Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Кытайда миаузулардын эпосу жарык көрдү


Кытайдагы залкар манасчы Жүсүп Мамай.

Кытайдагы залкар манасчы Жүсүп Мамай.

Кытайда буга чейин кыргыздын "Манасы", тибеттердин "Гысары жана моңголдардун "Жаңгыры" Кытай мамилекетинин "Үч гаухары" деген үч эпоско мамылекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бөлүнүп келгени белгилүү.

Ал эми быйыл февралда Бейжин шаарынын «Эл курултайы» сарайында жаңы эпостун ачылуу аземи болуп өттү. "Я лу падышасы" аттуу бул баатырдык эпос Кытайдын түштүгүндөгү отурукташкан улуттан болгону үч жыл мурда биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлө баштаган.

Бул боюнча Шинжаң Уйгур аптоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун "Үч чоң эпосту изилдөө" борборунун жетекчиси Ысакбек Бейшенбек уулу билдирди:

- Жаңыдан жарык көргөн бул эпос изилдөөчүлөр арасында чоң кызыгуу жаратты. Ал 2009-жылдан баштап гана изилдөөчүлөрдүн назарына түшкөн жана ошол жылы алгач кагаз жүзүнө жазыла баштаган. Буга чейинки үч эпос көчмөн улуттарга гана таандык болсо, бул жолкусу олтуракташкан элге, тагырааак айтканда Кытайдын түштүгүндөгү дыйканчылык менен алектенген миаузу улутуна таандык.

Миаузу улутунун жалпы жан-саны 9 миллионго жакын, Кытайдакы улуттардын жан-сан салыштырмасында 5-орунда турат. Кытайдын түштүгүндөгү Гуйжу, Юнан, Хунан, Хуби, Хайнан, Гуаңши дубандарында отурукташкан, жашаган оордуна карай батыш миаузу, чыгыш миаузу деп бөлүнөт. Аталган эпосто батыш миузулардын көчүп-конуу тарыхы, жоортуулдары сүрөттөлөт.

Ысакбек Бейшенбек уулунун берген маалыматтарына караганда, алардын эпос айтуу жөрөлгөсү да башкача. Дастанды айтаардын алдында жылкы курмандыкка чалынат. Алар жылкыны кылыч менен желкесинен чаап өлтүрүшөт. Мына ушул малды курмандыкка чалуу менен кошо эпосту айтуу да башталат. Дастан айрым учурларда өлүм-житим болгондо кошок ордуна да айтылат.

21-февралдагы салтанатта эл ооз адабиятчыларына берилчү "Тоо гүлү" деп аталган мамилекеттик эң чоң сыйлыктын "Өмүр бою эмгек сиңирген" деген эң мартабалуу наамынын 8-жолку ээлери да аныкталды. Сыйлык бүт Кытай мамилекети боюнча үч гана кишге берилсе, анын бири залкар манасчы Жүсүп Мамай болду.

"Жүсүп Мамай атабыз буга чейин да "Тоо гүлү" сыйлыгын алган. «Бирок былтыр биз кайрадан аталган сыйлыктын "Өмүр бою салым кошкон" деген түрүнө сунуш кылганбыз. Быйыл биринчи жолу 50 миң юан (сегиз миң доллар) акчалай сыйлык кошулду. Жүсүп ата 50 миң юан алды, мен болсо Жүсүп атанын батасын алдым!», - деди манасчынын ордуна сыйлыкты тапшырып алган Ысакбек Бейшенбек уулу.

95 жаштагы манасчы атабыз ден-соолугуна байланыштуу Бейжинде өткөн бул чогулушка катыша алган жок.

Бектур Илияс,
Үрүмчү, 2012-жыл


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.
XS
SM
MD
LG