Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Жүсүп Мамай: Кыргыздын тузун актаган жокмун


Алыптын босогосунда, солдо автор, Ак-Чий, октябр, 2011-ж.
Алыптын босогосунда, солдо автор, Ак-Чий, октябр, 2011-ж.

Кытайда ушул аптанын соңунда 3-4-декабр күндөрү "Манас" эпосуна арналган илимий жыйын өтүп, ага заманыбыздын алп жомокчусу, 93 жаштагы Жүсүп Мамай да катышмакчы. Кечээ жакында аксакалдын үйүндө болгонумда, ал быйыл декабырда Манас атанын туулганына 1441 жыл толот деп эсептеп чыкканын айткан эле. Ак-Чийдеги эстен кеткис жолугушууда улуу манасчынын "элимдин тузун актаган жокмун» деп улутунганы ички дүйнөмө бүлүк салгандай болгон эле. Анда кеп өз кезеги менен болсун.




Жүсүп Мамай варыянтындагы «Манас» чет тилдерге которулат

Үрүмчү шаарында Шинжаң педогогика университетинде “Манастын”
Жүсүп Мамай варыянтын немис, ангилис, уйгур тилдерине которуу бойунча кеңеш өттү. Кеңеш германыялык фолкулорчу Карл Рейчел, канадалык котормочу Данни Вилиям, кыргызыстандык акын, Жүсүп Мамай таануучу Чолпон Субангожоева жана уйгур, кыргыз окумуштуулары менен аспыранттардын катышуусунда өттү. Китепти ким кандайча которуп, ким кандай ишти алып бараары боюнча конкиреттүү бекимге келишти.

“Чогулуш өтө жөнөкөй өтсө да, бул бир өтө чоң иштин баштамасы
Карыл Рейчел (оңдо) менен Данни Вилиям, Үрүмчү, октябр, 2011-жыл.
Карыл Рейчел (оңдо) менен Данни Вилиям, Үрүмчү, октябр, 2011-жыл.
болуп калды”- дейт филология илимдеринин професор Мамбеттурду Мамбетакун. Анын айтымында, аталган варыянтты башка тилдерге которуу жумуштары 1960-жылдарда эле башталган. Ал кезде кытай, уйгур, казак тилинде айрым үзүндүлөр жарык көргөн. Бүгүнкү күндө кытай тилинде дээрлик көп бөлүгү жарыяланды. Ал эми Жапонияда жапон тилинде бир кыйла толук нускасы өзүнчө китеп болуп чыгып, окуу куралы катары таратылган. Мындан сырт ангилис, фырансуз, немис, муңгул (ред.: монгол) тилдеринде айрым үзүндүлөрү жарык көргөн.

«Манастын сегиз урпагы» Кыргызыстанда да таанылат

Жүсүп Мамайдын айтуусундагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү Кыргызыстанда жаңы эле жарык көрүп, сыйасы кургай элегинде манасчынын колуна жеткирилди. Жакын арада калган бөлүмдөрү да жарык көрмөкчү.
Манас өзү олуя, «Манас» өзүнүн жолун өзү табат ... Жусуп Мамай



Бул боюнча кыргызыстандык акын, Жүсүп Мамай таануучу Чолпон Субангожоева билдирди. Жакында эле Жүсүп Мамай аксакалдын үйүндө бир жума туруп кайткан окумуштуу “Манастын” кытайлык кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго катталуусу жана анын айланасындакы ызы-чуур, Жүсүп атанын дарегине айтылган оор сөздөр жөнүндө да өз оюн бөлүштү:

- Кытайдан болуп киреби, Кыргызыстандан болуп кирдиби, ал ЮНЕСКОнун руханий байлыктар тизмесине кыргыздын дөөлөтү катары кирди да. Мен Жүсүп атаны эч убакта күнөөлөбөйт элем.
Чолпон Субангожоева кытайлык манас таануучу, илимдин доктору Адыл Жуматурду уулу менен. Үрүмчү- 2011.10.20
Чолпон Субангожоева кытайлык манас таануучу, илимдин доктору Адыл Жуматурду уулу менен. Үрүмчү- 2011.10.20
«Манасты» үч жолу айтып, үч жолу жоголуп, үчүнчүсү араң калыбына келиптир. Жүсүп атабыз “Мен уккан-билгенимди урпагыма сактап бердим. Ким эмне десе эми өзү билет да” деген маанайда экен. Бул жерде куру кыйкырышкандар эле бир-бирине жаман көрүнүштү. Жүсүп ата менен Манас атага эч сөз тийген жок.

Жүсүп атабыз “Манас өзү олуя, «Манас» өзүнүн жолун өзү табат” деп айтканын эскерген кыргызстандык илимпоз "Биз анын айланасындакы бир кыпындыбыз" деди.


Залкар адамдын өкүнүчүндөгү улуулук

Бир жолу залкар манасчы Жүсүп Мамай атанын “ Мен кыргыздын тузун актаган жокмун” деп кейигенин угуп, таң калганым эсимде.

- Кээде өзүмө-өзүм ыраазы болбой, өзүмдү-өзүм тилдеген күндөрүм болот. Атам мага кырк жашыңа чейин “Манас” айтпа деген. Бирок мен ага болбой эле эрте айтып коюп, көп кол жазмалардын “Маданият көңтөрүшү” кезинде* өрттөлүп кетишине себеп болду окшойт. Экинчи күйүнгөнүм, 1984-жылы эс алууга чыктым, ошондон кийин эч нерсе
Пенсияга чыккандан кийин эле “кыйраттым” деп жатып алыпмын... Жусуп Мамай

кылбай, “кыйраттым” деп жатып алыпмын. Эсимде көп нерсе бар эле. Азыр анын бирин эстесем, бирин эстей албайым. Эч болбогондо "Алтымыш алаш менен кырк урууну" (казак-кыргыз урууларынын санжырасы) жазып койсом жакшы болмок экен!- дейт аксакал.

Улуу адамдын өкүнүчүндө да улуулук бар!

Залкар манасчы Жүсүп Мамай 1918-жылы Кызыл-Суу кыргыз Автоном обуласынын Ак-Чий дубанына караштуу Кара-Булак айлынын Меркеч деген кыштагында төрөлгөн. “Манасты” бала күнүндө Балбай агасынын кол жазмаларынан жаттай баштаган. Кийин көптөгөн манасчылардай эле түшүндө аян болуп, манасчылыктын чыныгы чыйырына түшкөн. Ал бүгүнкү күнгө чейин Манастын сегиз урпагы жана “Толтой”, “Курманбек”, “Кыз сайкал”, “Жаңыл мырза”, ошондой эле казак элинин “Жети каганы” баш болгон жыйрмага жуук дастандарды кошкондо, төрт жүз миң саптан ашуун дастан-жомокторду жатка айтат. Көптөгөн мамилекеттик сыйлыктардын, Кыргызыстандын “Эл артистиси” наамынын , “Манас” орденинин ээси. Учурда Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз аптоном обласынын Ак-Чий дубанында турат.

Замандын залкар ырчы уулу

Ушул жерден Кытайлык жаш акын, туулгандан эле эки колу ийнинен жок төрөлгөн, катты буту менен кашкайта кооз жазган Жаныбек Мааданбек уулунун залкарга арнаган “Замандын залкар ырчы уулу” аттуу ыры менен сөзүмдү бүтүргүм келди.

Ай-жылдап айтып “ Манасты”
Алдыңа тартып Таласты,
Күргүштөп эпос дайрасы
Күлүктөй эчен таң ашты.
Баарыга бүгүн белгилүү
Бактылуу биздын манасчы.

Тарыхын айтып алаштын
Талаасын басып Таластын,
Кадырлуу Жүсүп аксакал
Кан-жаны болдуң «Манастын».
Сексен жылдык өмүрдө,
Сегиз миң жылды жараттың.

Айтылса “Манас” шаң алаар
Ак кула айга барабар.
Түндүктөй болгон калпагы
Түшүмө кирет бабалар.
Китебин тизсең Манастын
Гимилай менен барабар.

Тарыхтын болгон сырдашы
Таланттын болгон курдашы.
Таң калтырат деңиздей
Тарыхты тактап ырдашы.
Жүз Гомерге барабар
Жүсүптүн жалгыз бир башы.

Тартпаса деле Навайды**,
Тартпаса деле Абайды,
Тирүүдөй Бакай акылман,
Таң калтырды далайды.
Көргөнсүйм Ырчы уул*** акынды,
Көргөндө Жүсүп Мамайды.

Чолпону болот жылдыздын,
Чоң тобу болот кундуздун,
Санаттуу ушул манасчы,
Сакасы болот кыргыздын.
Атактуу талант Ж. Мамай,
Агасы болот Чыңгыздын!

Мынакей Манас, Алмамбет,
Миң жылы толгон кылымда ...
Баштабайм сөздүн катасын,
Багыштайм элдин батасын.
Багжайган Жүсүп пайгамбар,
Баарыбызга атасың.
Пенсионер Манастай,
Бел чечип төрдө жатасың!

Бул ыр мындан он үч жыл мурда, манасчынын 80 жылдыгына арналган эле.

Бектур Илияс

Октябр, 2011-жыл
Ак-Чий-Үрүмчү

P.S. Автордун жазуу стили сакталды.


* Мао Цзэдундун абсолюттук бийлиги орногон социалдык-саясий кыймыл (1966-1976-жж).
** Алишер Навои – чагатай поэзиясы менен таанылган, түрк адабиятынын негиздөөчүсү
*** Манастын чоросу, «Манасты» биринчи баштап айткан деп саналат

XS
SM
MD
LG