Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Индия премьеринин ички сапары Кытайга жаккан жок


Кытай президенти Си Цзинпин менен Индия премьер-министри Нарендра Моди

Кытай президенти Си Цзинпин менен Индия премьер-министри Нарендра Моди

Кытай Индия премьер-министринин Бээжин талашып жүргөн аймакка барышына кескин нааразылык билдирди. Байкоочулар баамында, Индия өкмөт башчысынын жакында коңшу Шри-Ланкага жасай турган сапары да Бээжинди камтама кылчудай.

Индия премьер-министри Нарендра Модинин өлкө чыгышында алар Аруначал Прадеш (Arunachal Pradesh) деп атаган штатка жасаган сапарынан кийин индус элчиси Кытайдын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Расмий Бээжин кабарлагандай, алар бул визитти Кытайдын аймактык суверенитетине шек келтирүү катары кабыл алды жана мындан улам Индия элчисине “катуу нааразылык менен каршылык” айтылды.

“Кытай өкмөтү Аруначал Прадеш деп аталганды эч убакта тааныбайт”,- деп көргөзүлөт Кытайдын тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө.

Расмий Бээжин премьер Модинин ал аймакка сапары эки тараптуу алакалардын өнүгүшүнө салым кошпой турганын белгилеген.

Индия премьер-министри Аруначал Прадешке ал штат деп жарыяланганынын 28 жылдыгын утурлай өткөн жума күнү поезд каттамынын жана электр станциясынын ачылыш аземине барган эле.

Нарендра Моди сапар жүрүшүндө аймакты Кытай талашып жүргөнүн эч оозанган эмес, бирок чөлкөмдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө эми миллиарддаган доллар инвестиция жумшаларын убада кылган.

Индиянын Аруначал Прадеш штатын Кытай өз тарабынан Түштүк Тибет деп атайт жана өлкөнүн ажырагыс бөлүгү катары санайт.

Аймакта тибет буддизминин очогу катары саналган тарыхый Таванг шаарчасын 1962-жылкы бир айлык согушта кытай күчтөрү кыска убакытка оккупациялап турган.

Анда эки тарап 2000 миңдей жоокерин жоготкону менен талаш бир жаңсыл чечилбей, чек ара талаптагыдай демаркацияланбай калган эле.

Чек ара талашы кытай президенти Си Цзинпиндин былтыр күздө Индияга жасаган сапарында да көтөрүлгөн.

Анда кытай лидери Нью-Делидеги басма сөз жыйында сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолгон болчу:

Кытай президенти Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алган учур. Бээжин, 2-февраль, 2015-жыл.

Кытай президенти Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алган учур. Бээжин, 2-февраль, 2015-жыл.

- Кытай менен Индиянын чек ара талашы - өткөндөн калган иш. Көптөгөн жылдар бою эки тарап, достук консультацияларды өткөрүү аркылуу чек ара сүйлөшүүлөрдө туруктуу жана позитивдүү прогресске жетише алды. Кытай - Индия чек арасы тынчтыкта жана бейкуттукта болду. Анткен менен чек ара али ажыратылбагандыктан белгилүү бир инциденттер боло бериши мүмкүн. Бирок эки тарап түрдүү деңгээлдеги чек ара механизмдери аркылуу кырдаалды алака-катышка зыян тийбегидей башкаруу үчүн ыкчам жана тез аракеттенүүгө жөндөмдүү. Кытай чек ара маселелерин достук консультациялар аркылуу кыска мөөнөттө жөнгө салуу үчүн Индия менен иштешүүгө чечкиндүү. Биз ошондой эле чек ара талашын жөнгө салганга чейин чек ара райондорунда тынчтыкты жана бейкуттукту сактоо үчүн чын ниетибизден иштешүүгө даярбыз.

Кытай менен Индиянын экономикалык алака-катышы акыркы жылдары өрчүгөнү менен, байкоочулар баамында, ортодогу “саясий ишеним” маселеси али курч бойдон турат.

Муну эске алганда, Индия премьеринин жакында чет өлкөгө, атап айтканда, коңшу Шри-Ланкага жасай турган сапары Бээжинди нааразы кылбаса да, камтамага салышы мүмкүн.

Нарендра Модинин 13-15-март күндөрү Коломбого мерчемделген визити бери дегенде Түштүк Азиядагы таасир үчүн атаандаштыкта Кытай менен Индиянын кызыкчылыктары шайкеш келе бербесин ачыкка чыгаргандай.

Бул Индия премьеринин аталган өлкөгө акыркы 27 жылдагы алгачкы сапары. Визит анын үстүнө Шри-Ланканын азыркы бийлиги кытайчыл саясатты өзгөртө баштаганынын белгилери байкалган учурга туш келүүдө.

Өлкөнүн январда бийликке келген жаңы президенти Майтрипала Сирисена ага чейинки администрация Кытай менен абдан жакын мамиле курганына карабай, алгачкы чет элдик сапарын Индияга жасап кетти.

Бээжин Шри-Ланканын мурдагы бийлиги учурунда аэропорттордун, деңиз порттордун, электр станциялардын курулушун каржылоо менен өлкөнүн ири гана инвесторуна айланбастан, расмий Коломбону БУУнун Адам укуктары кеңешинде да коргоп келген эле.

Бирок Индия океан аймагын өзүнүн стратегиялык таянычы катары санагандыктан, ага Кытайдын Шри-Ланкада таасири артуусу, дегеле Инд-океанда активдешүүсү жаккан эмес.

Индия премьер-министринин сапарын утурлай Шри-Ланканын бийликтери Кытай менен порт курулушу караган 1,5 миллиард доллардык келишимди кайра карашарын жарыялады.

Президент Си Цзинпиндин Кытай менен Европаны деңизде бириктирүүчү «Жибек жолу» демилгесин колдоо максатында "Коломбо шаар порту" долбоору боюнча келишим былтыр түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG