Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Компартия киндигин кескен Си Цзинпин


Кытайдын болочоктогу жаңы лидери Си Цзинпин
Кытайдын болочоктогу жаңы лидери Си Цзинпин

Бээжинде Кытай компартиясынын XVIII курултайы өтүүдө. Ар беш жылда болчу курултайдын бөтөнчөлүгү - Кытайдын жаңы лидерлери дайындалат.

Эски жетекчилер өлкөдө калыптанып калган тажрыйба боюнча мураскерлердин ишмердүүлүгүнө сырттан абай салып, “аталык” милдетин аткара беришет.

Компартиянын Борбордук комитетинин баш катчылыгына “бешинчи муундун” өкүлү Си Цзинпин, ал эми премьер-министрлик кызматка Ли Кэцян келери айтылууда. Аталган лидерлер 1, 5 миллиард калктуу жана экономикалык кубаты боюнча АКШдан кийинки экинчи чоң мамлекетти келерки он жылда жетектешет.

Мураскерлер кандай тандалат? Алардын алдында кандай милдеттер турат? Соңку жылдары саясий-экономикалык дымагы улам күчөп бараткан Кытай кайсы багытта кетет?

Бул суроолор түйшөлткөн дүйнө өлкөлөрү 82 миллион мүчөсү бар Кытай компартиясынын ар беш жылда бир болчу кезектеги курултайына астейдил көз салышууда.

"Өңүт" берүүсүн толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:23 0:00
Түз линк

Род Вэй Лондондогу абройлуу Chatam House аналитикалык борборунун Кытай боюнча саясий талдоочусу. Ал Кытай коммунисттеринин азыркы курултайынын беш жыл мурдагыдан өзгөчөлүгүн - тизгинди жаңыдан колго алчу “бешинчи муун” өлкөнү толук он жыл башкаруусу менен түшүндүрөт:

- Бул бийлик чокусундагы чоң өзгөрүү болмокчу. Президент Ху Цзинтао жана премьер-министр Вэн Цзябао он жылдан кийин Кытайдагы эң маанилүү кызматты калтырып кетишет. Алардын ордун ээлөөчү жаңы жетекчилер 10 жыл бою отурары шексиз. Алар менен кошо Кытай жетекчилигинде өтө олуттуу өзгөрүүлөр болот. Бул Кытайды башкарган адамдардын катарында мүмкүн болчу чоң өзгөрүүлөрдүн белгиси.

Бир апталык курултай маалында Борбордук комитет шайланат. Анын 370 чамалуу мүчөсүнүн 230у толук укуктуу, калган 140ы альтернативдүү деп саналат. Партиянын акыл-эси эсептелген Саясий бюрого мүчө 25 адамды делегаттар эмес, Борбордук комитет тандайт. (Курултайдын делегаттарынын 30 процентин жергиликтүү бийликтер ылгап дайындаган). Бюронун 25 мүчөсүнүн он төртү да жашы боюнча боюнча ардактуу эс алууга кетчүлөр.

Болочоктогу премьер-министр Ли Кэцян
Болочоктогу премьер-министр Ли Кэцян
Саясий бюронун тогуз же жети мүчөсү партиянын, мамлекеттин эң маанилүү чечимдерин кабыл алчу Саясий бюронун туруктуу комитетин түзөт. Азырынча туруктуу комитетке кирчү эки адамдын гана ысмы эл кулагында. Алар - вице-президент Си Цзинпин жана 1-вице-премьер Ли Кэцян.

59 жаштагы Си жана 57 жаштагы Ли Кытайды башкарганга такшалып жетилди деп Саясий бюронун тар чөйрөсү гана тандаганын айтат Лондондогу Capital Economics' корпорациясынын Азия боюнча башкы адиси Марк Виллямс:

- Жаңы жетекчилерди азыр бийликтен кетип жаткан лидерлер тандашкан. Мурдагы лидерлерден Кытай коммунисттик партиясынын Саясий бюросунун алдындагы Туруктуу комитетте тогуз адам бар. Мына ушул тогуз адам акыркы он жылда Кытайды жигердүү башкарып жатты. Алар өз мураскерлерин кадрлардын арасынан ылгап алышты. Албетте жаңы жетекчиликти тандоого өлкөнүн мурдагы президенти сыяктуу пенсияга кеткен, бирок саясий оюндарга өтө активдүү аралашкан башка саясатчылар да катышты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:25 0:00

Си Цзинпин жана Ли Кэцян экөө тең коммунисттик Кытайда туулуп, кемелине жеткен “бешинчи муундун” өкүлдөрү. Талдоочулардын боолгошунча, Си мырза оболу Кытай Компартиясынын башкы катчысын алмаштырат. Эл өкүлдөр жыйынын келерки марттагы чогулушунда мамлекетти расмий башкарчу президенттин ордуна отургузулат. Эгерде он жыл мурдагыдай тартип сакталса, эки жылдын ичинде Ху куралдуу күчтөрдү башкарууну мураскери Си мырзага тапшыруусу шарт.

Си Цзинпин Компартиянын башына келери менен эле аны өзү каалагандай башкарып кете албайт. Мао Цзедун кезиндегидей бир лидер маанайы же жеке кызыкчылыгына жетеленип кетпеси үчүн коллективдүү башкаруу системасы бар. Аны 1990-жылдары реформатор, расмий кызматы жок, бирок, кыргызча айтканда, Кытай жетекчилеринин “аталыгы” аталган Дэн Сяопин түптөгөн. Мына ошол чогуу отуруп, бүтүм кабыл алчу жана баш катчыга тараза болчу мекеме - Саясий бюронун туруктуу комитети.

Дэн Сяопин теске салып кеткен жазылбаган эреже боюнча, Кытай компартиясынын башчысы - мамлекет лидери 10 жылга дайындалат. Анын жашы 60тан жогору болбош керек. Ушул тартипке ылайык, Си Цзинпин беш жылда Туруктуу комитетке кирген тар чөйрөдө тандалып, бүгүнгө чейин тийиштүү таалим-тарбия алып жатты.

Партиялык жетекчиликти мындай жол менен ротациялоо “үчүнчү муундун” көч баштоочу серкеси Цзян Цземинден башталган. 1980-жылдардын аягында Ден Сяопиндин сунушуна жараша Цзян Цземин адегенде Компартияны, андан соң мамлекетти жетектеп калган. Кийин анын ордуна азыр жаш курагы боюнча өлкөдөгү эң бийик кызматты бошоткону турган Ху Цзинтао мураскер-президент болуп келген.

Президент Ху Цзинато, экс-президент Цзян Цземин, премьер-министр Вэн Цзябао Компартиянын 18-курултайынын ачылыш аземинде. 8.11.2012
Президент Ху Цзинато, экс-президент Цзян Цземин, премьер-министр Вэн Цзябао Компартиянын 18-курултайынын ачылыш аземинде. 8.11.2012
Көпчүлүк байкоочулардын жазышынча, Кытайдын болочок лидер-мураскерлерин тандап-тарбиялоодо, бапестеп өстүрүүдө үй-бүлөлүк тааныш-билиштик да маанилүү роль ойнойт. Азыркы Саясий бюронун Туруктуу комитетине кошулат деп боолгонуп жаткан алты кадрдын төртөө ханзадалардан; алардын ата-жотолору мурда Саясий бюрого же Борбордук комитетке мүчө болушкан. Мээнеткеч менеджер Си Цзинпин да ошондой ак жолтой уул.

Болочок лидерлер партиянын мүчөсү болгонго чейин сөзсүз комсомолдун катарында жүрүп, электен өтүш керек. Ли Кэцян комсомолдон өсүп чыккан жана “өз киндигин өзү кескен” ошондой чыгаан чиновник дешет байкоочулар.

Чет элдик талдоочулар Си Цзинпиндин саясий карьера жасоосуна атасынын жоро-жолдоштору зор салым кошконуна көңүл бурушат. Университетте инженер-химик кесибин окуган Си эмгек жолун аяш атасы, Саясий бюронун мүчөсү, Борбордук аскерий комиссиясынын башкы катчысы Жэнг Бияонун жардамчысы болуудан баштаган.

Ошол эле мезгилде, АКШлык изилдөөчү Чэнг Линин айткандай, Си мырза 1960-жылдардагы Маданий революция тушунда түрдүү кыйынчылыктарда чыйралган, жөндөмдүү, идеалист жана прагматик муундун мыкты өкүлү экенин белгилей кетүүбүз абзел. Синин мындай сапатына аны менен буга дейре кездешкен чет элдиктер да баа беришкен.

Кытай Компартиясынын съездди ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00
XS
SM
MD
LG