Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Артыштык санжырачы Төлөк Төрөкан: Тарыхыбыздын тамыры терең


Кытайлык кыргыздардын чыгаан санжырачысы Төлөк Төрөкан. 13.7.2014. Аңыз кыштагы, Артыш, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР.
Кытайлык кыргыздардын чыгаан санжырачысы Төлөк Төрөкан. 13.7.2014. Аңыз кыштагы, Артыш, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР.

Кытайлык кыргыздардын бараандуу санжырачыларынын бири Төлөк Төрөкан топтогон мол маалыматтын бир бөлүгү КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда айрыкча китеп болуп чыккан. Ал айткан санжыралык маалыматты этнографтар салыштырып иликтеп келишет. Анын санжырасына караганда, кыргыздар Теңир-Тоонун чыгышында көп кылымдардан бери байырлайт.

Айрым замандаштар кыргыздар Кытайга 1916-жылы гана Улуу Үркүн маалында көчүп барган деп жаңылыш ойлоп келишет. Чын-чынында, Улуу Үркүн маалында баргандардын басымдуу көпчүлүгү 1918-24-жж. кайта эле Ала-Тоого көчүп келишкен, ал эми байыркы ата-бабаларынан бери Кытайда жашаган кыргыздар өз киндик каны тамган аймактарда – Ак-Тоо (Чыгыш Памир), Улуу-Чат, Артыш, Кашкар, Ак-Чий (Какшаал), Ак-Суу, Текес, Хотан, Лопнор, Тарбагатай, ж.б. жерлерде азыр да байырлап, “Манас” жана башка дастандарын, залкар насаат камтыган өлөңдөрүн айтып, санжырадан саймедирлеп, өз мурасын сактап келишет.

2014-жылдын теке (июл) айынын 13үндө санжырачы Төлөк Төрөкан (1932-жылы туулган) менен болгон баарлашуудан үзүндү.

Тынчтыкбек Чоротегин: Алгач өзүңүз жөнүндө тааныштырып өтсөңүз. Кайсы уруудан болосуз, жети атаңызды айтып бере аласыз да.

Төлөк Төрөкан: Мага келгенчектеги 112 аблат өттү (“авлад” – арап тилинде “урпак” маанисин берет. – Т.Ч.). Менин ата-бабамдын Жуңгого (Кытайга) келгени 500 жыл чамалуу болду го, өзүмдүн оюм боюнча. Эң чоң атам - Сарипбек султанды - Чынтымерди өлтүргөн соң бул жакка качып келген экен.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кайсы уруудан эле?

Төлөк Төрөкан: Чоң уруусу - кушчу. Берилей алганда жагалай кушчу, нарылай алганда - каратал кушчу, андан ары мырзаке кушчу дейт. 60 урук жашачу экен, андан кийин келип Энесайда 500 жыл туруппуз. Андан кийин Таласка келип, Манас ата келгенден кийин Таласта туруппуз. Таласка өзүм барган жокмун. Китептен көрдүм.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кушчу болгондо кыргыздын эле уруусу деп билесиз да, же көөнө доордо башка эл болгон бекен?

Төлөк Төрөкан: Кыргызды 130 чоң урууга таратып айтсаң - 404 уруу; андан таратып айтсаң 2000ден ашуунга тарап кетет. Бул урууларды Чагатай таратып жиберген. Ошондо бул жерде Чагатай Абылгазы деген инисине 18 бийлик кыргызды санап өткөзүп берген, бийи менен кошо. Жуңгого 18 бийлик кыргыз бийи менен айдалып келген.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ошонун ичинен сиз болжол менен канчанчы муунусуз?

Төлөк Төрөкан: 11-аблатымын. Менин 38-атам бүтүндөй өз заманасын да жазып калтырып кеткен, өз заманымда болуп аткандарды мен жазып калтырып жатам. Бул – бир; экинчиси - силердин Кыргызстандан келген атам - 32-атам - Жакып.

Тынчтыкбек Чоротегин: Жакынкы ата-бабаларыңызды айтсаңыз?

Төлөк Төрөкан: Өз атам Төрөкан, Кашкарда окуган, анын атасы Үркүнбай, ал да Кашкарда окуган.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кайсы жылдары туулгандыгын айта аласызбы?

Төлөк Төрөкан: Атамдын туулган жылдарын биле албайм. Өзүм 1932-жылы туулупмун. Үркүнбайдын атасы - Бөкөн; бу киши дагы Букарада окуган, анын атасы Иман, Имандын атасы Акыт; булар дагы Букарада окушкан экен. Акыттын атасы Солтонгелди мырза, анын атасы Калмырза, Калмырзанын атасы Кулмырза; булар дагы Букарада окуган.Кулмырзанын атасы Сарипбек Султанбек Хан Шырдактын алтынчы баласы; Букарада окуган. 25 жыл хандык доорун сүрүп, калмактын колунан өлгөн. Баласы жетим калган. “Баласын өлтүрөбүз” дегенде Каракол молдо деген алып качкан экен. Кара-Тоого келген.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кашкардын медресесинин “күчү жок” болгон бекен? Баары Букарадан окушчу беле ал кезде?

Төлөк Төрөкан: Кашкардын медресесинин анчалык күчү жок болгон ал кезде. Кийинчерээк гана эки атам ошол Кашкар медресесинен окушуптур. Анан мен окудум.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ак-Тоолук жана кара-тоолук шайыктар, сопулар экиге бөлүнүп жаткан учурда сиздин ата-бабаңыз кайсы тарабын туткан экен?

Төлөк Төрөкан: Ал тушта биздин Балбай казы деген чоң атабыз Кашкарда эң чоң казы болгон экен. Эч кимисине кошулбай эле турган экен.

Тынчтыкбек Чоротегин: Болжол менен канча жыл мурун?

Төлөк Төрөкан: 200 жылдын нар жагындагы кеп экен. Балбай казы өтүптүр, Бөкөн өттү, Үркүнбай өттү, атам өтүптүр. Мына мен 82ге чыктым. Менин жашымды кошкондо 50 жыл; ошондо 200 жыл.

Тынчтыкбек Чоротегин: Анда сиздер Кашкар жакта жашаган экенсиздер да?

Төлөк Төрөкан: Кашкар жактан качып келгенден кийинки доорубуз.

Тынчтыкбек Чоротегин: Бул жакка, Аңыз айылына бабаларыңыз качан келишкен?

Төлөк Төрөкан: Аңыз айылына менин келгениме 5 жыл болду. Өзүм Күркүрөөдө туулган экенмин. Азыр арык менен агып келип жаткан суу - ошол мен туулуп өскөн Күркүрөнүн суусу; ушул жакка чейин арык менен агып келет.

Тынчтыкбек Чоротегин: Бул жерден канча чакырым алыстыкта?

Төлөк Төрөкан: Бул жерден мен туулган жерге чейин 40 чакырымга жетет.

Тынчтыкбек Чоротегин: Бул кыштак кийинчерээк ирилештирилгенби?

Төлөк Төрөкан: Башында жер жок, менин атамдын атасы Үркүнбай 300 кушчу уруусу менен келип, суу жок, аш жок, кыйынчылык болгондо бир өзөндөн бир өзөнгө суу алдырган экен. Ошол арык азыр “Үркүнбай арыгы” деп аталат. Ошол сууну 6 арык кылып алып келип: “Ушул жерди айдап жан сактагыла. Амал жок, биз өз жерибизден азып келдик”, - деген экен. Азыр деле ошол алты арык эски аталыштары менен бар: Берки арык, Орто арык, Токойлуу арык, Шырдак арык деген сыяктуу.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кожентте турган кушчулардан күчтүү Кубат Бий деген бий чыккан. Ал туралуу кабарыңыз барбы?

Төлөк Төрөкан: Хан Кубаттын кебин салып жатасыз. Кубат бий менин 35-атам болот экен.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кубат бий Кашкарды эмес, Фергананы бийлеген да.

Төлөк Төрөкан: Ал – тиякта. Хан Кубаттын 9-атасы бекен, же 12-атасы бекен. Басмага деп терип жазып койдум эле.

(Төлөк аксакал колундагы дептерди ары-бери ачып, издеген маалыматты таппай калды).

Тынчтыкбек Чоротегин: (1965-75-жж.) “Маданий ыңкылап” учурунда сиздин кол жазмаларыңыз жоголуп кеткен жокпу, ал учурда кол жазма санжыраңыз бар беле?

Төлөк Төрөкан: Бар эле. Аз-аздан эле жазбасам, көп жазбайм.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ушуларды башка бир маалыматка таянып жазасыз да?

Төлөк Төрөкандын кыргызча санжыра дептеринен. 13.7.2014.
Төлөк Төрөкандын кыргызча санжыра дептеринен. 13.7.2014.

Төлөк Төрөкан: Эски жазуусунан ислам катына көчүрүлгөн экен. Араб тилинде басылып калган экен. Араб тилинен өзүм мынабу катка түшүрүп койдум.

Тынчтыкбек Чоротегин: Жоокер, согушчан кушчу элинен муундан-муунга өткөн молдолор дагы чыккан экен да?

Төлөк Төрөкан: Ушул жерге келгенде дагы тынч турбай, бир атабыз - Акылдан туулган Асан келип, Кашкарды басып алат. Андан кийин Бөкөндүн атасына келгенде, Балбай казылык кылып турган.

Балбайдын энесинин иниси Сыдыкбек кыпчак-тейит жагынан. Кашкарды ал басып алат. Тейитти келип Бедөөлөт жоготуп кетет.

Тынчтыкбек Чоротегин: Жакыпбек Бадөөлөт. Ал Кокондон Кашкарга атайын жардамга чакырылып келип, анан Кашкардагы бийликти басып алат эмеспи.

Төлөк Төрөкан: Түбү Өзбекстанга барат экен.

Тынчтыкбек Чоротегин: Коконго. Кокон хандыгында деле башкаларга кошулуп кыргыздар жашашкан.

Төлөк Төрөкан: Кокондун катчысы болгон Молдо Алымкул деген менин 12-атама барып тууган экенбиз.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ал кыргыздын кыпчак уруусунан болгон да.

Төлөк Төрөкан: Эне тарабыбыздан тууган. Молдо Алымкул бир кишини жиберейин деп кабар берет. Анан тагам (таякем) эмеспи деп киши жиберет. Молдо Алымкул жиберилген кишиден күмөн санап, аркасынан кайра жөнөтөт экен. “Барган соң мунун кебине көп кирип кетпей, өзүң билип узатып койорсуң” деп. Анан кепке түшүнбөй калбай, сөбөттөшөбүз (“сухбат” – арапчадан; маектешүү, баарлашуу. – Т.Ч.) деп алып кирип кетип, чыгарбай коюптур. Чыгарбай койгондо чоң атабыз Бекбоо, анын 8000 аскери бар экен, - жумалак шаар деп койот (жаңы шаар), басып жатып алып, Бедөөлөттү мен жоготком деп айткан экен.

Тынчтыкбек Чоротегин: Аны – Жакыпбекти - өзбек дешет бекен?

Төлөк Төрөкан: Энеси кыргыз, атасы өзбек экен, мунун тарыхы анык.

Тынчтыкбек Чоротегин: Андан саал мурдараак Жахангир кожо деген болгон экен.

Төлөк Төрөкан: Сыдыкбекти тартып алыштын астында Жахангир кожо деген жашаган.

Тынчтыкбек Чоротегин: 1820-жылдары болгон да...

Төлөк Төрөкан: Араб дөөлөтүнө кирген. Андан Аппак кожо дегенге өткөн.

Мамбеттурду Мамбетакун: Аппак кожону уйгурлар биздин атабыз дешет го?

Төлөк Төрөкан: Алар кимисин көрсө деле “атабыз”, “меники” дей беришет. Менден келип “Кашкарга барып китепти которуп бериңиз” деп келишкен. “Азыр алым калган жок, которгонго” деп көнгөн эмесмин. Алардын бир жардамы ушул - 5-классты бүткөн баламды окутуп беришти. Жазуучулар дагы келишип, “сизди чыгаралы” дешти, “мен эми кыргыз болуп өлөйүн, ыракмат силердин келгениңерге” дедим.

Тынчтыкбек Чоротегин: Сизди макташат, кол жазмаларды мыкты сактаган деп.

Төлөк Төрөкан: Бу дүнүйөдө мына ушу Ак-Чийде Мырзабек деген келип, “Кыргызия - Зар заман” деген китепти жазып бүтүпсүз, ушу китепти чыгаралы деп, Ак-Чийге алып барып Мырзакмат деген агасынын үйүндө 4 ай тургузду. Алаш эли деп койот, 60 топ кыргыз уруусун издеп, 4 уруусун айрып бөлө алдым, 2 уруусу калып калды. Азыр өзүм карып, алым калбады, көзүм дагы азиздик болуп калды, башым ооруйт. Араб, фарсы тилинде терчү элем, азыр көзүм жетпей калды.

Расмий каржы болсо, анан жакшыраак жетишкен жаш Мамбеттурду Мамбетакунга окшогон жигиттер болсо, ар кимиси ар урууга түшүп, изилдешсе жакшы болмок. Негизинен жоон сөөгүн түшүрүп койдум.

Чыныбай деген жигит менен экөөбүз изилдеп жазып жатканбыз, азыр ал кеселдеп калды, катыны улантып жазып жатат дейт, анан билбейм. “Кыргызия - Зар заман” деген китепти Токтосун деген алып, анын 800 бетинин ичинен 500 бетин иргеп алып, басып чыгардык, деди.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ал ошол басылып чыкпаган бөлүгүн Кыргызстандан чыгарса болобу?

Төлөк Төрөкан: Калган бөлүгү толугу менен Токтосунда.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кашкардын тегерегиндеги ыйык жайлар ар кандай көрүстөндөрдү мүрзөлөрдү жакшы эле билесиз да азыр кээ бир адабияттарда Опол кыштагындагы бир көрүстөндү Махмуд Кашкариники деп жүрөт. Башка бирлери андагы көрүстөн Кашкарда кийинки эле мезгилде жашап өткөн имамдын, башка кожонун көрүстөнү, 11-кылымдагы аалымга анын эч тийешеси жок деп айтышты, сиз бул мүрзөнү көрдүңүз беле?

Төлөк Төрөкан: Ополдун жанындагы көрүстөндү көргөнүм жок. Менден сурашкан, сиз кандай деп карайсыз деп. Мен айткам мен ушул 200 уйгурдун арасында жашаган жалгыз бир кыргызмын.

Ошол көрүстөндү андан мурда ачышкан кабарын укканым бар. Көрүстөндүн ичинде бир ак байрак бар, ал байрактын бетинде бир эле кочкордун расими (“расм” – арапча “сүрөт” дегенди туюнтат. – Т.Ч. ) бар. Көк кашка ат менен эки тайгандын расими бар жана аягында Жумгал, Кочкор деген кат бар. Көрүстөндүн ичинде аяк кап, терме катарлуу оокаттар казылып алынганын уккам. Анан ошону өздөрүнө айттым: “өзүңөр казып алып, анан менден чегип сурап жатасыңар” дедим.

Эми китепти (Кашкардан уйгурча) чыгарсаңар чыгаргыла, менин эми аз өмүрүм калды, Кашкарга кайтып барбайм, ушул жерде эле өтсүн дедим. Эмне жардам керек дешкенинен “5-класс баламды жогору мектепке окутуп бере аласыздарбы?” десем, жогорудан келген бирөөсү “балаңды мага бер, мен тарбиялайын” деди. Баламды бердим, 6-7 жыл окуп, тил үйрөнүп келди, арабча жана фарсыча. Эмнени окуп келгенди үйрөндү десем, машина оңдоп кураганды үйрөнүп келиптир.

Тынчтыкбек Чоротегин. Кашкардагы китебиңиз чыктыбы?

Төлөк Төрөкан: “Кашкар тазкиреси” китеби жарыкка чыгарылды. Кашкардан чыкканын таппай жатам. Кыргызда чыкканынан бир нуска бар.

Төлөк Төрөкан (оңдо) санжырадан кеп салууда. Сол четте - профессор Мамбеттурду Мамбетакун. Аңыз, КЭР. 13.7.2014.
Төлөк Төрөкан (оңдо) санжырадан кеп салууда. Сол четте - профессор Мамбеттурду Мамбетакун. Аңыз, КЭР. 13.7.2014.

Мамбеттурду Мамбетакун: Төлөк аксакалдын калеминен жаралган “Кыргыз санжырасы” деген китеп басмадан чыккан.

Төлөк Төрөкан: Бир кол жазмамды Темирбек Токтогазыга бергем. Силердин тилде чыгарабыз деген.

Мамбеттурду Мамбетакун: “Зар замандын” баарын басмага бердиңизби? Чыныбайда бир көчүрмөсү бар да. Чыныбай Коден Артышта турабы?

Төлөк Төрөкан: Чыныбайда бар. Анын Артыштабы, же Каражүлдө экенин билбейт экемин.

Тынчтыкбек Чоротегин: Чыныбай Коден бул жактык жигит да?

Мамбеттурду Мамбетакун: Ал бу кишинин журтташы.

Төлөк Төрөкан: Бир мерте мени Ак-Чийге чакырышты, “Манаска” карата бир иш-чара болгон жатат, батаңызды берип кетиңиз деп. Чакырышканынан барсам, көрсө, Ноорузга карата чакырышыптыр. Анан бир жигит чалды “тез келип калыңыз” деп. Анан Ак-Чийге барып бата берип болуп турсам, кайра чалды, Артышка келиң деп. Артышка барсам, ал жактан айтышты бир жигит издеп жүрөт деп. Анан аны Алымжан деген жигит ээрчитип келди. “Дастан айтып бериңиз, пулун төлөп берем” дейт. “Мен бул жакка бата бергени келдим, сен күтө тур, бүгүн-эртеңден айтып берейин” дедим. Ошо менен 2600 (юан) пулун берди...

Тынчтыкбек Чоротегин: Карахандар доорунда бул жакта кыргыздар болгонбу?

Төлөк Төрөкан: Чоң багыш келгени 500 жыл болду. Кыргыз улуту быякта болуптур, 11-кылымда. Капайдын кара чөлү деп койот. Жагалмай кушчу деген зоонун бетин ойгон калк бар деп айтылат. Алдаярбектин уруусу деп койот, ошону Кашкар карата албай, Минго өкмөтү баш ийдирген.

Кытайлык санжырачы Төлөк Төрөкан жана жубайы (ортодо), композитор Мамбетжума Мамбеттурду (оңдо) жана Т.Чоротегин. 13.7.2014.
Кытайлык санжырачы Төлөк Төрөкан жана жубайы (ортодо), композитор Мамбетжума Мамбеттурду (оңдо) жана Т.Чоротегин. 13.7.2014.

Тынчтыкбек Чоротегин: Какшаал чериктери деп дагы сөз болгон экен эмгегиңизде. Чериктер Ат-Башыда болушканбы же ал жакка биерден ооп келишкенби?

Төлөк Төрөкан: 400 жылдын ар жагында жашашкан.

Тынчтыкбек Чоротегин: Кыпчактарчы?

Төлөк Төрөкан: Кыпчактарды Шакар каратып алган. Улуу-Чатты Мамыт баласы Кашкарга каратып кетти.

Тынчтыкбек Чоротегин: Ак-Тоолук менен Кара-Тоолук кожолор өз ара урушкан учурдагы кыргыздар жөнүндө санжыраңызда айтылган эмеспи?

Төлөк Төрөкан: Айтылган, бирок мен жазган китеп тексти толук чыкпай калган.

P.S.

Дастанчылар, жомокчулар, санжырачылар жана төкмөлөр өз вариантын гана чыгарбастан, ошол вариантта сыпатталган дүйнөдө жашашат, өздөрүнө чейинкилер айткан варианттарды да өзгөчө аздектешет.

Алар сунуштаган айрым географиялык, ономастикалык маалыматтар (киши аттары, жер-суу аттары, этностордун аттары, ж.б.), албетте, кошумча салыштырып тактоону талап кылат. Эң башкысы – өз варианттарын эне тилде айтуу аркылуу бул чыгаан кишилер укумдан-тукумга, муундан муунга өз элинин рухий маданиятын сактап келгендигинде. Аларды жазма жана оозеки фольклордук чыгармалар аркылуу ата-бабанын мурасын кийинки муунга өткөрүп келген энциклопедиячы даанышмандар деп бааласак ашыкча кетпес.

Жусуп Мамай (1918-2014) - Кыргыз Республикасынын Баатыры.
Жусуп Мамай (1918-2014) - Кыргыз Республикасынын Баатыры.

200 миң калк саны бар кытайлык кыргыздардан манасчы Жусуп Мамай (1914-2014) жана башка жүздөгөн манасчылар гана чыкпастан, Төлөк Төрөкан сыяктуу мыкты санжырачылар да болгонун жана азыр да бар экендигин чакан маектин акырында ыраазы болуу менен эскерте кетүүнү эп көрдүк.

Төлөк атабыз бир канча муундардан бери билимдүү болгон инсандардын урпагы катары бизге азыркы заманбап илим-билимге чейинки санжыра айтуу жана жазуу салтын бапестеп сактап, өткөрүп жатат.

Совет доорунда Кыргызстанда бул кишидей таалимдүү бабаларыбыздын арап арибинде, бирок кыргызча жана чагатайча (орток түркчө) жазган санжыра китептери өз баасын албай, жоголуп, өрттөлүп, алардын бир далайы катылган жеринде чирип кеткендиги да эсте.

Төлөк Төрөкандын санжырасынын бөлүгү Кытай кыргыздарынын Кызыл-Суудагы басмасында өзүнчө китеп түрүндө жарык көрүп, жаңыча өмүр сүрө баштаганын кубануу менен баса белгилей кетелик.

Быйыл (2015-жылдын теке - июл айынын 30унда) биз Төлөк Төрөкан атабызга – калк кадырлаган мыкты санжырачыга – Жусуп Мамай атабыздын Ак-Чийдин Меркеч айлындагы ашында кайрадан жолугуп, ага узун өмүр тиледик.

XS
SM
MD
LG