Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Кытай АСЕАНга ачууланды


Кытайдын Түштүк-Кытай деңизинде, Вьетнамдын жээгинен 210 чакырым гана алыстыкта жайгашкан мунай бургулоочу жабдуусун кемелер кайтарып турат. 14-май, 2014-жыл.

Кытайдын Түштүк-Кытай деңизинде, Вьетнамдын жээгинен 210 чакырым гана алыстыкта жайгашкан мунай бургулоочу жабдуусун кемелер кайтарып турат. 14-май, 2014-жыл.

Кытай Түштүк-Чыгыш Азиядагы коңшуларынын соңку билдирүүсүнө ачууланды жана анда айтылган ырастоолорду четке какты.

АСЕАН уюмуна кирген мамлекеттердин апта башында Малайзияда аяктаган саммитинде Бээжиндин талаштуу Түштүк Кытай деңизиндеги аракеттери аймактагы тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө доо кетирип жатканы белгиленген эле.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хонг Лей 28-апрелде Бээжиндеги басма сөз жыйыны учурунда айткандай, алар Азиядагы он мамлекеттин башын бириктирген АСЕАН уюмунун Түштүк Кытай деңизи боюнча соңку билдирүүсүнө “абдан тынчсызданып” турушат:

- АСЕАНдын 26-саммитинин Түштүк Кытай деңизи боюнча турумуна Кытай олуттуу жана терең тынчсыздануусун билдирет. Биздин Түштүк Кытай деңизи боюнча турумубуз ырааттуу жана ачык-айкын. Түштүк Кытай деңизи Кытай менен АСЕАНдын ортосундагы маселе эмес. Кытай кээ бир мамлекеттердин Кытай менен АСЕАНдын мамилесин жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн карактап кетишине чечкиндүү каршылык көрсөтөт.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү “жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн кээ бир мамлекеттер” дегенде Филиппин өлкөсүн эске алды окшойт. Анткени Кытайдын мамлекеттик “Синхуа” агенттиги 27-апрелде Филиппинди Түштүк Кытай деңизинин маселесин АСЕАНдын саммитинде көтөргөнү үчүн айыптаган эле.

Хонг Лей

Хонг Лей

Бээжин эгер Түштүк Кытай деңизи боюнча талаш болсо ал көп тараптуу эмес, эки тараптуу түз сүйлөшүүлөр менен чечилиши керек деп эсептейт.

Филиппин президенти Бенигно Акино саммитте сүйлөгөн учурунда Кытайдын талаштуу деңиздеги турумун бекемдөө боюнча иштерди күчөтүшү аймактын туруктуулугуна жана стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурууда деп айткан.

Бээжиндин аракеттери “ишенимге доо кетиргени жана Түштүк Кытай деңизиндеги тынчтыкты, стабилдүүлүктү, коопсуздукту жокко чыгаруу мүмкүндүгү” АСЕАН саммитинин жыйынтык билдирүүсүндө да көрсөтүлөт.

Талаштуу деңиз маселеси үстөмдүк кылган саммиттин конок ээси – Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак Куала-Лумпурдагы басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Биз Кытай менен конструктивдүү карым-катнашты улантабыз. Кытай биздин позицияны түшүнөт жана аны АСЕАНды өзүнө каршы кароо жана бул аймакты дестабилдештирүү аракеттери Кытайдын кызыкчылыгына төп келбесине ынандыра алабыз деп үмүттөнөбүз. Ишибизди ушул нукта улантабыз жана Түштүк Кытай деңизиндеги пикир келишпестиктерди өтө конструктивдүү маанайда жөнгө сала алабыз деп тилек кылабыз.

Мунай менен газдын ири кору бар деп болжолдонгон Түштүк Кытай деңизинин кеминде 90% Бээжин өзүнүкү деп санайт. Ошол эле учурда бул деңиздин бөлүктөрүн Бруней, Малайзия, Филиппин, Вьетнам да өзүнө тийиштүү деп эсептейт.

АСЕАНдын Малайзиядагы саммити алдында спутниктен тартылган сүрөттөр Кытай деңиздеги талаштуу аралда аскерий максатта колдонууга ылайыктуу учуу-конуу тилкесин куруу ишин күчөткөнүн шардана кылган болчу.

Мунун артынан Жапония, Түштүк Корея, АКШны Бээжиндин Түштүк Кытай деңизиндеги ишмердигин басаңдатууга чакырышкан.

Airbus Defense and Space компаниясы тарткан сүрөттөр Кытай узундугу үч чакырым келген учуу-конуу тилкесин Түштүк Кытай деңизинин Спратли аралдарында куруп жаткандан тышкары дал ушундай эле курулушту талаштуу Парасел аралдарында да жүргүзүүсү мүмкүндүгүн каңкуулады.

Кытайдын Түштүк-Чыгыш Азия боюнча коңшулары мына ушундай жагдайга нааразы.

АСЕАН саммитин тоскон Малайзияын премьер-министри Нажиб Разак Куала-Лумпурдагы пресс-конференцияда алардын сунушун айтты:

Нажиб Разак

Нажиб Разак

​- Биз АСЕАНда макулдашкан принциптер талашты жана пикир келишпестикти эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине, нормаларына, атап айтканда, БУУнун деңиз укугу боюнча конвенциясына ылайык жөнгө салуу. Ошондой эле Жүрүм-турум декларациясына толук кошулуу жана Жүрүм-турум кодексин тезирээк ишке киргизүү.

Түштүк Кытай деңизи үчүн Жүрүм-турум кодекси деген документ ал аркылуу кемелердин ары-бери эркин каттоосун камсыздоо үчүн сунуш кылынууда.

Стратегиялык мааниси бар бул деңиз аркылуу азыр дүйнөлүк сооданын 40% жүрүп, жылына 5 триллион доллардык товар ташылгандыктан Азия өлкөлөрүндө Кытайды деңизди көзөмөлдөө аракети соодага кесепетин тийгизүүсү мүмкүн деген да кооптонуу бар.

Кытай премьери Ли Кэцян былтыр ноябрда, Бирмадагы саммитте коңшулар менен Түштүк Кытай деңизиндеги Жүрүм-турум кодекси боюнча макулдашууну жакынкы аралыкта түзүүгө убада берген болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG