Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

ЦРУ Иран менен ядролук келишимди бузуу “чоң каталык” болорун эскертти


Жон Бреннан.
Жон Бреннан.

Мындай эскертүүнү АКШнын борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Жон Бреннан АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка карата 30-ноябрда жарыяланган маегинде жасап, Иран жана ири алты мамлекет жетишкен Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимди бузуу “катастрофага алып келет” деди:

- Ал катастрофа болот деп ойлоймун. Чынында ошондой болот. Биринчиден, бир администрация жетишкен келишимди экинчи администрациянын бузушу болуп көрбөгөн нерсе. Ал Ирандын өз ядролук программасын өлкө тереңине алып кетишине алып келет. Бул өз кезегинде региондо ядролук куралга ээ болуу аракетин күчөтөт. Ошондуктан жаңы администрация келишимди бузса, ал жеткен акылсыздык болуп калат.

Иран жана ири алты мамлекет жетишкен келишимди шайланган президент Дональд Трамп айыптап, аны бузууга барарын шайлоо өнөктүгү учурунда билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG