Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Кытай экономикасы дөңдүн жонунда


Инвестор баалуу кагаздардын наркын көрсөтчү электрондук монитордун алдына. Шанси провинциясындагы Тайюан шаарындагы фондулук биржа. 9-июль, 2012

Инвестор баалуу кагаздардын наркын көрсөтчү электрондук монитордун алдына. Шанси провинциясындагы Тайюан шаарындагы фондулук биржа. 9-июль, 2012

Соңку айларда Кытайдын экономикасына адистер кылдат сереп салышууда. Буга асыресе улуттук өкмөттүн 2012-жылы ички дүң жыйым 7, 5 процентке өсөт деген марттагы билдирүүсү түрткү берди.

Анткени мурда улуттук экономика быйыл 8 процентке өсөт деп прогноздоп жаткан. Кытай экономикасы бийик темп менен өспөй калдыбы?

Кытайдын капшытын бассаң, дүйнө майышат

Кытай экономикасынын өсүүсү бир жарым жылдан бери тынбай ылдыйлап барат. 2010-жылы өлкөнүн ички дүң жыйымы 10, 4 процентке, 2011-жылы 9, 2 процентке өскөн болсо, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өсүш 8, 1 процент, экинчи токсонунда 7, 6 процентти түздү. Бул акыркы үч жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Мындай абал талдоочулар арасында эмне Кытай экономикасы жүрүшүнөн аксады деген тейдеги күдүк ойлорду жаратып, алар жагдайды турнабайдан өткөрүп иликтешүүдө.

Эл аралык коомчулуктун жана инвесторлордун көңүлүн сооротуу максатында 11-сентябрда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябао Тянцзиндеги жаңы дүйнө лидерлеринин Дүйнөлүк экономикалык форумунда өлкө экономикасы жыл башында мерчемделген деңгээлде өсөрүн жана кабыл алынган тийиштүү чаралардын негизинде стабилдүү нукка түшөрүн маалымдады.

Эксперт-серепчилердин Кытай экономикасына болгон берегидей кызыгуунун себеби эмнеде? Суроого баш кеңсеси Лондондо жайгашкан дүйнөдөгү экинчи чоң финансылык конгломерат - HSBCнин Орусия жана КМШ өлкөлөрү боюнча башкы экономисти Александр Морозов мындай жооп берди:

- Кытайдын экономикасы дүйнөдөгү экинчи чоң экономика. Андыктан Кытай экономикасында эмне болуп жатканы, албетте, бүткүл дүйнөнүн экономикасына таасир этет. Азыр Евромейкиндиктеги жана бүтүндөй Европадагы кырдаал бир кыйла курч. Үчүнчү кварталдын жыйынтыгына карап, Европада рецессия башталды деп айтса болот. Ал эми Кошмо Штаттардын экономикасы пас темпте өсүүдө. Мындай жагдайда дүйнөлүк экономиканын өсүү темпин Кытайдын экономикасы аныктайт.

Кытай премьер-министри Ху Цзинтао 8-сентябрда Азия-Тынч океан саммитинде өлкөдө өндүрүлгөн товарларга “тышкы суроо-талап сыяктуу негативдүү факторлордун кысымы олуттуу” экенин жана экономиканын темпи дагы төмөндөө мүмкүндүгүн мойнуна алды. Анын башкы себеби - Европадагы насыя кризиси менен рецессия болууда.

Тышкы инвесторлорду жана тыш өлкөлөрдүн тынчсыздануусунун дагы бир жүйөсү мында. “1991-жылы Кытайга 1 триллион долларлык экономикасын 10 процентке өстүрүү үчүн өнөр жайы 100 миллиард долларга продукция чыгарып, дүйнөдө өндүрүлгөн мунай-газ, жез-металл сыяктуу чийки заттардын 10 процентин колдонуш керек эле. 2011-жылы 5 триллион долларлык экономикасы 10 процентке өсүш үчүн бир жылда 550 миллиард долларга жаңы товар жана продукция чыгарып, дүйнөдө өндүрүлгөн чийки заттардын 30 проценттен көбүн пайдаланыш керек”, - деп жазат Morgan Stanly корпорациясынын изилдөөчүсү Рухир Шарма.

Бул Кытайда өндүрүштүн кыскарышы - башка өлкөлөрдөгү өндүрүштүн кыскарышына, демек жумуш орундарын жабууга, өнөр жай товарларына болгон суроо-талаптын азайышына алып барат дегенди да билдирет. Анткени азыр Кытайда дүйнөлүк ички дүң жыйымдын 18 проценти өндүрүлсө, АКШ - 23 процентин берет.

Баса, август айында дүйнөнүн тоо-кен өнөр жайынын лидери ВНР Billiton компаниясы акыркы үч жылда биринчи жолу таза кирешеси 35 процентке азайганын билдирди. Англо-австралиялык компаниянын негизги кардары Кытай.
Люкс классындагы кийим-кече, аксессуар жана парфюмерия жасоочу Burberry Group Plc (Бёрберри) фирмасы да быйыл кирешеси жылдагыдан олуттуу суммага аз болорун эскертти. Британдык фирманын товарларынын 40 проценти Азияда, өзгөчө Кытайда сатылчу.

7, 5 % эмнеге тынчсыздантат?

Кытай бүгүн, украин илимпозу Васил Юрчишиндин айтышынча, Жапония менен чогуу жаңы эл аралык союздун борборуна айланууда. Буга катар Кытай өндүрүшчүлөрү эл керектөөчү товардардын эң зор соодагери болгондуктан жана калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ушундан улам өлкөнүн дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда болгону табигый нерсе, дейт экономика илимдеринин доктору Юрчишин:

- Кытай ошондой эле дүйнөдө технологиялык товарларды жана эл керектөөчү товарларды экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири эсептелет. Ошондуктан бүгүнкү дүйнөлүк экономиканы көп жагынан Кытай калыптандырганы табигый көрүнүш. Кытай ушу тапта Жапония менен бирдикте – ырасмий болбосо да - жаңы глобалдык эл аралык союздун, эл аралык ассоциациянын борборуна айланып баратат. Бул, албетте, Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттериндеги интеграцияны ылдамдата баштары калетсиз. Ошон үчүн бул өңдүү Чыгыш Азия борборунун түзүлүшү жана дүйнөлүк экономиканын абалы түздөн-түз Кытайга багыңкы.

Ал эми Кытайдын экономикалык өсүү темпинин төмөндөөсүнө кайрылсак, бул элинин саны 1, 3 миллиарддан көп өлкө үчүн өтө сезимтал маселе. Себеби экономиканын өсүү ырааты социалдык саясатка, социалдык проблемаларга, бюджеттик саясатка түздөн түз таасир этет. Ошон үчүн ички дүң жыйымдын жылдык өсүү динамикасынын психологиялык жактан маанилүү 8 проценттик деңгээлден ылдый түшүп кеткени социалдык проблемалар кантип чечилет деген сыяктуу көптөгөн суроолорду туудурууда. Анткени акыркы 20 жылда Кытайдын экономикасынын жылдык орточо өсүшү 10 проценттен жогору болчу. Бул ички жана тышкы проблемаларды чечкенге зарыл финансылык ресурстарды берген.


Кытайдын экономикалык өсүүсү мурдагы жылдардагыдай бийик темпти жоготуп, быйыл 7, 5 проценттик деңгээлге түшүүсү дүйнөлүк тажрыйбада болуп жүргөн көрүнүш, аны кемчилик катары баалоо жаңылыштык дегендер да бар.

Тажикстандык эксперт Худойберди Холикназаровдун баамында, Кытай өкмөтү өнөр жай тармактары ашыкча өндүргөн товарлар рынокто өтпөй, ашыкча көп жыйналып кетпесин деген максатта экономиканын өсүү ыраатын атайылап басаңдатып жатат.

- 2010-11-жылдардагы экономикалык кризис маалында Кытайдын ички дүң жыйымы өсүп жатты. Биринчиден, экономика ички резервдердин эсебинен өстү. Экинчиден, ички керектөөнүн эсебинен өстү. Анан реалдуу өсүш 1-1, 5 процентке жайлады. Бул максаттуу саясат. Азыр Кытай асыресе экономиканы кызып кеткенден сакташы зарурат. Себеби экономика кызып кеткен. Мисалы, курулуш тармагын алсак, өлкө боюнча турак үйлөр көп салынган. Баасы кымбат болгондуктан, аларды сатуу оңой иш эмес. Башка да тармактарда өндүрүш күрүлдөп иштеп, машиненин моторундай кызып калганы сезилет. Ошон үчүн ички дүй жыйымды адегенде 8 процентке чейин, анан 7 процентке дейре төмөндөтүүнү мерчемделип жасалган тактика деп ойлойм. Бул табигый кубулуш. Өткөн кылымдын 60-80-жылдары Жапониянын экономикасы бийик темп менен өскөн. Экономика 60-жылдары орточо 10 процентке, 70-80-жылдары орточо 4-5 проценттен өсүп турса, кийин акырындап басаңдай баштаган. Кытайдын экономикасы да ошондой болот.

Кытай кереметинин бир булагы аз айлыкта

Кытай боюнча эксперт, тарых илимдеринин кандидаты Холикназаровдун сөзүн толуктай кетүүбүз абзел. Жапония 1970-жылдары, Тайван 80-жылдары жана Түштүк Корея 90-жылдары 9 проценттик өсүштөн 5 проценттик деңгээлге түшкөн себеби, чоң экономиканын чоң темпте өсүүсү кыйындары табигый көрүнүш.
Азыр дүйнө экономикасынын төрттөн бирине жакынын түзгөн АКШнын ички дүң жыйымы орточо 2,5 проценттик ыраат менен өсүүдө.

Экинчи толуктообуз мындай. Жапонияда 1991-жылы баалуу кагаздар кунун тең жарымга жакын жоготуп, банктар кризисине кабылган кезде өлкөдө жан башына киреше – реалдуу курс менен эсептегенде - Америкадагыдан 120 процентке жогору болчу. Же Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Жапонияда жан башына өндүрүлгөн киреше 26 930 доллар, АКШда 22 240 доллар эле. Азыр кырдаал такыр башка.

Былтыр Жапонияда бул көрсөткүч 34 278 доллар, АКШда 48 442, Казакстанда 13189, Кытайда 8442, Кыргызстанда 2424 доллар болду. Бул кытайлыктардын орточо маянасы жапондордон эче эсе ашуун, америкалыктан алты эсеге жакын, казакстандыктардан 50 проценттен көпкө аз экенин каңкуулайт. Ошол эле мезгилде өсүш төмөнкү айлык акынын эсебинен жетишилип жатканын да көрсөтөт.

Абройлуу Economist журналынын жазышынча, эгер Кытай жан башына өндүрүлгөн киреше боюнча Жапониянын 1990-жылкы деңгээлине жетчү болсо, экономикасы АКШдан беш эсеге чоң болмок.


Кытайдын экономикалык өсүү темпинин 8 проценттен төмөн болушу, эксперттердин айтышынча, өлкөнүн башка мамлекеттер менен экономикалык карым-катнашына, дүйнөлүк соодага, Кытайда өндүрүлгөн товарларды жана продукцияларды Америка менен Европанын рыногуна сатканга да таасирин тийгизет. Мунун өзү дүйнөлүк экономиканын абалы бүгүн Кытайдын өндүрүшү менен тыкыс байланышканын да көрсөтөт.

Австриянын Die Presse гезитинин жазышынча, августта Кытайда өндүрүш да басаңдап, инфляция былтыркыга салыштырмалуу 2 процентке чейин жогорулаган. Экспорт мерчемделгендей 3 процентке эмес, болгону 2, 7 процентке өскөн, а импорт 2, 6 процентке кыскарган. Ал эми фабрикалар алты ай удаа товарлардын баасын пастатууда. Бул коңшулаш Кыргызстанда сатылган Кытай товарларынын баасына таасир эттиби? Бул суроого “жок” деп жооп берди өлкөнүн экономика жана антимонополиялык саясат боюнча министри Темир Сариев:

- Тескерисинче, акыркы убактарда Кытай товарларынын бааларынын жогорулаганы байкалат. Анткени, биринчиден, кытайлыктардын турмуш деңгээли өскөн сайын жакшы, сапаттуу товарларды чыгарганды көбөйтүшүүдө; экинчиден, алардын айлыгы да өсүүдө; үчүнчүдөн, энергетикалык ресурстар кичине жетишсиз болуп, алардын баасы өсө баштагандан улам Кытайда чыгарылган заттардын баасы кескин эмес өсүүсү байкалат. Кытай тараптын маалыматы боюнча, жылдын биринчи жарымында Кыргыз-Кытай соодасынын көлөмү 5 млрд доллардын тегерегинде болду. Жыл аягына чейин эки өлкө арасындагы соода 9-10 млрд долларга дейре жетиши мүмкүн. Биздин ички дүң жыйым болгону 7 млрд доллар чамалуу. Бизге кирген товарлардын көбү ре-экспорт болуп, Казакстан жана Орусияга кетүүдө. Белгилей кетейин, аларга Кыргызстанда жасалган товарлар кошулуп кетип жатат. Ошону менен биздин рынок Орусия жана Казакстанга кызыктуу болууда. Азыр Кытайдан полуфабрикаттар келе баштады. Алар Кыргызстанда бүткөрүлүп, анан сатылууда.

Кытайдын фабрикаларынын товарларга бааны арзандатып жатканы эл аралык базарды да арзандатабы? НSВС корпорациясынын КМШ өлкөлөрү боюнча улук экономисти Александр Морозовдун айтымында:

- Бул маселеде кайсы бир товарлардын түрлөрүнө карап, сөз кылуу абзел. Эгер кытайлык экспортерлор товардын баасын төмөндөтүп, анын натыйжасында Кытайдан чыккан продукциялар башка өлкөлөрдүн продукцияларына салыштырганда бир кыйла өтүмдүү болуп кетсе, анда сөз болуп жаткан товарлардын түрлөрүн Кытайдан экспорттоо көбөйүшү турган иш. Ошондо жергиликтүү өнөр жайчылар улуттук рыноктогу ордун жоготот. Бул, арийне, Кытайдын экономикасы үчүн жакшы. Бирок Кытайда өндүрүлгөн товарлар экспорттолгон өлкөлөр үчүн анча жакшы эмес.

Азыр Кытай менен Кыргызстан ортосундагы соода-экономикалык карым-катнаш кандай өнүгүүдө? Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика агенттигинин төрагасы Акылбек Осмоналиев эки өлкө арасындагы экономикалык кызматташтыкты цифралардын тили менен мындай сыпаттады:

- 2011-жылы соода жүгүртүү 6,5 млрд долларга, анын ичинде Кытай менен Кыргызстандын соода көлөмү 965 млн долларга барабар. Бул жалпы сооданын 14, 8 проценти. Орусия менен соода жалпы көрсөткүчтүн 26 процентине тете.

Кытайга экспорт аз - 42 млн доллар. Импорт болсо 923 млн доллар. Бул жагынан да Кытай Орусиядан кийинки экинчи орунда. Импорттун негизин текстиль жиптери, кездемелер, даяр буюмдар, кийим-кече (17%), бут кийимдер (4, 4%) түзөт. Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон 42 млн долларлык товардын 33, 7 проценти(14 млн доллар) металл рудалары менен металлолом. А 14, 6 проценти (6 млн доллар) мунай азыктары.

Темптин басаңдашы инвестицияга таасир этеби?

НSВС компаниясынын адистеринин боолгошунча, үстүбүздөгү жылдан аягына барып, Кытайдын экономикасынын кашаң кыймылы токтошу мүмкүн. Натыйжада, жылдык өсүш 8 проценттин деңгээлинде болорун айтат экономист-изилдөөчү Александр Морозов:

- Анын себеби – экономиканын басыгын ылдыйлатпай кармоо жана өсүшүн стимулдаштыруу, зарыл структуралык өзгөрүүлөрдү жана керектөөнү финансылык программалар аркылуу жүргүзүү үчүн Кытай өкмөтүндө бюджеттик резерви жетиштүү. Европа өлкөлөрүндө мындай мүмкүнчүлүгү жок. 2008-жылкы кризис тушунда Кытайдын Борбордук банкынын саясаты чынында эле ийгиликтүү болду. Азыр да ийгиликке ишенич бар. Бирок Кытай өкмөтүнүн экономиканы стимулдаштыруу боюнча жасаган иш-чараларынан 2008-жылкыдай натыйжаны күтүп болбойт. Деген менен экономиканын өсүү темпин бир аз да болсо тездетүү толук мүмкүн. Бул канчалык деңгээлде АКШнын жана еврозонанын экономикасына жардам берери татаал суроо. Эгер Кытай экономикасынын өсүш темпин турукташтыра алчу болсо, бул Азиянын экономикасына көмөк берет. Анткени Кытай соода аркылуу Түштүк Чыгыш Азия регионуна жана бүтүндөй Азиянын экономикасына таасир этет.

Кыргызстандын экономика жана антимонополиялык саясат боюнча министри Темир Сариев да Кытайдын азыркы экономикалык абалы өлкөнүн тышкы инвестициялык саясатына таасир этпегенин айтты:

- Кытай ички региондорун өнүктүрүүдө. Кашкарда да чоң экономикалык зонаны ачканга ири көлөмдө акча салып жатышат. Ошонун негизинде инфраструктуралык чоң долбоорлор иштелип чыгат. Анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, Бишкек-Торугарт жана Ош-Иркештам машине жолдору бар. Жакында эле президент Атамбаев Кытайга барганда Кемин-Торугарт жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартуу жөнүндө келишимге кол койду. Кытайдын ички саясаты өзгөргөнгө байланыштуу аларда инвестициялык кызыкчылыктар пайда болууда жана айтылган долбоорлор мамлекеттик программага кирип, аларга өкмөт узак мөөнөттүк кредит берет. Кыргызстан менен соода-сатык да күчөйт. Анткени Орусия жана Казакстан менен өз ара сооданы көбөйтүү үчүн жаңы жолдор ачылууда. Мунун баары бизге өз таасирин тийгизүүдө.

Ырасында эле, Кытай акыркы жылдары экс-советтик Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде өзгөчө Казакстан менен Түркмөнстандын отун-энергетика секторуна жана Орусияга активдүү инвестиция салууда. Бул береги мамлекеттердин Бээжин алдындагы борчун көбөйтүп, экономикалык көз карандылыгын күчөтөт деген да пикирлер арбын. Мындай көз карашка тажикстандык серепчи Худойберди Холикназаров кошулбайт.

- Кытай сыяктуу зор инвесторду башка бирөөгө алмаштыруу мүмкүн да эмес. Анткени Кытайда бар акча башка өлкөлөрдө жок. АКШ жана Европа мамлекеттери негизинен Борбор Азиянын мунай жана газ өндүрүү сыяктуу кирешелүү тармактарына капитал салышат. Алар биздин өлкөлөргө зарыл инфраструктураны өнүктүргөнгө каражат анча беришпейт. Ошон үчүн Кытай сыяктуу дүйнөдө таасири бар чоң коңшу менен кызматташуубуз, Кудайдын ыкласына ылайык иш. Биздин өлкөлөр үчүн кызматташуу өсүп-өнүгүүбүз үчүн маанилүү. Батыштын, атүгүл Орусиянын экономикага салынган инвестицияны кайтаруу керек болот, насыя көбөйүп отуруп, моюнга камыт болот деген тейдеги кеп-сөздөрүн дүйнөлүк державалардын Борбор Азия үчүн болгон атаандаштыгы деп түшүнөм.

Бээжин экономикага 157 млрд доллар “кан куят”

Бүгүнкү глобалдашкан жана ачык атаандаштык өкүм сүргөн дүйнөдө Кытай экономикасы аны менен соода-сатыгы жакшы өнүкпөгөн чоң өлкөлөргө түздөн-түз болбосо да кыйыр таасир этери кадыресе көрүнүш. Бул кубулушту Украинанын мисалында көрүүгө болот. Киевдик экономист илимпоз Юрчишиндин айтымында:

- Тилекке каршы, Украина-Кытай ортосунда сооданын көлөмү абдан начар. Ошондуктан Кытай экономикасынын өсүү темпинин ылдыйлашынын Украинага түздөн-түз коркунучу жок. Бирок Европа рыногу аркылуу кыйыр таасири бар. Анткени кризистин баткагында турган Европанын рыногуна арзан Кытай товарлары тез жайылып, украиналык товарлар экономика ырааттуу өнүгүп жаткан жылдардагыдай өтүмдүү болбой калышы этимал. Ошон үчүн Кытай экономикасынын төмөндөөсү Украинага ачык таасир этпегени менен, эки-беш жыл аралыгында ага байланыштуу коркунуч олуттуу болушу ыктымал.

Быйыл Кытай экономикасынын өсүш темпи акыркы эки жылдагыдан төмөн болуп, айтылгандай 7, 5 процентти түзгөнү менен акырындап кайра 8 проценттик деңгээлге чыгат деп боолгойт НSВСнин Орусия жана КМШ өлкөлөрү боюнча башкы экономисти Александр Морозов:

- Кытай экономикасынын басыгынын басаңдашы убактылуу мүнөзгө ээ жана жүрүгү калыбына түшкөн соң ички дүң жыйымынын жылдык өсүү ырааты 8 проценттик траекторияны сактайт. А тездик менен өсүп бараткан экономика чийки заттарга талапты чоңойтот. Чийки заттарга жана отун энергиясынын түрлөрүнө жаңы да талапты пайда кылат. Бул өз кезегинде энергия жана чийки заттар менен камсыздоочу постсоветтик өлкөлөргө, ошондой эле Орусияга инвестиция салганга кызыктырат, түрткү берет. Алар да өз кезегинде экспортту көбөйтүшөт.

Бул сөздүн чын-төгүнү болочокто тастыкталат. Ошентсе да, Кытай жетекчилиги акыркы 13 жылдагы эң төмөнкү экономикалык өсүштү инфраструктураны инвестициялоо аркылуу тездетмек болууда. Бул максатта сентябрдын башында өкмөт 157 миллиард долларлык долбоорду бекитти. Анын алкагында, автомобиль жана темир жол линияларын, 2 миң чакырымдык метро жолдору курулат, аэропорттор кеңейтилет, кампа-терминалдар салынат. Оорукана жана башка социалдык мекемелер курулат. Бирок да экономиканы стимулдаштыруу 2008-2009-жылдардагыдай таасирлүү болобу, ал келерки жылы билинет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG