдын чыныгы аскерий бюджети расмий көргөзүлгөндөн 40-50% көп деп боолгошот.

Анткени, расмий бюджет жогорку технологиялуу курал импортун, иликтөө иштерин жана башка программаларды камтыбайт.

Аскерий бюджеттин такай көбөйүшү менен катар өлкөдөгү антикоррупциялык өнөктүк армиянын акчасын тейлеген, сатып алууларды жүргүзгөн ондогон генералдарды бутага алууда.

Коррупцияга каршы күрөш чечкиндүү улантыларын кечээ парламент сессиясында сүйлөп жатып, премьер Ли Кэцян да убада кылды:

- Төлөм алууну көздөө коррупциянын бардык түрүнө мүнөздүү көрүнүш болгондуктан, биз бул үчүн институтционалдык тоскоолдуктарды коюп, пара алууга мүмкүнчүлүк берген боштуктардын баарын чечкиндүү түрдө жок кылабыз, муну менен коррупциянын тамыр жайышына бөгөт коебуз.

Армиянын "жолборсторун" бутага алуу

Кытайдын мамлекеттик Global Time гезити апта башында жазгандай, президент Си Цзинпин өзү баштаган Борбордук аскердик комиссия, “бүткүл аскерий персоналды” текшерүүнү чечти.

Текшерүү армиядагы “акча агымдарын, киреше-чыгашаны” камтыйт. Апта башында Кытайда армиянын дагы жогорку даражалуу 14-16 офицеринин үстүнөн кылмыш иши козголгону ачыкталды.

South China Morning Post басылмасы кабарлагандай, алардын баары армиянын генералдары. Арасында мурдагы президент Ху Цзинтаонун учурунда Борбордук аскерий комиссиянын төрага орун басары болгон Го Босюндун (Guo Boxiong) 45 жаштагы генерал - майор уулу Го Чжэнган да бар.

Ал эми Гонконгдо чыгуучу Oriental Daily басылмасы, кезинде армиянын "жолборсу" атыккан 72 жаштагы генерал Го Босюндун өзү да үй камагына алынып, тергөө жүрүп жатканын жазып чыкты.

Буга чейин былтыр президент башкаруучу Борбордук аскерий комиссиянын дагы бир мурдагы төрага орун басары Сюй Цайхоуга (Xu Caihou) да коррупция боюнча кылмыш иши козголгон эле.

АКШдагы Тышкы байланыштар кеңешинин Азия боюнча эксперти Элизабет Экономи (Elizabeth Economy) “Азаттык” менен маегинде Кытайда антикоррупциялык өнөктүк бардык тармактарды камтыганын, бирок суроолор да бардыгын кошумчалады:

- Менимче, жалпысынан антикоррупциялык өнөктүктөгү чечүүчү маселе ал коомдун бардык секторуна тийгенинде. Армия, медиа, бизнес, парт кызматкерлер да камтылууда. Камтылбаган сектор калган жок. Бирок кытайлыктар жана дүйнө үчүн антикоррупциялык өнөктүктүн алкагында бутага алынып жаткан жогорку даражалуу кызматчылар буга саясий жүйөдөн улам кириптер болгон жокпу деген бир реалдуу суроо бар. Мен билгенден, АКШдагы Пенсильвания университетинин профессору жүргүзгөн иликтөө камакка алынгандар арасынан эң жогорку даражалуу 50-60 кызматчынын жарымы президент Си Цзинпиндин саясий оппоненттерине байланышы бардыгын көргөзгөн. Демек бул антикоррупциялык өнөктүктө саясий элемент бардыгын каңкуулайт. Өзү Кытайда ачык - айкындуулук жок болгондуктан кайсыл бир камакка алуулардын мотивдери тууралуу биз болжолдоп гана айта алабыз.

Кытайдагы бийликти 2013-жылдын жазына барып толук колго алган президент Си Цзинпин буга чейинки сөздөрүнүн биринде коррупцияга каршы күрөштө «жолборстор» да, «чымындар» да бутага алынарын убада кылган болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG