Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Ван Кайвэн: Кыргызстанда баарын саясатташтырганды жакшы көрүшөт


Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвэн менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, 29.06.2012

Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвэн менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, 29.06.2012

Тең укуктуулук, бири-биринин ички ишине кийлигишпөө, пайдалуу кызматташтык, сый-урмат менен мамиле кылуу – Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн туу туткан принциптер.

Элчи мырза “Азаттыкка” Кыргызстан менен Кытай ортосундагы мамилелердин кеңири аспектин камтыган маек курду. Маектешкен – веб редакторубуз Азамат Тынаев.

“Азаттык”: Элчи мырза, дүйнө коомчулугу кулак түрүп, качан Кытай дүйнөдөгү эң алдыңкы экономикага айланат деп күтүп калды. Сиздин жоромолуңуз кандай?

Элчи Кайвэн: Чын эле сиз берген суроо ушул тапта АКШны, Европаны, деги баарын кызыктырган маселеге айланды. Азырынча биз ички дүң өндүрүштүн жалпы көлөмүнөн алганда, Америкадан кийинки экинчи орундабыз. Ошол эле маалда жалпы кирешени калктын жан башына бөлүштүрө келгенде, Кытай дале өнүгүп келаткан мамлекеттер катарында. Анткени Кытайда 1 миллиард 300 миллиондон ашуун адам жашайт.

Ички дүң өндүрүшү эбегейсиз өскөнү менен, кирешени киши башына бөлүштүрсөк, жылына болгону 5000 доллардын тегерегинде тиет. Бул жагынан алганда, биз дүйнөдө 100-орунда турабыз, же ошого жакын саптабыз.

Кантсе да Кытай өнүгүп келаткан өлкөлөр арасында, дүйнөдөгү лидерликке али көп бар деп айтканыбыз туура. Кытайдын кээ бир региондору ыкчам өнүгүп, калгандары артта калып жатат. Жаратылыш шарттары татаал, тоолуу, чөлдүү аймактарда өнүгүү жайыраак баратат. Акыркы 15-20 жыл ичинде аларда да жылыш бар. Кээ бирлер мына 10 жылдан кийин Кытай экономикасы дүйнөдө 1-орунга чыгат деп эсептешет. Мен үчүн бул жөн гана сандар. Эң негизгиси, экономикалык өнүгүүнүн сапаты мыкты болушу керек.

“Азаттык”: Экономикалык жагы түшүнүктүү болду. Анда Кытайдын башкы максаты, түпкүрүндө көздөгөн мүдөөсү кандай?

Элчи Кайвэн: Улуу ойчулдарыбыз Конфуций менен Лао-цзынын айткандарын эстесек, Кытайдын философиясы, дүйнө таанымы – баары гармонияга барып такалат. Кытай философиясынын маңызы бир тамга, же “хе” иероглифинде камтылган. Ал – бакубаттуулук (гармония) жана бейпилдик. Эл аралык мамилелерге келгенде да биз баланс, тең салмактуулук сакталышын жактайбыз. Баланс бузулган жерде чыр-чатактар башталат.

Өзүңөр билгендей, ондогон жылдар мурдараак Кытайда Советтер Союзундагыдай пландуу экономика өкүм сүргөн. Элдин баары жапырт кедей жашаган. Жыйынтыгы өтө жаман эмес эле, бирок 1970-жылдардагы маданий революциядан кийин экономикалык өсүш төмөндөй баштаганда чечкиндүү реформаны жүзөгө ашырдык. Ага чейин элдин баарына бирдей жашоо шарттары сунуш этилсе, эми аракет кылгандар тез арада байып, турмушун оңдоп кетти.

Кайсы бир региондор базар экономикасынын ыңгайлуу шартынан пайдаланып, тез эле дүркүрөп өсүп кетишти. Ал үчүн Кытайдын чыгыш тарабында төрт атайын экономикалык аймак түзүлгөн. Кийин аларды карап башкалар да аракеттене баштады.

Биздин реформатор жетекчибиз Дэн Сяопин “мышыктын түсү кандай болсо ошондой болсун, чычкан кармаса болду” деп айтканы бар. Биз бул системадан чыкпашыбыз керек, тиги бизге жарабайт деп отуруп албай, өнүгүш үчүн кайсы жол ыңгайлуу болсо, ошону тандап кете бердик. Прагматикалык саясат өз жемишин берип, коомдо, элдин аң-сезиминде, экономикада эбегейсиз өзгөрүүлөр болду.

Көйгөйлөр жок эмес – дале болсо кедей жашагандар аз эмес. Коррупция – дагы бир баш оору. Бирок коррупциялык иштер үчүн абдан катаал жаза каралгандыктан, аны өлкөнүн өнүгүүсүнө зыян келтиргидей деңгээлге жеткирген жокпуз.

“Азаттык”: Реформалар жөнүндө сөз кылганыбыз Кыргызстан азыр кайсы жолду тандарын билбей бурулуш алдында тургандай. Кыргызстандагы гармониялуу өнүгүүнүн жолу кандай болушу керек? Кытай менен кызматташтыктын ыңгайлуу жолдору кайсылар?

Элчи Кайвэн: Биз эми жакынкы коңшуларбыз. Дипломатиялык алака түзгөнүбүзгө 20 жыл толду. Мамилелер ойдогудай өнүгүп келатат, аларды жакшыртуунун дагы далай жолдору бар. Тышкы саясаттын башкы прициптерин – тең укуктуулук, ички иштерге кийлигишпөө, эки тарапка бирдей пайда алып келүү жана урмат-сый мамиле кылууну ар дайым бекем сакташыбыз керек.

Кыргызстанда баарын саясатташтырганды жакшы көрүшөт. Ийгиликке жетүүнүн жолу ар кандай, кээде ал кыйма-чийме болорун эстен чыгарбоо зарыл. Өзгөрүлмө шарттарда саясатты улам оңдоп-түзөтүүдөн качпаш керек.

“Азаттык”: Соңку кездери Кыргызстан Кытай менен инвестициялык келишим түздү десе эле, коомдук акциялар башталчу болду. Митинг, пикеттер, жол тосмой, айыптоолор менен коштолот. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бизде сырткы күчтөрдүн жетегинде калган саясатчылар бар экенин, алар өлкөдө кырдаалды чыңалтууга кызыкдар экенин ачык айтты. Геосаясат – чоң өлкөлөр ортосундагы атаандаштык эмеспи. Кайсы бир күчтөр кытайлык инвесторлордун Кыргызстанга келишине каршы иштеп жатышы мүмкүн. Геосаясий күрөштүн ыкмалары кандай? Атаандаштар арасындагы күрөш кандай ыкмалар менен жүргүзүлөт?

Элчи Кайвэн: Мунун баары табигый көрүнүштөр. Борбор Азия – маанилүү стратегиялык аймак болгондуктан, СССР кулагандан тарта сырткы күчтөр ага кызыгуусун арттырып келатат. Ооганстанга жакын жайгашкандыктан террористтик, экстремисттик, сепаратисттик маанай да өз салымын кошууда. Кытай үчүн Кыргызстандай коңшулаш өлкөдө тынчтык, туруктуулук болушу баарынан маанилүү. Эгерде бул жерде өрт чыкса, Кытай четте карап туруп албайт, өрт бир өлкөнүн чегинен оңой эле чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан коңшуларга жардам көрсөткөндө бул Кытайдын өзү үчүн маанилүү маселе экенин түшүнөбүз. Дүйнөдө от тутанган аймактар аз эмес. Алардын саны дагы көбөйүшүн эч убакта каалабайбыз.

Биз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында иш жүргүзүүнү жактайбыз. Чөлкөмгө кызыккан башка сырткы күчтөр да Борбор Азияга пайда алып келгидей багытта иштешин күтөбүз. Кытайдын “жылма экспансиясы”, Кыргызстандын жаратылыш ресурстарына көз артат, темир жол куруп, агрессия булагына айландырат деген сөздүн баары негизсиз. Буга эч убакта макул болбойм. Биз бардык кызматташтык эки тарап үчүн тең пайдалуу болушун жактайбыз. Темир жол кургуңар келеби, жардам көрсөтөбүз. Коомчулук ага даяр болбосо, макул, күтө туралы. Бул эки өлкө үчүн тең пайдалуу долбоор.

“Азаттык”: Кыргызстан Бажы биримдигине кошулууга камданууда. Бир жагынан жумушчу күчү ээн-эркин каттап, капиталдын агымына жагымдуу шарт түзүлөт. Экинчи жагынан Кыргызстан көптөн бери ири пайда таап келаткан кытайлык товарлардын реэкспортуна бөгөт коюлат. Товар ташуу көйгөйү кантип чечилет?

Элчи Кайвэн: Ар кайсы уюмга киргенде, бардык мүчөлөрү өзүнө пайдалуу маселелерди туура чечип алууга аракеттенет. Кыргызстан да бул жагынан аракет кылышы керек. Кытайдын Орусия менен соода-экономикалык катышы абдан көлөмдүү. Кыргызстанда коомчулук бир пикирге келип, баарын эсептеп чыгышы керек. Кыргызстан Бажы Биримдигине кошулса, Кытайга көп деле таасир этпейт. Бизге баары бир – кайсы бир бирикме менен иштейбизби, же бир өлкө мененби.

Ал эми тоо-кен тармагы – абдан татаал маселе. Кыргызстанда бийликтегилерге болгон ишенич жетишсиздей сезилет. Пикет, жол тосуулар кандай учурда уюшулат? Жергиликтүү калк кендерди иштетүүдөн өзүлөрүнө пайда түшөөрүн сезип, көрө албаганда. Азыр ушу тапта Кыргызстанда кендерди иштетүүдөн түшкөн пайданын кайсы бир бөлүгү жергиликтүү калкка калышын караган мыйзам долбоор даярдалууда. Кытайда да экономикалык реформалар башталып, чет элдик компаниялар менен биргелешкен ишканалар түзүлгөндө, жер-жерлерде тургундар арасында америкалык, европалыктардын эмне кереги бар, өзүбүз иштетебиз дегендер болгон. Андан кийин биргелешкен компаниялар инвестиция алып келип, жаңыча иш башкаруу, уюштуруу, жаңы технологиялар алып келээрин түшүнүштү. Инвесторлор акча таап атат, бирок өлкө экономикасы да киреше алып атат. Мамлекеттин, жергиликтүү элдин, инвестордун кызыкчылыгы бирдей сакталалышы шарт. Ошондо гана тоо-кен тармагы өнүгө баштайт.

“Азаттык”: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ишинде кандай жаңылык бар?

Элчи Кайвэн: Үч өлкөнүн өкмөтү өз макулдугун берди. Өзбекстандын деңизге чыгуу мүмкүндүгү жок болгондуктан, дал ушул темир жол аркылуу Тынч океанга жол ачыларын билет. Кыргызстан да жүк ташуудан чоң пайда таба алат. Кытайдын азыр Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен товар алмашуусу абдан зор. Азыркы Казакстан жана Сибир аркылуу өтчү темир жол жүктүн баарын ташый албай жатат. Дагы бир өткөөл жол болушуна баарыбыз кызыкдарбыз.

“Датка-Кемин” электр линиясын куруу боюнча келишимге кол коюлду. Кытайдагы "Эксимбанк" каражат бөлөт, электр өткөргүч үч жылда курулат деп пландалууда. Келечекте ушундай электрөткөргүчтү Кытайга тартып барып, Кыргызстандан электр импорттоого кызыкдарбыз.

“Азаттык”: Маданий байланыштар деңгээлин кандай баалайсыз?

Элчи Кайвэн: Маданий-гуманитардык байланыштар ырааттуу өнүгүп баратат. Ушул тапта Кыргызстанда 2000дей кытайлык студент билим алууда. Кытайда окуп аткан кыргыз жаштарынын саны да ушуга барат. Кытай тилин азыр Кыргызстанда эле эмес, Америка, Европада үйрөнүп атышат. Кээ бирлер азыр “кытай тилинин доору” башталды деп атышат. Бул Кытайдын бай маданиятына кызыгуудан гана келип чыккан жок. Бизнестин келечегин ойлогондор кытай тилин окуу керектигин аңдашты.

“Азаттык”: Кытайдагы Хайнан аралын бейиштин төрүнө айлантканыңарды көрүп, кытайлык инвесторлорду чакырып, Ысык-Көлдү ушундай төргө айландырып бергиле дегиң келет. Ошентсе болот беле?

Элчи Кайвэн: Албетте! Бул жерде эл тынч болсо баары өнүгөт. Хайнанга Кыргызстан менен чектеш Шинжаң чөлкөмүнөн да туристтер барып атышпайбы. Аларга Кыргызстан, Тажикстанга келип эс алган алда канча ыңгайлуу болбойбу? Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Бээжинде кар аябай аз жаайт. Муз тебиш үчүн жасалма стадионго барышат. Азыр деле көп эле кытайлыктар Кыргызстанга келип, таанышып кетип атышат. Бизнесмендер мага чалышат, жагдайды сурашат. Мен оң да, терс да жактарын ачык айтам. Өзүлөрү келип көрүп кетип атышат. Экономикага каражат салбаса да, Кыргызстанды көрүп, таанып кеткени маанилүү деп эсептейм.

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG