Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Атырауда казак-кытай жумушчулары мушташты


Бердихан Какешов, кытай жумушчуларынан таяк жеген казак жумушчуларынын бири. Атырау, 14-август, 2012.
Бердихан Какешов, кытай жумушчуларынан таяк жеген казак жумушчуларынын бири. Атырау, 14-август, 2012.

Казакстандын Атырау шаарында мунай иштетүүчү завод куруп жаткан казак-кытай жумушчулары мушташты.

Мындан улам кытай жумушчулары менен бир жатаканада жашаган жумушчулар башка жерге көчүрүлүп жатат. Окуянын чоо жайы иликтенгиче жумушчулар иштеген “Евразия Строй Капитал 2007” компаниясы убактылууу ишин токтотту.

Окуя 14-августта Атырау шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун аймагында болду. «Евразия Строй Капитал 2007» компаниясынын жумушчулары иш убактысы бүткөн мезгилде аларды кытай жумушчулары жабыла ур-токмокко алганын айтып жатышат.

Биринчилерден болуп таяк жеген 38 жаштагы арматурачы Рамазан Төлеуов ал күнү адаттагыдай эле жумуш бүткөн учурда иштеген саат белгиленген табел кагазын алганы барган эле:

- Жумуштан соң кытайлар биздин объектиге кирүүгө уруксат берчү кагазыбызды алып коюшту. Негизи алар албашы керек эле. Анан биз иш саатыбыз белгиленген табелди алалы деп контейнердин жанына барсак, кагаз берчү терезени жаап салыптыр. Ичине кирсек 50 чакты кытай турган экен. Мени бирөө түртүп жибергенде, мен алдымдагы кытайдын үстүнө куладым. Ал болсо мени бетке каска менен коюп жиберди. Ал арада башка кытайлар да жабылып калды.

Казак жумушчулары ал жерде табелчи болуп иштеген Хо Жин Ху жана бригадир Чжэн Цу Шин арматура, күрөк көтөрүп даярданып алган кытайларды атайы уюштурган деп болжоп жатышат.

Мушташтын эмне себептен чыкканы дале түшүнүксүз деген казак жумушчусу Бердихан Кекешов токмок жеп жаткан жигитке арачы боло коём деп өзү кошо сабалганын айтат:

- Табелди күтүп сыртта тургам. Анан контейнерден бир топ кытай 214-номерлүү каска кийген жигитти сүйрөп чыгып, тепкилеп кирди. Чыдабай кетип, арага түшсөм, кайра өзүмө жабылышты. Башкаларга жардам бере албай өзүбүз араң качып кутулдук.

Жумушчулар өздөрү жашаган Геологдор шаарчасындагы жатаканага жеткенде да ал жердеги кытайлыктардан таяк жешкен.

«Евразия Строй Капитал 2007» компаниясында иштеген жумушчулардын көпчүлүгү – Чыгыш Казакстан облусунан. Бир нече жыл мурда Кытайдан тарыхый мекенине кайтып келишкен жумушчулар Кытайда жүрүп да мындай кордук көрбөгөнүн айтышты.

Жумушчулар Атырау мунай заводунун аймагында орнотулган видеокамераларга бардыгы тартылып калганын, ал аркылуу урушту ким баштап, ким себеп болгонун билүүгө болорун билдиришти.

Азыр мында иштеген жумушчулар мунай иштетүүчү заводду куруп жатышат. Кытайлык Sinopec Engineering компаниясынын өнөктөшү «Евразия Строй Капитал 2007» компаниясы заводду куруу укугун тендерден жеңип алган.
Ал жерде иштеген казактардын орточо айлык маянасы 60 миң теңге, ишемби жекшемби күндөрдү кошкондо колдоруна 100 миң теңге (болжол менен 700 доллардын тегереги) алышат. Жумушчулар айлыктан пенсияга деп кармалган 30-40 миң теңге алардын эсебине былтыртан бери түшпөй калганын билип, нааразылыгын билдирүүдө.

«Евразия Строй Капитал 2007» компаниясынын директорунун орун басары Алтай Томакаев 14-август күнү мушташ болгонун ырастап, бул окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатканын билдирди. Ошондой эле ал жумушчулардын пенсияга деген акчасы эсепке түшпөй жатат деген дооматын четке какты.

Кытайлык Sinopec Engineering компаниясы менен Казакстандын өкмөтү мунай заводунун курулушун бүткөрүп берүү боюнча келишимге кол койгон. Долбоордун баасы - 1 миллиард 679 миллион 892 миң 520 долларды түзөт.
Ушул тапта заводду куруу иштерине 610 адам тартылганы айтылууда. Казак жумушчулары курулушта иштеген кытай жарандарынын ичинде жүзгө чукулу документи жок келгенин айтып жатышат.

2012-жылдын май айында компанияда иштеген 200гө чукул жумушчу иштөө шартын жакшыртуу, кытай жумушчулары менен айлык акыдагы айырмачылыкты жоюу, жатакана, тамак-аш маселесин жөнгө салуу талабы менен чыгышкан эле. Алар казак жумушчулары 40 күн иштеп, 40 миң теңге алса, ушундай эле иштегени үчүн кытайлыктар 230 миң теңге аларын билдиришкен.

Жумушчулар компания башчысы Чин Еге бир нече ирет кайрылып, бирок жооп ала албаган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG