Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

Кыргыз улутунун тарыхы эң узун экенин жазма булактардан билип, окуп келебиз. Атап айтсак, кыргыз улуту тургай, «Кыргыз мамлекети» деген сөз, биздин санактан 300 жыл мурда эле, Кытайдын тарыхынын бабасы болгон Сыма Чандын «Тарыхый эстеликтер»(史记)аттуу дүйнөгө белгилүү тарыхында жазылып калган. Бирок, ушундай узак тарыхка ээ улуттун аты болгон «кыргыз» сөзүнө «кыянат» кылуу ушул күнгө чейин басылбай келет. Ал жөнүндө мындан 70-80 жыл мурда (1940-жылы) кыргыздын өз кезинде китепти эң көп окуган окумуштуусу Талып Молдо мындай кейигени бар: «Жаш теринин бучкагын чоймологондой, кийинки кездерде, кээ бирөөлөр "Кыргыз" деген сөздүн өзүн өйдө - ылдый чоймолой берчү болду ...» Ушул чоймолоо эмдигече токтобой, кадыресе күч алып, бүгүнкү «Жаан айнек» болгон интернетте, арийне кээ бир окуулуктарда, тарыхый китептерде «Кыргыз» сөзүнө кыянаттык кылуу менен, кыргыздын тарыхынын тамырына балта көтөргөн «Кара көлөкө» барган сайын бадырайып көрүнүп келет. Биздин бул макалада «Кыргыз» сөзүнө кыянаттык эки жактан болуп жатат: биринчиси - «Кыргыз» деген сөздү «Буруп» айтып, кыргызды тарыхтан удургутуу кыянатчылыгы; экинчиси - «Кыргыз» сөзүнүн маанисин бурмалап түшүндүрүү аркылуу кыргыздын түбүн «атасыздыкка» алып кетүү кыянатчылыгы болуп жатат дегенди көрсөтүү максат кылынды. Анда, айтар сөздү баштайлы.

«Кыргыз» деген сөздүн бурмаланышы

«Кыргыз» деген ушул сөздүн айтылышын жана маанисин изилдөөнүн тарыхы да узун болуп, биз көргөн маалыматта, биринчи жолу ушул сөздүн айтылышын, маанисин териштирген киши Кытайдын атактуу чөлкөм таануучусу, географи Жа Дан (780- 805) аттуу окумуштуу болгон экен. Ал кишинин биздин санактын 801 - жылы жазылып бүткөн «Чар тараптагы байыркы жана азыркы аймак, дубандардын баяндары» аттуу 40 ором китеби жана ага коштолгон картасы болгон. Ошондо, ал китепке кыргыздарды киргизгенде, «кыргыз» деген сөздүн жазылышын жана маанисин изилдеп көргөн. Мында «кыргыз» деген сөздүн маанисин уйгур котормочудан сураганда, ал «кызыл жүз» деген маанини берет, ошондой айтылат, дегенине карай тыбыштап жазган деген жоромол бар. Бирок географ Жа Дандын кыргызды ошол кездеги кытай тилинин фонетикалык айтылышы боюнча «ки-ке-си» («黠戛斯») деген үч иероглиф менен жазышы «кыргыз» сөзүнүн түпкү аталышына жакын болгон. Ошого, кытай жазмаларынын көбү ушул жазылышты колдонгон. Болуп да Таң падышалыгы кезинде ушундай жазылуу жалпылашкан. Ал эми чөлкөм таануучу Жа Дан эмне себептен ал изилдөөсүн баштады дегенде, Кыргыз улутунун аты андан мурдагы Кытай тарыхый булактарында түрдүүчө тыбышталып жазылып жүргөнүн байкаган. Ошого ал анын бир улут экенин билип турса да ар башка жазылышы менен айтылышын, улут атынын маанисин чечмелеп калыпташтырып жазууну максат эткен. Чын эле, кытай тарыхый булактарын карасак, биздин санактан мурдагы 3-кылымда биринчи жолу Сыма Чандын «Тарыхый эстеликтер» («史记») эмгегинде кыргызды Хан падышалыгы кезиндеги кытай тилинин тыбыштык айтылуусу боюнча «kek- kun» («隔昆,鬲昆») боюнча жазган. Мындай жазуунун түбүн изилдөөчүлөр байыркы моңгулча же хондордун айтымы боюнча кыргызды «Qirghun» айтылышы боюнча жазган өңдөнөт деген жорумду да айтышканы бар. Кытай тарыхый булактарында чын эле кыргыз улутунун атын ар кайсы доордо ар кандай иероглифтер менен тыбыштап туюнткан. Андай көп түрдүү жазылуусу тарыхчылар жагынан, же өз кезиндеги кытай тилинин тыбыштоо жүйөсүнөн улам болуусу мүмкүн экенин, бирок ушунун бардыгы кыргыз деген улут аты экенин бүгүнкү кытай тарыхчылары эмгектеринде эч кандай жазганбай эле айтып келе жатат. Ал тургай, биздин санактын 843-жылы кыргыз элчисин кабыл кылган жана ал элчилерден кыргыздардын этнографиясын сурап, китеп жаздырган Таң падышалыгынын вазири Ли Дыйү кыргыз элчисинен «кыргыз» сөзүнүн айтылышын түз эле сурап, ал китепке кыргыздын улут атын «ke-kuet-sie» (纥扢斯) деп жазган. Бул жазуу кыргыз улутунун өзүнүн оозунан айтылышын сурап 1- жолу тактап жазылышы болгон. Кийин, 843- жылы чын курандын бешинде кытай падышасы окумуштуулар менен акылдашып, «кыргыз» улут атын кытай жазмаларында калыпташтырып, окумуштуу Жа Дандын кытайча тыбыштап жазуусу боюнча «Get-ket-sie» («黠戛斯») боюнча атоону бекиткен. «Кыргыз» сөзүнүн кытайча жазылыштарынын көптүгү ошол кездин императорунун көөнүн бурган. Ал эми падыша атайын жазмача коолу түшүргөн жогорку жазылыш «кыргыз» сөзүнүн өз атоосуна, кыргыз тилине абдан жакын болгон. Ал эми азыркы тарыхчылар, атап айтканда, кыргыз тарыхын баяндоочулар кытай тарыхы булактарындагы жогорку жазылыштардын бардыгы «кыргыз» деген сөздүн кытай иероглиф менен тыбышталып жазылышы экенин моюнга албай, алса да удургутуп «гиянгүн, гегун, хиягас, хакас», ал тургай «жиянкүн» деген сыяктуу «кыянатчыл» айтылыштар менен айтып, кыргыз тарыхы боюнча кытайча жазма баяндардагы «кыргыз» сөзүн өз олутунда которуп айткысы келбей жүрөт. Анын себеби, Никита Яковлевич Бичурин (1777- 1853) кытайча Таң доорунда жалпылашкан «黠戛斯» жазылышын «Хагас» деп тыбыштап, 19 - кылымдын кытай тилинин окулушу менен чалгырт жазып салгандыгы башкы себеп болгон. Андан кийинки Бичуринден пайдаланган эмгектерде бүт эле «кыргыз» сөзү «хагас, хакас» болуп жазылып, байыртадан жаркын тарыхы бар, жазмаларда айкын жазылып калган кыргыз тарыхын бүдөмүктөштүрүүгө алып келген. Бышыктап айтканда, кыргыз тарыхы кытай жазмаларындагы түрдүүчө жазылган иероглифтердеги «кыргыз» сөзүн, кыргыз тилин өз ичине алган башка тилдерге «кыргыз» деген түпкү аталышы менен которуп жазганда анан кыргыз тарыхы төп баяндалган болот. Себеби, кыргыздын тарыхын, тегин, жайгашуу ордун так билүүгө кытай жазма булактары гана негиз болуп берет. Бул сөздү академик В. В. Бартолддун сөзү менен айтсак: «…бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларына караганда, кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз» - дейт. Чынында, академик Бартолд да кыргыздар жөнүндө жазган маалыматтарынын бардыгы Бичуриндин котормосун такоол кылып, кытай тарыхы булактары боюнча далилдеген.

Айтмакчы, «кыргыз» сөзүн кытай жазмаларында тактап айтуу аракети илгертеден азырга чейин болгонуна, ал тек бир гана улуттун аты экенин ырастоо аракети канча кылымдардан бери келе жатканына карабай, кыргыз тарыхын баяндаган тилдерде кытайдын байыркы иероглиф тыбыштап айтуусун азыркы тыбыштап айтууга ыктатып барып, ал же кытайча айтылуусу эмес, же кыргызча айтылуусу эмес, атап эле айтканда, эч нерседе жок болуп чыгуучу тилге, сөзгө айландырып, ачык- жарык тарыхка «кара көлөкө» түшүрүү максатына жеткели калганын айтуу кези келип турат. Төмөндө, пайдалануу үчүн, кытай окумуштууларынын изилдөө ийгилиги катары тыянакталган «кыргыз» сөзүнүн ар кайсы доорлордогу иероглифтик жазылуусу жана ошол доордогу, азыркы айтылышын салыштырып берүүнү тууура көрдүк.

Бул салыштыруу жадыбал кыргыз тарыхын изилдөөчү тарых илимдеринин доктору Ваң Жиенин эмгегинен пайдаланып түзүлдү.

Мында айтмакчы, узаккысы, 843- жылы Кытай императору «кыргыз» сөзүнүн түрдүүчө жазылышы бир эле улуттун аты экенин ырастап коолу түшүрсө, жакынкысы, кытай окумуштуулары ар доордогу кытай тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө салып, ошол ар түрдүү жазылыштардын бир эле улут атынын түрдүүчө айтылышы экенин далилдеген изилдөө ийгиликтери «кыргыз» сөзүнүн кытайча ар кайсы доордогу иероглифтик жазылыштарын бүт эле «кыргыз» деп которуу жана түп нускасы боюнча атоонун негизи эчак жаралганына негиз болуп берет. Ал эми, түп нускасы дегенибиз, «кыргыз» деген сөздү ушул улуттун өзү байыртадан кыргыз эле деп келгенин, «кыргыз» байыркы орхон- энесай ташка тамга басылган жазууларда кеңири айтылган. Ал Арап- Парыс жазмаларында да «кыргыз» сөзү анча - мынча тыбыштык удургуулаарга учураганын эсепке албаганда, «кыргыз» болуп эле жазылып жүргөнүн көрсөткөнүбүз эле. Ушул негиздерге сөөнүп, ар доордогу кытайча жазылган «кыргыз» иероглифтик жазууларын бүт эле «кыргыз» деп алсак болот. Аны «Гянгүн, Жянкүн, Хягас, Хакас» деп удургутуп атоонун кыргыз таанууга зыяны көп, ал байыркы кытай тилине жана кыргыз тарыхына кыянаттык болот.

Кыргыз кырк кыздан тараганбы?

«Кыргыз» сөзүнүн тарыхый жазмаларда айтылуусун буруп айтуу кыргыз тарыхын удургутууга алып кетсе, эми «кыргыз» сөзүнүн маанисин чечмелейбиз деген шылтоо менен «40 кыз» аңызын баш кылган аңыздарды улутка таңуулап, тарыхы бар, бирок «атасыз» улутка айландыруу «кара көлөкө» кыргыздын башында айланып жүргөнүнө да нечелеген кылымдар болду. Ушул эле «40 кыз» уламышына мындан 100 жыл мурда, кыргыздын биринчи тарыхчылары, окумуштуулары ачууланып, ал тургай ыйлаганга чейин барганы (Белек Солтоноев), кейигени, арданганы бизге белгилүү. Биз ошол ардануулардан ушул күнү да сабак алсак болот. Ал үчүн арданган тарыхчы, санжырачыларыбыздын сөзүнөн үзүндү окуйлу. Осмоналы Сыдык уулу: «кыргыз кырк кыздан»,- деп Шайых Мансурдун бир нече акылга макул болбогон жомоктору айтылып келген. Көрпө - тери алдап алуучулардын сөздөрү жанымдан өтүп, он беш жылдан бери аңтарып, текшерип, 200 миң кыргыздын ата - бабаларын таратып, Адам алейи саламга жеткиздим. Биз да асылзаттан экенибизди билсин үчүн, 15 жылдык мээнетимди бир саатча көрбөй, калем термете баштадым.» - деп, ардануу менен эл кыдырып, «Муктасар тарыхы кыргызыяны» жазыптыр. Андан соң, кыргызда китепти эң көп окуган Талып Молдо: «кыргыз деген кырк кыз деген сөздөн келип чыккан дешет. ... Өз тилинде жазылган белгилүү тарыхы жана тарыхты терең билген кишиси болбогон кыргыз эли «кожом айтты, кырк кыздан таралган экенбиз» дешип ишенип калат. «Кырк кыз көбүктөн бойкат болгон, дагы кырк кыздын сарайында бир кызыл ит жүрчү экен, кыргыздын теги ошол» дегенди ойлоп чыгарып, кыргызды «Акеша» аттуу саабага байлап айткандар да болгон. Бул сөздөр божомолдорго, шылдыңдоолорго байланышканы сезилип турат, ал сөздөрдө эч кандай деле чындык жок»- дейт. Кыргыздын тарыхын биринчи жолу өз тилинде жазган Белек Солтоноев: «1895 - жылдын аягына жакын бир күнү Фирунзе (азыркы Бишкек) калаасындагы бир дүкөнгө кирсем, жыйылуу турган көп китеп бар экен. Китептериңизди алып бериңиз, көрөйүн десем, дүкөнчү бир топ китептерди алдыма койду. Билүүмдө дүкөнчү өзбек болсо керек эле. Китептерди карасам, «аптийек», «сополдияр» сыяктуу китептер экен. Жакшы, сулуу тышталган үч - төрт китепти кайта алганда, ал эмне китептер? көрсөтсөңүз, дегенде, булар тарых китептер, сизге ылайыгы жок, деп кайтадан алып койгондо, тарых китептер дегенине кызыгып, тарых кабарын карыялардан уга келгенимден өтө каадаланып сурай баштадым. Бербеди. Сатыңыз десем, саган тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген бир иттен таралган, атаңар ит, энеңер кырк кыз, дейт. Бул сөзгө аң- таң калып, дүкөнчүнү бир аз карап туруп, жаш башым ызалыктан ыйлай жаздап, жанымдагы жолдошумдан уялганымдан араң басып кеттим. Кыргыз анык эле иттен таралганбы? деп көбүрөөк ойдо калдым. Ошондон баштап кыргыздын анык кайдан таралып чыкканын билмекке орусча, мусулманча китептерди издеп таап, ала баштадым...». Ошону менен «Кызыл кыргыз тарыхы» аттуу китеп жазылган. Андан да катуу арданган киши Балыкооз санжырачы болуптур. Ал киши өз санжырасында: «…Арап тарыхчылары, эшендери, кожолору атабызды кыргызбай кылып, аны кырк кыздан туудуруп, ал кырк кызды шаа (шах) мансур деген олуянын көбүгү менен бойкат кылып, ал (шаа мансурду) Мухамметтин саабасы «Укка шаадан» таратып, ошонун тукуму кылат. Ошону менен кыргыз таза эле арап тукуму болот. Бул мээси бар адам айран кала турган иш»,- дейт, катуу арданып, андан соң, өз санжырасында Шаа Мансур ким экенин, анын «анал да ак, мен да ак» деген уламышы кандай айтылганын так жазып, өз кезинде, эшендер софизимы таратканда, кайсы бир элди сөөгүнөн мусулмансыңар дегенге көндүрүү үчүн түрдүү аңыздарды, тотемдик жомокторду курашып чыкканын, ошонун күчтүү далили «40 кыз» аңызы экенин катуу айтып, тээ байыртадан бери тарыхы бар, маданияты бар кыргыз элин кечээги 10- кылымда жашап өткөн Шах Мансурдун тукуму кылганына Балыкооз санжырачы абдан кейиген, арданган.

Ал эми Шах Мансурдун ким экенин таанылуу тарыхчыбыз Анвар Байтур мындай айтат: «Ал софизимдин алгачкы өкүлү болуп, толук аты «Үсейин Ибни Мансур Аллаж» экен. Ал жаңы санактын 858- жылы Ирандын Тур шаарында туулган. Пахта атыш менен күн көчүрүп, кийин софулук жолуна кирип, софулукту үгүттөгөн. Анын негизги таалиматы «инал ак, минал ак» (ак Худа менде көрүлдү) деген алдамчылык болгон. Ал обектив чындыкты четке кагып, өзүнүн собектив оюн чындык деп караган. Анын мындай караштары ошол кездеги феодалдык окуяларды төгүндөө болуп, исламга жана ислам философиясына каршы болгондуктан, мусулмандар соту алдамчы күнөөсүнө айыпталып, жаңы санактын 922- жылы Арап Аббасыя халпасы жагынан кескиленип өлтүрүлгөн.»

Көрсө, бир кылым мурда эле кыргыз тарыхчылары катуу арданган бул кыргыздын тарыхын бурмалаган аңыз бүгүнкү күндө абдан күчүнө кирип, «кыргыз» деген сөздү издеген интернеттерде «кыргыз улутунун атынын мааниси, 40 кыз» болот деп жазылуу турат. Ошону менен, «кыргыз» сөзү «кырк кыз» менен тең ата болуп эркин жашай баштаган кез болду. Буга арданбас адамдарыбыз анын илимий негизи, же элдик негизи жок экенин ойлоп койбой келет. Илимий негизи жок экени, бул аңызда айтылгандай адам көбүктөн бойкат болбойт; Ал элдик негизи жок дегени, бул кыргыз улутунун эл ичинде жаралган тотемдик жомогу эмес, софучулдар ойлоп таап, аны молдолорго жаттатып, таңуулаган нерсе болчу. Анын түбү- жайын сурабай, кээ бир окумуштуулар 1960- жылдарда эл ичинен чогултулган элдик адабиятта кыргыздар өзү айтып берген дегенге шилтеме жасашып келүүдө. «Эл ичинен» дегенге баятан айтылгандай 10- кылымда тараганы чын, анын таратуучу автору да бар. Бирок, бул аңызды кыргыз аңызы дегенден көрө, Шах Мансур софизимчинин аңызы болуп, аны кыргыз молдолоруна үйрөтүп кеткен десек өз ордун табат. Кыргыз эли «40 кыз» аңызын өз улутунун атынын чечмеси кыла албайт. Ал − кыргыз тарыхына кыянаттык кылган сандырак.

«Кыргыз» сөзүнүн чечмесин кыргыз улутунун өзүнүн эң байыркы уламыштарына негиз, мындан нече кылым мурда эле жазмача маалыматтарда туура чечмелеген. Анда ошондон үзүндүлөр келтирели. «Телгикул Эхбар» аттуу беделдүү китепте: «…кыргыздар тегинде, огуз хан урпактарынан болгон, түрк урууларынын чоң уруусу, кадиресе Огуз хандын жакындары жана жан кишилеринин тукумунан экен. «гуз» сөзү «огуз» сөзүнүн кыскарышы болуп, «гуздар» хыжарыянын 5 - кылымынан мурда, ислам жерине барган. Ислам дининдегилер менен Гуздар арасында көптөгөн окуялар болуп өткөн экен. Огуздар мусулмандар жагынан «гуз, гузийе» деп аталып наам чыгарган. Түрк сөздүгүндө (тилинде) «курук – Талаа» маанисин бере турган «кыргузы», арийне «кыр (талаа) гуздары» жер мааниси менен айтканда, «гуз кыры» (гуз талаасы) деген маанилер менен аталат. Мындай болгондо, «кыргыз» деген аталма «курук – чөл», кыр - талаада жүрө турган Гуздарга энчилүү ат болуп калган. Мейли кандай болгону менен, «кыргуздардын» (кырдагы Гуздардын) ата мекени орустар жана башка европалыктарга чейин атактуу болуп келген Ала - Тоо кыркалары эсептелет. Бул тоону «Ала- Тоо» аташтын себеби, аталган тоо дайыма кар менен капталып, жаз саратан күндөрүндө, кээ бир бөлүгүнүн кары эрип ала- була көрүнгөндүктөн «Ала- Тоо» деп аталган. «Алтай» сөзү «Ала-Тоо» сөзүнүн өзгөртүлмөсү болгон…. Дагы бир беделдүү китеп Нежим Асым түзгөн «Түрк тарыхы» аттуу китеп болуп, анда ошол эле «кыр огуз» сөзүндөгү огузду мындай чечмелеген: «Огуз − Гуз сөзү байыркы түркү тилинде «чоң дайра» маанисин туюнткан «огуз» (Euguz) сөзүнөн өзгөргөн болушу мүмкүн. Андай болгондо, «кыргыз» деген сөз «кыр огуз → кыр гөз → кыр гуз» болуп өзгөрүү натыйжасынан айтылган болот. «Кыр огуздун» мааниси «кыр дайра» кадиресе «талаа дайрасы» болот. Мындан кыргыздар байыркы убакта жашаган жергеси − Энесай жана Анкара муран (Ангара) дайраларынын кең жайык түздүгүндө экенин туюнткан сын атооч аныктап айтылганы билинет. Андай болушу, байыркы кездерде, көптөгөн урук - уруулар өздөрү жашаган жерлердин аты менен аталган. Кээ бир жорумаларга караганда, «гуз» сөзү да «огуз» сөзүнөн өзгөргөнү айтылат».

«Кыргыз» сөзүнүн маанисин чечмелегенде, «кыр- огуз» (талаа огузу) деген маанини айтсак, ата - бабанын тарыхына кыянаттык кылбаган болобуз. Кадиресе Абулгазынын шежиресинде айтылган «Огуздун 24 небересинин бирөө кыргыздар» деген айтымга так түшөт. Ал эми «40 кыз» уламышы улуттун атын түшүндүрүп бермек турсун, урпактарды ардантып, ыйлаткан жорук болот. Тарых адамдардын байыркы маданиятын, баскан жолун айтып берип, ата - бабасынын иштери менен урпактары сыймыктанып жашоого алып барганда, анан өз кызматын өтөгөн болот. Кордонтуу, ардантуу сандырактарды тарыхтын элегинен түшүрүп салганда, анан тарыхка илимий мамиле жасап, улутка пайдалуу иштеген болобуз.

Макелек Өмүрбай уулу Кармиштегин, «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору​

(Автордун жазуу стили сакталды)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG