Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Б.Бешимов: Кыргызстанга төңкөрүш эмес, Дэн Сяопин керек


Кыргызстанга төңкөрүш эмес, Дэн Сяопиндей лидер керек деген СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов өкмөттүн финансылык кризиске карата чараларын “Азаттыктын” таңкы маегинде сынга алды.

“Азаттык”: -Дүйнөлүк финансылык кризиске карата кыргыз бийлиги көрүп жаткан чаралар жетиштүү деп ойлойсузбу?

Б. Бешимов: -Жок, жетиштүү эмес. Чынында айтканда, алар сунуштаган чаралар келе жаткан кризиске туура келбейт. Ошондуктан кечээ күнкү маалымат жыйынында биз ушул маселеге кенен токтолдук.

“Азаттык”: - Сиздер кандай чараларды сунуштап жатасыздар?

Б. Бешимов: -Өзүңүздөр карап көрүңүздөр, 24-ноябрда президент, өкмөт тарабынан мындай сунуштар түштү, биринчи иретте мүлк талашууну токтотуу аталды, андан тышкары ишкерликти колдоо жөнүндө сөз болду. Бирок азыркы учурда эл эмнеге муктаж? Биринчи иретте, элди кризис шартында социалдык жактан коргоо кандай болот? Элди ушул кызыктырат.

Жалпы элибиз элетте жашайт. Ошон үчүн дыйкандарга кандай колдоо болот? Дыйкандарга жеңилдетилген насыя, күйүүчү май жагынан жардам берүү каралыш керек. Андан сырткары финансы, банк системасына карата өкмөт кандай чараларды көрүш керек деген маселе бар. Биз ушул багытта бир топ сунуштарды айттык. Биринчи иретте, ошол дыйкандарга жардам берүүнү атадык. Экинчиден, мугалимдер, дарыгерлерге, жалпы ушул элетте жашаган элге кризиске жараша өкмөт тарабынан финансылык кандай жардам болоору аныкталыш керек.

Андан сырткары коррупцияга каршы күрөш катуу болуш керек. Мына Чудинов өзү айтып жатпайбы, бизде көмүскө экономикада 60 миллиард сом жатат деп. Бул биздин бюджетибизден 1.5 эсе көп. Ошончо акча жаткандан кийин, биз коррупцияга каршы күрөш боюнча өкмөттө бир канча мекемелерге ээ болуп туруп, ага күрөшө албасак, ошончо чиновниктердин кереги эмнеде?

Ошондуктан биз айттык, коррупцияга каршы күрөштү принципиалдуу түрдө жүргүзүшүбүз керек. Анан карап көрүңүз, Балкыбековду кызматтан алып, бирок мурунку ордуна коюп койду. Коррупцияга ушундай жол менен күрөшөбү? Биз муну менен түшүндүк, коррупциянын ошол жетинчи кабатта уялап кеткенин.

“Азаттык”: -Жетинчи кабат демекчи, ошол жетинчи кабаттын кожоюнун (президент) алмаштыруу максатында 2009-жылдын күзүндө президенттик шайлоо өткөрүүнү жактай баштадыңыздар, ал кандай жүйөөлөргө, мыйзамдарга негизделүүдө?

Б. Бешимов: - Президенттик шайлоо кайсы мыйзамдын негизинде өттү деген суроо берилгенде, 2003-жылдагы конституция менен өттү деп жооп беребиз. Азыркы конституция референдумдун негизинде 2007-жылы кабыл алынган. Ошого таянып туруп, биз ушундай сунуш менен чыктык. Анан жалпысынан айтканда, азыркы учурда биз Кыргызстанга кандай бийлик керектигин ойлонушубуз керек.

Мен жакында эле Кытайдан келдим. Кытайдын дүркүрөп өсүп жатканын көрүп туруп, ошол жерде элдин жашоо шарты оңолуп атканын байкап туруп, ошонун ичинде кыргыздардын жашоо шарты кыска мөөнөттө канчалык деңгээлге өсүп кеткенин талдап көрсөк, анын башында ким турган деген суроо келет. Анын башында Дэн Сяопин деген өтө акылман лидер турганын билебиз. Кыргызстанга азыркы учурда ошондой Дэн Сяопин керек. Ошондуктан лидерлик жөнүндө биз ачык-айкын айтып, ар кандай төңкөрүштөргө барбай, шайлоонун негизинде Кыргызстанга керектүү бийликти түзбөсөк болбойт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG