Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Гонконг: "Кол чатырлар революциясы"

Азыр Гонконгдо болуп жаткандай ири нааразылык акциясы Кытайда 25 жыл мурдагы Тянанмэн аянтындагы кандуу кагылыштан бери боло элек эле. Дүйнөлүк финансылык борборлордун катарына кирген Гонконгдо он миңдеген жаштар көчөгө чыгып, бул жерде 2017-жылы өтө турган жергиликтүү бийликти шайлоого Бээжин кийлигишпесин деп талап кылууда. Пресса бул толкундоону "Кол чатырлар революциясы" деп атады.

XS
SM
MD
LG