Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Алепподогу артиллериялык аткылоодон кеминде 29 адам набыт болду


Бул тууралуу 30-ноябрда Адам укуктары боюнча Сирия уюму билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча, куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерге жасалган өкмөттүк күчтөрдүн артиллериялык соккусунан 21 карапайым жаран көз жумган. Жуб аль-Куба районун аткылоодон да жабыркагандар бар. Сирия өкмөттүк маалымат каражаты козголоңчулардын артиллериясынан Алеппонун батышында сегиз жаран өлүп, жетөө жарадар болгонун кабарлады. Акыркы дем алыш күндөрү Сирия өкмөттүк күчтөрү козголоңчулар ээлеген территориянын 1/3 бошотту. Сирия укук коргоо уюму бул арада орун которууга аргасыз болгон адамдар саны 50 миңге жеткенин билдирсе, Кызыл чырым уюму 20 миң деп билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG