Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Кытай: Гүлзия айымдын мистикалык романы


Кытайда кытай, уйгур, казак, монгол тилдеринде китептери басылган акын-жазучулар (Гүлзия Вали кызы - алдыңкы катарда оңдон экинчи)

Кытайда кытай, уйгур, казак, монгол тилдеринде китептери басылган акын-жазучулар (Гүлзия Вали кызы - алдыңкы катарда оңдон экинчи)

Жакында Үрүмчүдө Гүлзия Вали кызынын кыргыз тилиндеги романынын бет ачары болду. 5-май күнү «Шинхуа» эл аралык китепканасындагы салтанатта кытай, уйгур, казак, моңгол тилдеринде басылган түрдүү жанрдагы ондогон китептер менен да таанышуу мүмкүн болду.

Кыргыздардын алгачкы мистикалык романы
Жаш калемгер Гүлзия Вали кызынын сыясы кургай элек «Бакалуу көл» романында адамдар менен жиндер ортосундагы сырдуу мамилелер баяндалат. Андагы баш каармандар – бакшылар. Алар баардык нерселерди баш ийдиргиси, башкалардын сүйүүсүн, каалоосун өздөрү каалагандай башкаргысы, а тургай жаратылыштын мыйзамдарына да кол салгысы келет. Адамдардын мындай жосунсуз жоруктарынан тамырына доо кеткен экологиялык бузулуулар жан-жаныбар, өсүмдүктөргө эле эмес, жиндерге да зор таасирин тийгизет.

Такыламакан чөлүнүн бир чөлкөмүндө жашаган жиндердин жоон тобуна кокус ооруу тарап, жаш муундагы жиндер кырыла баштайыт. Тукум курут болуу кообунан аман калууга жанталашкан жиндер дарылык үчүн бака издей баштайт. Бирок адамдар эбактан бакаларды дарылыкка деп, кырып жибергендиктен, бакалар «Бакалуу көлдү» таштап, алыстарга ооп кеткен болот. Жиндердин колуна топтон бөлүнүп калган алсыз, картаң бака илинет. Ал бака жиндерге бузулган эрежелер, аалам, жаратылыш мыйзамдары жөнүндө чоң философторчо кеп салып берет. Кийин бакшылар жиндер тарабынан набыт болот.

«Бакалуу көлдөн» үзүндү:

Кары бака түпсүз асманга шекшине карап койуп шыбырады:

-Мен күндө улуу тоолордун акырын бир кадам, бир кадамдан козголуп жатканын угам, андагы айбанаттар да өздөрүнүн кайда көчөөрүн кеңешүүдө, а адамдар тоонун жөткөлүп жатканын, ар бир айбанаттын чалгынга аттанып жатканын, Жер Эненин мөңкүгөнүн уга албайт, булар дүлөй жана сокурлар!

Романда жиндер менен бакшылардан башка да каармандардын айланасындагы кызыктуу сюжеттер бар. Аптор болсо: «Мен бул романым аркылуу ааламдагы сырдуулуктардын чындыгын тапкым, жаратылыштын мыйзамдарын бузуу мүмкүн эместигин айткым жана сүйүүсүн таза сактаган аялдардын улуулугун даңазалагым келди» дейт.

Арпа ичинде бир буудай
Сөз болуп жаткан китептердин дээрлик көпчүлүгү уйгур, кытай тилдеринде. Ал эми кыргыз тилинде жападан жалгыз бир гана роман жарык көрдү. Мунун себебин «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын редактору, акын Мамбетыйса Мамбеттурган уулу мындайча түшүндүрдү:

- Шинжаңдагы улуттар адабиятынын төл жана кытайча чыгармаларды өз ара которуу, басмадан чыгаруу долбоорунун» сунушу түшкөн соң биз калемгерлердин даяр китептеры бар-жогун иликтедик. Шартка ылайык, алардын электрондук варианттары да керек болчу. Убакыт тартыш болгондуктан, үч гана китепти үлгүрүп сунуштадык, анын ичинен алар Гүлзия Валинин романын тандап алышыптыр. Эми башка калемкечтерибиз да китептерин даярдап жатат, алдыда алардын баардыгынын китептерин басмадан чыгарып беребиз деген үмүттөбүз.

Манжалар бөлөк, билек бир
Тобу менен ачылуу аземи өтүп жаткан бул китептер Шинжаңдагы ар кайсы басмалардан, ар башка тилде жарык көргөнүнө карабастан, баардыгына окшош баш сөз жазылган. Баш сөздүн аптору, Шинжаң уйгур аптоном райондук парткомдун баш катчысы Жаң Чүншян мырза бул саамалык мындан ары да улантыла тургандыгын баш сөзүндө баса белгилеп өттү:

- Тунгуч жолу тобу менен басмадан чыгып жаткан бул чыгармалар калемгерлерибиздин шыгын чыйралтып, ар улут маданиятын өз ара таанытууну кулач жайдырып, жазуучуларды, котормочуларды колдоп, калың окурманды тейлөө жана маданият аркылуу элге пайда жеткирүү сыяктуу жактардан жол салуу, жетектөө, үлгү болуудай өзгөчө наркка ээ.

Жаң Чүншян мырзанын айтымында, дал ушул көп улуттар конуштанган Шинжаң чөлкөмүндө ар улуттун адабиятын өнүктүрүү максатына ар жылы 10 миллион юан (1 миллион доллар) бөлүнөт.

Аптор жайлуу аз аял
Гүлзия Вали кызы «Шинжаң эл радиосунун» кыргыз бөлүмүндөгү кесиптеши менен

Гүлзия Вали кызы «Шинжаң эл радиосунун» кыргыз бөлүмүндөгү кесиптеши менен

Акын, журналист, жазуучу Гүлзыя Вали кызы 1976-жылы 27-фервалда Кытайдын Шинжаң уйгур аптоном районунун Иле казак аптоном обуласындагы Муңгул-Күрө ооданынын Шаты кыргыз улуттук айлында жарык көргөн. 1995-жылы «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында жарык көргөн «Тагдырдын тартуусу» аттуу аңгемеси менен чыгармачылыктын босогосун аттаган. Андан бери ондон ашуун аңгеме, көптөгөн ыр жана радио драмалардын аптору болууга жетишти. Жогоруда тилге тээк болгон 1600 нуска менен жарык көргөн «Бакалуу көл» - романынын аптору. Өткөн жылы «Кызылсуу кыргыз басмасынан» анын «Мунарык таң» деген ат чыгармасы басылып чыккан.

Учурда «Шинжаң эл радиосунун» кыргыз бөлүмүндө алып баруучу болуп эмгектенген жаш талант «Шинжаң жазуучулар коомунун», «Шинжаң адабий котормочулар коомунун» мүчөсү. «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын «Салым кошуучу» сыйлыгынын ээси.

Бектур Илияс
Үрүмчү
2012-жыл, май


P.S. Автордун жазуу стили сакталды

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG