Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Google Кытайга таарынды


Google ишканасынын Бейжиндеги имараты, 13-январь, 2010
Google ишканасынын Бейжиндеги имараты, 13-январь, 2010

Интернеттеги эң популярдуу издөө системасы – Google – Кытайда атайылап өзүн-өзү чектегенди токтотуп, бул өлкөдө ишин токтотушу мүмкүн экенин билдирди. Муну компания шейшембиде кытайлык хакерлердин чабуулуна кабылгандан кийин айтты.

Google ишканасынан билдиришкендей, хакерлер кытайлык адам укугун коргоочулардын жеке электрондук даректерин бузууга аракет кылышкан. Буга зээни кейиген Google мындан ары Кытайдагы интернет колдонуучулары үчүн айрым маалыматты жашырууну токтото турганын айтты. Бүгүн эле, мисалы, Кытайда google.cn сайтына киргендер Кытай үчүн өтө талылуу деп аталган Тибеттин лидери Далай Лама, Тяньаньмэн аянтындагы массалык кыргын тууралуу материалдарды оңой эле окуй алышты. Буга чейин мындай маалыматты камтыган сайттар Кытайда ачылчу эмес. Google ал сайттарды Кытайда атайылап жаап салган болчу.

Google ишканасынын жетекчилеринин бири Билл Эчиксон: “Биз буга чейин атайылап чектеп келген маалыматты мындан ары Кытайда ачыкка чыгаруу боюнча жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшөбүз. Ошондой ниетибиз бар. Эгерде мыйзамдын чегинде муну жасаганга мүмкүн болбосо, анда биз google.cn сайтын таптакыр жаап салабыз. Анын ордуна google.com глобалдык сайтынын өзүндө эле кытайча маалыматты тарката баштайбыз”.

Google азырынча хакердик чабуул боюнча Кытайдын бийлигин ачык айыптай элек. Компания ал чабуул кайдан чыкканын иликтеп жатат. Бирок Бэйжинде тышкы иштер боюнча министрлик буга бийликтердин эч тийиштиги жоктугун билдирди.

Чабуулдун кесепети

Аналитиктер болсо Google Кытайда ишин токтотушу Америка менен Кытайдын алакаларынын начарлашына алып келиши мүмкүн деп жатышат.

Вашингтондо Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Google компаниясына чабуул боюнча расмий бийликтерден жоопту талап кылаарын билдирди.

Интернетте адамдар эч нерседен чочулабай эркин иштегенге мүмкүнчүлүк алышы коом үчүн да, экономика үчүн да маанилүү экенин айтты мамкатчы. Клинтон айымдын жардамчысы Алек Росс келерки аптада мамкатчы “Интернет эркиндиги” тууралуу жаңы демилге көтөрөөрүн билдирди. Интернеттеги эркиндик тууралуу Вашингтондун саясаты дүйнөдө өзүнүн жарандарынан маалыматты жашырганга аракет кылган режимдерге жооп болот, деди Росс.

АКШ менен Кытайдын мамилеси ансыз деле климаттын ысышы, Иранга каршы санкцияга Бейжиндин кошулбай жатышы өңдүү маселелердин айынан начарлай түшкөн.

Дүйнөдө саясий кооптуу жагдайларды изилдеген Eurasia Group уюмунун аналитиктери 2010-жылы эки өлкөнүн мамилеси эң төмөнкү деңгээлине жетет дешет. Буга алар экономика, коопсуздук жана кибер коопсуздук боюнча эки тараптын бири-бирине такыр төп келбеген позициялары себеп болоорун айтышты.

Жеке эркиндикке кол салуу

Дүйнөдө адам укугун коргоо жаатында иштеген уюмдар Google компаниясы Кытайда хакерлердин чабуулуна кабылганын жана кытайлык интернет колдонуучулары үчүн цензура алынып салынаарын жылуу кабыл алышты.

Amnesty International укук коргоо уюмунун Азия боюнча программасынын расмий өкүлү Росинн Райф: “Укук коргоочулардын жеке email даректерине кол салуу болгону тууралуу маалымат аябай тынчсыздантат. Биз Кытайдын өзүндө жана анын сыртында акыркы жылдары бир канча ирет ушундай чабуул болгонун айтканбыз. Бул көп кездешүүчү жана аябай кыжаалатка салчу жагдай”.

Кытайда да айрым жарандар Google ишканасынын чечимин колдошту. Бейжинде ишкананын имаратынын алдына атыр гүл коюп кеткендер да болду.

Кытайлык сүрөтчү жана укук коргоочу Ай Вейвей: “Муну менен Google мына ушундай пикирдеги көптөгөн адамдардын пикирин билдирди жана анын таасири Кытайда эле эмес, бүтүн дүйнөдө сезилет. Жеке маалыматты коргоого, жеке эркиндикке жана көз-карашыңды ачык билдирүүгө укуктун болушу тууралуу талкуу - өтө маанилүү нерсе”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG