Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Кытай сейрек металл экспортун кыскартат


Кытайдагы сейрек металлдар казылган кен жайларынын бири.

Кытайдагы сейрек металлдар казылган кен жайларынын бири.

Кытай өкмөтү алдыдагы жылы сейрек металлдар экспортун отуз процентке кыскарта турганын эскертти. Буга биринчи болуп АКШ камтамачылыгын билдирди.

Сейрек металлдардын 97 процентин дүйнөлүк базарга Кытай чыгарат. Алардын он жети түрү, айрыкча гадолиний, тулий, церий өтө деле сейрек эмес, бирок аларды азырынча Кытайдан башка өлкөлөр кеңири өндүрбөйт.

Булардын баары жогорку технологияда, анын ичинде электроникада, компютер, мобилдүү телефон, телебайланыш, космос чөйрөсүндө, транспорт каражаттарынын зыяндуу чыгындыларын азайтууда керектелет.

Кытай сейрек металлдар экспортун быйыл күздө да бир топ кыскарткан эле. Натыйжада тышкы базарда алардын таңкыстыгы түзүлдү. Буга АКШ, Япония, Германия катуу нараазы болуп, маселени атүгүл "чоң сегиздин" саммитине коймок болушкан.

Кытайды Индия, Россия алмаштырганга дамасын билдиришкен. Бирок Индияда бир катар металлдар жок, Россия алардын запасы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турганы менен өндүрүшү кенен жолго коюла элек.

Өгөй-татай айтышкан талкуулардан соң Кытай өзүнүн сейрек маталлдарын тышкы саясий талаштарда аргумент кылып колдонбой турганын, тескерисинче, кызыкчылыгы бар бардык өлкөлөр менен кызматташканга даяр экенин ырастаган.

Шейшемби күнү Кытай өкмөтү алдыдагы жылдын биринчи жарымында сейрек металлдар экспортун отуз процентке кыскарта турганын эскертти. Мунун башкы себеби катары кен казган жайлардагы экологиялык нормалардын жогорулашы, аларды кайра иштетүү чыгымы кескин өскөнү жана башка жагдайлар аталды. Пайда болгон проблемаларды чечүү үчүн келерки майга барып мамлекеттик атайын мекеме түзүлөт, өлкөдөгү кен өндүргөн бардык 93 ишкана анын карамагына берилет. Тышкы экспорт ишин, керектөөчү компаниялар менен келишим түзүү маселесин да жаңы мекеме жүргүзөт.

Кытайдын жаңы жарыясын АКШ кайрадан камтама болуп кабыл алды.

Бир катар эксперттер Кытайдын мындай кадамында кадыресе жүйөө бар экенин белгилешкен. Лондондо ушул тармакка адистешкен сайттын редактору Марк Уоттс чет өлкөлөр бул металлдарга таңкыс болсо, анда алар өздөрүнүн жогорку технологиялуу өндүрүшүн Кытайга которгонго аргасыз болорун айткан эле. Мындан Кытайдын экономикасы утук алат, анткени металлдарды чийки түрүндө Японияга же Европага жөнөткөнгө караганда аларды жеринде иштетип, андан соң экспортко чыгаруу алда канча пайдалуу болот.

Германиянын канцлери Ангела Меркел сейрек металлдар жагынан Кытайдан табынсыз болуу үчүн Борбордук Азиядагы өлкөлөргө инвестиция жумшоо ишин чукул аралыкта активдештирүү зарылдыгын көрсөткөн.

Япония болсо өзүнүн индустриясына керектүү металлдарды Ветнамдан издей баштады. Австралияда бул тармактагы эң алдыңкы делинген долбоор алдыдагы жылдын үчүнчү токсондугунда башталышы керек.
XS
SM
MD
LG