Линктер

logo-print
бейшемби, 01-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Абдыракман Азиз уулу Улуу Жибек жолунун боюндагы байыркы Кашкар шаарына жакын жердеги уйгурлардын арасында төрөлүп, эсейип эр-жеткен. Кыргыз тилин кийинче үйрөнгөн 35 жаштагы калемгер бүгүн эки тилде бирдей калем термеп, жакында эле уйгур адабыятындагы эң мартабалуу «Теңир-Тоо» адабий сыйлыгына татыктуу болду. Бүт Шинжаңга таанымал аймактык адабий журналдын «эрке баласы» атыккан жазуучуга Кыргыз Кызыл-Суу аптоном обласынын борбору Артыш шаарындагы бир салтанатта учурашып, кепке тарттым.


Уйгур болуп өскөн балалык

- Алгач өзүңүздүн өмүр өтөлгөңүздүн башаты жөнүндө айтып берсеңиз.

- 1976-жылы 1-июнда Кашкардын Жаңы-Шаар ооданынын Армудун деген жеринде туулупмун. Ал жерди уйгурлар кыргыз маалеси (кыргыз кыштагы) деп коюшат.

- Эл оозунда эле ошондой аталабы же өкүмөт тарабынан «Кыргыз кыштагы» деп белгиленгенби?

- Ооба, атайын «Кыргыз кыштагы» деген көрнөк илинген.

- Ал жерге кыргыздар кандай барып калган?

Тилди, салтты унутса да, кыргыз дегенде жанын берүүгө даяр жигиттер четтен табылат

- Ачык билбейим. Биз көп тарыктарды изилдеп, анан жашы улгайган аксакалдарды көп жолу зыяраттап көрдүк. Жашы жүз он, жүз жыйрмага чыккан аксакалдар боло турган. Менин бала кезимде алар такыр (ред.: жалаң) кыргызча сүйлөшчү. Алар биздин чоң аталарыбыз болчу, ошол жерде төрөлгөн дешчү. Көргөн матырыялдар, тарыхый чыгармаларга салыштырып караганда баликым XVI-XVII кылымдарда жуңгарлардын доорундагы согуш учурларында уруулар ортосундагы талаш-тартыштардан улам качып келген болушу мүмкүн. Биздин айылда бүгүн негизинен дыйканчылык, ага кошумча малчылык менен оокат кылышат.

- Кыргызчаны кичигиңизден билчү белеңиз?

- Жок, кичигимде тилим уйгурча чыгып, уйгурча окуп дегендей, 1989- жылга чейин кыргызча билчү эмес элем. Анан орто мектепке келгенде протокол толтура турган кездер болот эмесби. Ошол кездерде баягы кыргыз кыштактан барган балдарды кыргыз деп жазышты. Кичинекейибизден кыргызчаны билбесек да, өзүбүздүн кыргыз экенибизди билчүбүз. Башка элдер көргөндө да «булар кыпчактар, кыргыздар» деп коёт эле. Анан «Ээ, биз кыргыз экенбиз го» деп ойлоп койчубуз. Айрым 70, 80 жаштардакы аксакалдар кыргызча сүйлөсө «Булар башкача сүйлөшөт экен го» деп оозуна таңдана карачубуз.

Абдыракман Азиз уулу Армудун кыштагындагы чарбасында, аманат сүрөт

Абдыракман Азиз уулу Армудун кыштагындагы чарбасында, аманат сүрөт


Бирок тереңирээк ой, түшүнүк калыптанбаган кез болчу. Себеби көчөгө чыксак эле бүт уйгурлар , мектепке кирсек да окуу уйгурча болчу. Анан орто мектепке келгенде улутту атоого зарылчылык туулганда уйгур балдар бизден «силер кыргыз болсоңор бизден эмнеңер менен айрымаланасыңар, кандай өзгөчөлүгүңөр бар?» дегендей суроолорду сурашчу. Ошондо анан ойлоно баштадык. «Баягы аксакалдардын кыргызча сөздөрүн улантып кете албаган турбайбызбы» деген ойго келгем. «Бул биздин кемчилик болгон тура», дедим.



Кыргыз тили менен алгачкы кездешүү

- Андан соң кыргыз тилин кайдан учураттыңыз? Сырттан кыргыздар барчу беле?

- Жок, барганын билбейм. Кыргыз тилин алгач журналдан көрдүм.
«Шинжаң кыргыз адабыятынын» 1980-жылдардын башындагы сандарынан барып калыптыр. Ким алып барганын билбейм, ошондо биринчи көргөм.

- Ошондо кыргыз тили жат сезилген жок беле? Түшүнбөй кыйналган жоксузбу?

- Бөлөк сезилди, алибетте. Бирок жазуу уйгурлардыкы менен көп айрымаланбагандыктан, бат эле шыдыр окуп кеттим, балдарга окуп бердим.

- Ошол кездерде кандай сезимдерде болдуңуз эле? Таңгалыштуу да болсо керек?

- Журналды алгач көргөндө кызыктуу туюлду, таңгалдым, көп сөздөрү уйгурчага окшойт экен. Анан айрым сөздөрдү сүйлөмдүн баш аягын байланыштырып түшүнгөнгө аракет кылдым. Балдарга окуп бердим, "мына биздин тилибиз, мына биздин журналыбыз", - деп. Антсем айрымдары: «Бул не деген сөз, тиги не деген сөз» деп сурашат. Кээсине жооп бердим, кээсине жооп бере албадым. Ошондон улам чоң жоопкерчиликти сездим да, тилди үйрөнүүгө бел байладым.

- Анан кантип үйрөндүңүз?

Кошокчу жалгыз бир кемпирдин көзү өткөндөн кийин киши өлгөндө кошок кошулбай калды
- Биздин айылдан Үрүмчүгө барып иштеп калган бир байкебиз бар эле. Ошол киши менин кыргыз тилине болгон кызыгуумду уккандан кийин почтодон кыргызча матырыялдарды жөнөтүп берди. «Шинжаң кыргыз адабыяты» журналын, анан радионун бир матырыялы бар экен «Кабарчылар жумушу» деген, андан башкада бир канча жыйнактарды жөнөтүптүр, ошолорду көрдүм. Кийинчерээк капысынан эле кыргызчаны радиодон угуп калдым, мурда кыргызча радио чыгат деп элден деле уккан эмесмин. Ал кезде түштөн мурда жарым саат, түштөн кийин жарым саат (обого) таратылат экен.

- Канча жаштардагы кезиңиз эле?

- Жыйырмага таяп калган кезимде го. 1996-жылдары болсо керек... Ошентип кыргызча радио уктум. 1998-жылга келгенде Артыштагы кыргыз зыялылары (интелигенттери) менен байланыш түздүм.


Уйгурча жашаган кыргыз айыл

- Ушул күндө айлыңызды канча кыргыз жашайт?

- Миңге жетет.

Армудунда майрамдарда төө жарыш, кочкор сүзүш, короз согуш, ит талаш ойундары өтөт. Аманат сүрөт

Армудунда майрамдарда төө жарыш, кочкор сүзүш, короз согуш, ит талаш ойундары өтөт. Аманат сүрөт

-Анан ошонун баардыгы кыргызча билышпейби?

- Ооба, билбейт. Алтымыш-жетымыш жаштан төмөнкүлөр билбейт.

- Сизден башка кыргызча билген жаштар жокбу?


- Үйрөнүп жаткандар бар.

- Өзүңүз канча бир туугансыз?

- Эки карындашым бар.

- Алар кыргызча билишеби?

- Оо, карындашым менден озуп чыкты! Кыргызча матырыялдарды көп көрөт. Үрүмчүдө окуйт.

- Кыргыздардын урууларга бөлүнүүсүн сиз жакшы билет болсоңуз керек. Сиздерде да окшош эле да. Өзүңүз кайсы уруудансыз?

- Биздики майда уруулар экен. Мошке деп коёт экен. Энем жактыкы болсо сагызган деп коюшат. Бизде негизи ушу сагызган, найман уруулары жашайт.

- Уйгурлар менен кыз алып беришесиздерби?

- А бул эчак эле көнүмүш адатка айланган. Менин аялым да уйгур.

- Ал жердеги кыргыздардын башка жердеги кыргыздар менен алым-берими кандай?

- Менин үй-бүлөөм баштаган бир канчалары катышып турабыз. Той-торполордо, илимий чогулуштарда дегендей.

- Салыт-санаа кандай?

- Салыт-санаа асмилатся болуп, такыр эле уйгурлардыкына окшоп кетти. Той-торополордун баары уйгурча өтөт.

- Кыргыздын салты тап-такыр эле сакталбаганбы?

Абдыракман Азиз уулунун кызы үйдүн алдындагы жерди иштетүүгө кол кабыш кылат. Аманат сүрөт

Абдыракман Азиз уулунун кызы үйдүн алдындагы жерди иштетүүгө кол кабыш кылат. Аманат сүрөт

- Жок, сакталбаган. Мен кичигирээк кезде өлүмдө кошок кошчу бир кемпир боло турган. Кайсыл үйдө кыргыздын өлүмү болсо ошол кемпирди апарып, өлүк чыгарганда коштуруп, сый мамиле жасап, анан кайра үйүнө жеткирип коюшчу. Кийин ал кемпирдин көзү өткөн соң, ал салтты уланткан киши болбоду.

- Демек ал жерде кыргыз тилин билишпейт, кыргыздын салт-санаасы такыр унутулган, ошого карабастан өздөрүн кыргызмын деп эсептешет?

- Ооба, ошого карабастан кыргыз дегенде жанын берүүгө даяр жигиттер четтен табылат.


Өрүк комуз чаптым эле...

- Айрым чыгармаларыңызда уйгурдун улуттук музыка аспабы дуттар, же дуттарчылар жөнүндө эпизоддор кездешет. Сиз өзүңүз комуз чалганды, чапканды да үйрөнгөн турбайсызбы. Кантып үйрөндүңүз? Ага чейин дутарды да билчү белеңиз?

- Мен негизи уйгурча улуттук музыка асбаптарынын көбүн чертишти билем. Кичигимден музыкага, искыстувого болгон кызыгуум бар. Биздин айланабызда уйгур музиканттар көп болчу, жерлик (ред.: жергиликтүү) шайырлар. Уйгурларда «Элдама» деп коёт. Алар менен ар кандай той-торопо, чогулуштарда, нооруз сыяктуу майрамдарда бирге олтуруп калган кездерде алардын музика асбаптарын үйрөнгүм келчү. Анан он беш-он алты жаштарымдан баштап үйрөндүм.

1998-жылдар болсо керек, Артыштан кыргызча сын тасмаларын алып келип көрүп жүрүп, «Мен неге кыргызчаны үйрөнбөйүм? Тил менен кошо кыргыздын музыка асбаптарын да үйрөнүшүм керек!» деген бекимге келдим. 1999-жылы бир чети чертип үйрөнгөнчө Артыштан комуз сатып алдым. Аны бир жактан бузуп, кайра ошого окшош кылып жасаганга аракет кылдым. Менин жыгаччылык да өнөрүм бар эле.

- Анда кайсы жыгачты матырыял катары колдондуңуз?

Кыргызчаны билбеген менен, кыргыз экенин билчүбүз
- Мен алгач алып барган комузду тегинде кашкарлык уйгурлар теректен жасаган экен. Уста катары жыгачтардын мүнөзүн жакшы билем. Терек негизи комузга жарабайт болсо керек деп ойлодум. Адатта уйгурлардын музыка асбаптарына да теректин жыгачы колдонулбайт. Кийин бир матырыялдан комуз өрүктөн чабылат деп окуп калдым. Анан «өрүк комуз чаптым эле» деген ыр саптарын да уккам. Ошондон комуз сөзсүз өрүктөн чабылат экен деген ойго келдим. Алгач жасаган өрүк комузум чоң, оор эле. Кийиндеп такшалып, жакшы жасап кеттим.

- Азыр да комуз чабуу менен алектенесизби?

- Үч-төрт жылдан бери комуз жасаганга убакыт болбой калды. Дыйканчылык менен карбалас.


Кыргыз кыштагын тааныткан чыгармачылык сапар

- Адабий чыгармачылыкка кандай кирип калдыңыз эле?

- Төртүнчү кыластан баштап эле адабий чыгармаларга кызыкчумун. Тапшырмаларга аткарып барган макалаларымды да адабыят мугалимим жакшы баалап, «Сен келечекте жазуучу болуп калышың мүмкүн» деп шыктандырып турчу. 90-жылдардан баштап уйгурча «Балдар адабыяты» журналына чыгармаларымды жөнөтө баштагам.

- Сиз чыгармачылык сапарыңыздын ийгилиги катары алгач өз айлыңызды шинжаңдакы бүт элге таанымал кылдыңыз. Кашкардын бир булуңунда Армудун деген кыргыз айлы бар экени азыр көпкө белгилүү болду. Чыгармаларыңыз уйгурлардын эң мыкты журналында байма-бай жарык көрүп жатат. А тургай сизди Шинжаңдакы окурманы эң көп журнал «Шинжаң маданыяты» журналынын «эрке баласы» деп да аташат. Азыр айлыңыздакы кыргыздар эле эмес, коңшулаш башка улут өкүлдөрү да сиз менен сыймыктанары сөзсүз. Уйгур тилиндеги интернет баракчаларынан да сизге болгон уйгур окурмандардын чоң урматын көрүп, окуп, билип келебиз. Мына жакында эле өтө мартабалуу сыйлыктардын бири «Теңир-Тоо» адабыят сыйлыгына «Элеттик ата» аттуу повеситиңиз менен татыктуу болдуңуз.

Айтсаңыз, бул сыйлыкты кандай кабыл алдыңыз?

- Бул бир ойлобогон иш болду. Мындай сыйлык алам деп күткөн эмесмин, телефон чалышып, жакшы кабарды жеткизишкенде таң калдым.

- Уксак, сиз ал сыйлыктын таратылуу аземине катыша албай калган экенсиз.

Абдыракман Азиз уулунун энеси, Армудун кыштагы, аманат сүрөт

Абдыракман Азиз уулунун энеси, Армудун кыштагы, аманат сүрөт


-Энем эки жылдан бээри жүрөк оорусу менен ооруйт. Былтыр марттан бери бир жума үйдө болсо, бир жума ооруканада. Ысыкта да, суукта да оорусу козголот. Быйыл сыйлыктын кабары келгенде биз ошо энемдин оорусуна байланыштуу Кашкарда доктурканада элек. Анын үстүнө бизде дыйканчылык маалы болчу. «Жаз жарыш, күз күрөш» демекчи, күзгү күрөштүн карбаласчылыгында элек. Ушу кабатташкан кысталаңчылыктын айынан бара албай калдым.



Улуттун уңгусу рухта

- Улут болуп туруу үчүн эң негизгиси эмне керек? Улуттун уңгусун кармап турган нерсе не?

- Улуттун уңгусун кармап турган нерсе менимче улуттук рух болуш керек. Мени азыркы тааныткан нерсе да улуттук рух деп эсептейм. Ошол бир кичинекей жагдайда өзүмдүн улуттук рухумду таап албаганда, мынчалык байкалбаган, өзүмдү-өзүм мынчалык ойлоп жете албаган болоор элем. Эң уюткулуу нерсе бул-улуттук рух болсо керек.

- Чоң ыракмат! Сизге кулак түргөндөрдүн саны арбын. Сиздин энеңиз биздин да эне. А кишинин тезирээк оорусунан сакайып узун өмүр көрүшүнө тилектешбиз. Сиз сыяктуу улуттук руху жалындаган азаматтарыбыз көбөйө берсин! Ишиңизге ийгилик!


Бектур Илияс

Кытайлык блоггер
Октябрь, 2011-жыл, Артыш шаары

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

Армудун шаары (кытайча жазылышы: Аi’ermu Dongxiang) Кашкардан 60 чакырым түштүктө, атактуу уйгур канжары чыккан Енгисарга бараткан жолдо жайгашкан. Бул картада Армудундагы кыргыз айылы Kirgiz Ethnic Minority Mailisicun деп көрсөтүлгөн:


View Larger Map

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG