Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Kaлмак чай үстүндөгү баян


Токтобек Жолдошев көлдүк ардагер мугалим. 73 жаштагы аксакал көп жылдар Караколдун чет жакасындагы Таш-Кыя айылында мектеп директору болуп иштеген. Орус тили мугалими өзүн кыргыз деп санаган менен, чоң энесинин калмак тилинде сүйлөй билет, ал тилде ыр да жазат.

Сөзүнөн өзүнүн сарт калмак ата-бабалары менен сыймыктанганы сезилип турат. Кыргызга сиңишип, жок болуп бараткан сарт калмактардын тамак-ашы, каада-салтынан, анын ичинде кызга жасаган сыйлуу мамилеси көчмөн кыргыздарга өтө жуукташ экендигин байкоого болот.

Балким 20-30 жылда барып, биздин арабызда да ушундай эл болгон деп, кыргыз илимпоздору сарт калмактарга кызыга башташы мүмкүн, бирок «жоголгон» элди сыйпалап, таппай калышыбыз да толук ыктымал.

Калмак чай менен калмак нан

Караколдун түштүк-батыш кыйырындагы Таш-Кыя айылы. Жайкы саратандагы орозонун маалы болчу. Дасторкон үстүндө Токтобек аксакал нан ооз тийгени болбосо, чай гана уурттап отурду.

"Азаттыктан" кабарчы келди деп, инисинин үйүнө чакырып келишкенде ал мага кол берип учурашып, «Сарт калмактарды издегендер мага мурда да келишкен» деди.

«Буга чейин сизге бир да кыргыз журналист келген жок болуш керек» дедим. Ал бир аз ойлоно калып, анан «чын эле, бир да кыргыз журналист келбептир» деди.

Үйдүн келини чай куюп, дароо чыныга нан туурап кирди. Анан чайга сүт куюп алдыма койду.

Байбичесинен эки жыл мурда ажырап, күйүттүү болуп жүргөнбү, же «чоң энемдин тилин да, салтын да небере-чөбөрө билбей калды» деп ичтен сызганданбы, айтор кыймылы өтө сыпаа аксакал мага муңдуу адамдай туюлду.

Калмак чай үстүндөгү узун сабак сөздүн айрым урунттуу жерлерин төмөндө окуңуз.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:





Жолдуу болуп, ардагер эс алуудагы мугалимдин эки тилде өзү жазган ырларын өз аткаруусунда угуу бактысына да туш болдум. Төмөндө Токтобек Жолдошевдин айткандарынан бир шиңгилдер:

Калмак нан жөнүндө:

- Мындай нанды биздин айылда гана жабат. Аны чайга чылап, май, шекер салып алып ичет. Мурда чайга туз салчу, азыр айрыкча жаштар шекер кошушат. Ак-Сууда бир мектепти текшерип барсак, чай ичкиле деп калды, барсак калмактардын токоч наны бар экен, “ой бул биздин нанды каяктан алып келгенсиңер” десем, “келинибиз калмак” деди, көрсө Абакир деген киши бар, ошонун кызы ошол жакка турмушка чыгыптыр. Калмак нан тандырга бышат, өзгөчөлүгү камырды кайыштай катуу ийлейт, камырдын сыры анын жуурулушунда. Келиним Айнагүл кыргыз, калмак нанын жакшы эле жасайт. Тойлорго кичинекей тоголок, өзүбүзгө чоң кылып, май кошуп, сүткө жууруп жасайбыз, түрлөрү көп. Үй ээси калмак нанды конокко өзү чайга туурап берет, ансыз “конокту сыйлабайт экен” деп сөз кылышат.

Сарт калмак уруусу жөнүндө:

- Качандыр бир жылдары Бактияр, Токтояр деген эки бир тууган Кеминден Караколго көчүп келип, өз-өзүнчө үйлүү-жайлуу болуп, байыр алып жашап калышыптыр. Менин апам ошол кеминдик кыргыздардын кызы.

Ал эми атабыз жактан сарт калмак деген мына биз болобуз. Кытайга алгач 1700-жылдары эки сарт барып, калмактардын арасында калып калат. Бири - Баакы, соода кылып байып, калмакча Байым Баакы деген атка конот. Биздин уруубуз Байым Баакы.

Андан кийин ар кайсы жактан кыргыздар чогулуп келе баштайт. Эң биринчи болуп эки солто келиптир. Экөө кичине тентектик кылып, Караколдон бери качып келген имиш. Өздөрү түбү Жайылдан болот. Кытайга барып, Баакы менен Кара баатырдын үстүнө кошулуп отуруп, бир айыл эл болот. 32-33 түтүн чогулат, бала-чакалуу, небере-чөбөрөлүү болгуча жашашкан. Арасында сарбагышы, солтосу, кыпчагы, жедигери бар, баары эле кыргыз.

Байым Баакы башка уруу жок, “бизге окшош эле кишилер экен” деп калмак кызды алыптыр. Антсе жанындагылары “тили буруу экен” деп жактырышпаптыр. Баакы “Силер жактырбасаңар койгула, биз жакын арада кете турганга шарт жок өңдүү, мен бул жерде бойдок үй-бүлөсү жок жашай албайм, кете албай калсам, тукумум куруп кетет” дейт. Үч, төрт балалуу болгондон кийин, “бул киши акылдуу киши экен” деп, топтолгондун баары эле калмактан үйлөнүптүр. Чоң энелердин баары калмак, аталардын баары кыргыз, экөө сарт деп айткан, кийин сарт эмес эле ошол кездеги кыргыз деп калды.

“Каапырга айланып, тукумубуз бузула турган болду, кетели” деп, сарт-калмактар 1800-жылдары Каракол жакка чалгын жиберип, Чыныбай хан болуп турганда Керим Момун деген киши келген экен. Керим Момун уездге ат менен барып, “бул жерден жер бөлүп бергенге каршы эмесмин” деген кагаз алып келет. Ошону менен сарт калмактарга Караколдо Бөрүбаштан берки тарабынан жер кесип берген экен. Азыр сарт калмактардын саны көп, бир миңдей түтүн бар. Айрымдары уйгурча сүйлөйт.

Таанымал сарт калмактар жөнүндө:

- Искаков Турдукожо деген айыл чарба министири болуп жүргөн, Айым Айтпаева деген жазуучу, окумуштуулар чыккан. Окумуштуулар көп чыкканынын себеби, бул жер шаар болуп, шаардагылар, тегерегиндегилери билим алып, билимдүү болуш керек экенин билишкен. Каракол орустардын гарнизону болгон, тилмеч татарлар да көп болгондуктан, сарт калмактар татарча ырдап калган. Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагима ушул караколдук Калыя ажы деген татар кишинин кызы болгон. Караколдо ал кезде кыргыздар аз болгон, көбүнчө орустар, татарлар, анан өзбектер болгон. Алар окуп, көбүнчө билимдүү адамдар болушкан. Ошол кезде жыйырмага жакын биздин улан-кыз Ленинграддан окуп келген.

Улуттук аң-сезимдин ойгонушу жөнүндө:

- Мен мектепте директор, завуч болуп иштеп турганда, элдердин суранычы боюнча калмакча үйрөнөлү деген максатта Элистадан (Калмыкия) калмак мугалимдерди алып келгем. Калмакчаны биздин аталарыбыз сүйлөчү. Азыр тил кескенге окшоп, эч ким калмакча билбейт. Жумасына бир жолу, бардык класстарга сабак беришчү. Челпекке, Бөрүбашка көп мугалим келди. Алардын берген бир сааты менен биз китеп жаза албасак, жашаган жерибиз Кыргызстан, тилибиз кыргызча болсо деп, кийин калмак тилин өөрчүтпөй койдук. Чоң энемдин тилин балдар үйрөнсө дедим, бирок окуткан менен эч жыйынтык болгон жок. Мугалимдер эки жыл иштеп кетип калышты. Калмыкияга барып беш, алты-жигит окуп келди, бирок келгени менен, балдарга калмак тилин окутпады, тарыхты, физиканы, кыргыз тилинде сабак биришти. Ошол бойдон калмак тили кала берди.

Лениндин калмак чай ичкендиги жөнүндө:

- Лениндин чоң энеси аябай акылдуу, сулуу придворный калмак болгон. Лениндин атасы “Үйлөнсөм бир гана ушул калмычкага үйлөнөм” дептир. Атасы “Өзүң дворянин болсоң, анан придворныйга үйлөнөсүңбү” десе, “Анда эч качан үйлөнбөйм” дептир. Ошентип придворныйга үйлөнүптүр. Лениндин үйүнө жан-жөкөрлөрү барса, чоң энеси сүттөп, туз салып, чай ичип отурганын көрүп, таң калышкан экен. Ленин “Бул чоң энемдин чайы!” деген экен.

Кыйма кесме, эткен чай жөнүндө:

- Этти майда туурап, пияз, туз, ченок, калемпир салып, аябай жанчып майдалап, кайнатып, анан колго кесилген кесмени салат. Эт куурулбайт, сууга бышат. Анан, эткен чай деп коёт, калмактын чайы, казанга суу куюп, кайнагандан кийин чай салып, аябай сапырып, кондициясына жеткирип, кам каймактан салып, дагы кайнатып, анан чыгарып алып, абдан аралаштырып, куюп берет. Азыр уйгурлар эткен чай кайнатып ичишет экен. Мен бир уйгурдун тоюна барганда, тамактан кийин эткен чай деп беришти, бирок биздикине окшобойт, же мурун тамак-аш тартыш болуп, бизге татуу көрүнчү беле, же бир нерсеси кем болуп атабы... Бир жолу үйгө кишилер келип, чай берип атсак, элүүлөрдөн ашып калган аял “силеридин чай калмактын чайына окшобой калыптыр, бузулуптур, биз келин кезде калмактын чайын ичкенде бал татыйт эле” деди. Мен “мына, чай куюп берип аткан үч келин тең кыргыз, анан кантип окшосун” десем, каткырып күлүп калды.

Кыргызча билбеген эжеси жөнүндө:

- Менин атамдын эжеси Зилхан калмактан төрөлүп келген, менин атам бул жерге келгенде төрөлүптүр. Атам 1994-жылы 94 жашка чыгып өлдү, эжеси 1883-жылы төрөлүптүр, жалаң калмактын арасында чоңойуп, калмакча сүйлөгөн. Караколго он бир, он эки жашында келген. Мен да калмакча эркин сүйлөчү элем. Орус тилинен сабак бердим, азыр эми калмак тилинен диктант жазсам, балким Расул Гамзатовго окшоп, экиге жазаармын. Расул Гамзатов “орус тилинде булбулдай сайрап, колунан эч нерсе келбеген адамга караганда, өз тилинде булбулдай сайрап, иш жараткан адам өйдө эмеспи” дегендей, кайсы тилди билсе, ошол тилде бир нерсе жараткан адам адам да.

Калмак ыр жөнүндө:

- Илгери мандалинде ойногом. Ырларын да ырдайт элем. Азыр манжаларым чыны кармаганга араң жарап калды, мандалин ойнош үчүн беш бармак, он бармак эпилдеп туруш керек. “Абаң баягыдай эмес, баягыдай болсо аягыдай эмес” деген сөз бар, азыр үн да болбой, тишим да калбай калды, атайын суранып атасың, ырдап берейин.

Илгери биздин айылга Кытайдан Кадыр деген калмак киши жылкы айдап келип, аны кытайлар билип калат. Тигил жактагы ата-энеси “сенин жылкы айдап кеткениңди билип калышты, келсең өлтүрүшөт келбей эле кой” дегенде, бул жакта калып, заводдо иштеген. Жумай деген келинге үйлөнүп, андан он балалуу болуп жашап калган. Жан багыш үчүн ар кандай жумуштарда, устачылык кылып иштейт. Мен үй салып, үстүн жабаарда, агам ошону алып келип, экөөбүз үйдүн үстүн чогуу жаап иштеди. Ошондо Кадыр мага кантип келгенин, Кытайдагы үй-бүлөсүнө кете албай калганын арман кылып айтып берген. Анын тилинде (калмакча) алты, жети куплет ыр жаздым, кийин которуп, ошол кишинин тарыхынан ыр жаздым:

Менин эки тору атым бар,
Тышкары болсом топурактан,
Эл журтту көрөөр оюм бар.
Бул тоодо кар жаады,
Ал жерде не болду.
Бир келип кетпей не болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG