Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Кытайдагы Айтбай казалчы


Айтбай казалчы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

Айтбай казалчы

Кытайдын Көк-Терек айылынын тургуну 87 жаштагы Айтбай Жумабай уулу Казыбектын казалдарын жатка айтат. Той-торополордо, эл чогулган топтордо, көбүнчө улуу муундагы адамдар карыйага «Казыбекты» айттырып, жактырып тыңшашат.

Жазма матырыйалдарга тайансак: КАЗЫБЕК Мамбетемин уулу, Казыбек казалчы (1902-жыл, Нарын облусу, Ат-Башы району, Четкелтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – атактуу казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Ыр тизмектерин куюлткан, оозунан ыры нөшөрлөгөн, таланттуу казалчы болгон. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. 1931-жылы бошотулган. Ошол эле жылы басмачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен.

1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылган.

1936-жылга чейин түрмөдө болгон. Анын казалдарынын көркөмдүгү жана тарбиялык мааниси жогору болуп, табиятты тамшана сүрөттөгөн, терең ойлуу санаттарды жараткан, ошол учурдагы элдин турмушун таасын чагылдырган.

Айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казалдары 1990-жылдан кийин гана жарык көрө баштаган. Кол жазмалары сакталбай калган. Казалдарын Кытайдын Кызыл-Суусунда бүгүнкү күнгө чейин жатка билгендер арбын. Б. Исабеков Казыбектин чыгармаларын эл ичинен жыйнап, Кыргыз Улуттук Илим Академиясына өткөргөн (5 том көлөмүндө).

1992-жылы «Ала Тоо» журналынын редакциясынан «Калыгул, Казыбек» аттуу китеп чыккан. Ошондой эле А. Шермамбетов, Н. Айсаракун уулу эл оозунан чогулткан ырларын жыйнак кылып чыгарышкан. Жазуучу Б. Максүтов ал жөнүндө повесть жазган. Башка изилдөөчүлөр да анын чыгармаларын жыйноодо жана изилдешүүдө (Ө. Дөлөев, Ы. Кадыров жана башкалар). Ысымы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мектепке берилген.

«Мен бул казалдарды жаш кезимде Аамат деген абамдан үйрөнгөм. Ал кишы кол жазмалардан окуп үйрөнүптүр. Мен китеп окуй албайм, кат тааныбасам кайдан? Аз эле жаттап калгам, мындан да көбүрөөк жаттап калсам болмок экен» дейт Айтбай аксакал.

Аамат окуп үйрөнгөн ал кол жазмалар кайдан, кантип келгени жана кийин эмне болгону белгисиз.

Бектур Илияс,
Текес ооданы


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG