Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Англиялык улуу тарыхчы, атактуу ойчул Арнольд Тойнби Кытай - бул ХХ жүз жылдыктын эң негизги табышмагы деп айткан акылман сөзү бар.

Сыягы, бул Кытай 21-кылымда деле адамзат үчүн жандырмагы табылбаган негизги табышмак бойдон кала берет окшойт. Азыркы заманда бул мамлекетке көз артып суктангандар да, мактагандар да, ошону менен эли-жерибизди топон суудай каптап кетеби деп корккондор да толтура.

Кытайдын тарыхын жазып, экономикалык секиригин ар тараптан түшүндүргөн, саясий системасын иликтеген адистер азыр абдан көп, бирок Кытай табышмагын жакшы жандырган, бул элдин менталитетин, өсүү логикасын аягына чейин түшүнгөн адистер, тарыхчылар дале болсо сейрек.

Чындыгында да Кытай өзүнчө бир уюп жаткан сыр, татаал табышмак, комдонуп жаткан сфинкс. Дүйнөдөгү эң байыркы жана эң сырдуу маданияттардын бири. Кытайлар адамзат цивилизациясын нечен бир ачылыштар менен байыткан улуу калк. Жалаң жазма маданияты жаралганына төрт миң жылдан ашык убакыт болду. Фарфор менен кагазды ойлоп таап, 10 миң километрге жакын келген Улуу Кытай дубалын түз жерге эмес, тоолордун кырына курган, дүйнөгө Лао Цзы менен Конфуцийди, Ли Бо менен Лу Синди берген ушул калк.

Кытайды нечен кылым башкарган эң акыркы династия - Цин династиясы ХХ кылымдын башында тактан кулагандан кийин Кытай узак убакыт бою ар кандай саясий эксперименттердин аренасы болду. Бир жагынан Гоминданчылар, экинчи жагынан Мао Цзэдун баштаган коммунисттер бул мамлекетти жакшы эле калчап, ар кандай саясий жана экономикалык теорияларды, программаларды ишке ашырууга арекет жасашты. Бирок нечен социалдык жана саясий сыноолор калкка жакшы турмуш алып келбей, Кытай деген сөз ар дайым “жакырчылык”, “кедейлик” деген сөздүн синоними болуп келгени жакшы маалым.

Ошол кембагал Кытайды түп тамырынан өзгөртүп, миллиарддан ашык калкты тоюндуруп, ар дайым эптеп өлбөстүн күнүн көргөн бул мамлекетти дүйнөнүн экинчи экономикасына ким жана кантип айлантты деген суроо пайда болгондо, ар дайым улуу реформатор жана мамлекеттик ишмер Дэн Сяопиндин ысмы аталат.

Дэн Сяопиндин биографиясы саясаттагы өмүр таржымалы кадимки партиялык ишмердин типтүү биографиясы, эч кандай деле таң калычтуу секириктер же күтүлбөгөн окуялар жок.

1904-жылы Сычуан провинциясында айылдык интеллигенттин үйүндө туулуп, жаш кезинде бир нечен жыл Францияда жашап, ошол жерден Хо Ши Мин, Лю Шаоци сыяктуу замандаштары менен бирге Компартиянын катарына өткөн. Москвадан билим алган. Кытайга кайра келгенден кийин катардагы партиялык функционерден Чжоу Энлайдын, башкача айтканда Мамлекеттик кеңештин төрагасынын орун басарына чейин көтөрүлгөн.

Ошондой болсо да Дэн Сяопиндин саясатчы катары бир маанилүү өзгөчөлүгүн баса белгилөө керек. Ал өзгөчөлүк - аябагандай чыдамдуулук жана сабырдуулук. Ошол сабырдуулугу менен Мао Цзэдундун оомолуу-төкмөлүү бийлигин аман-эсен башынан өткөрдү.

Айрыкча “Чоң секирик” деп аталган 60-жылдардагы опурталдуу саясатта, 1967-жылы башталып, бүткүл Кытайды тополоңго салган “Маданий революцияда” курмандыкка чалынбай, ошону менен бирге саясаттан да четтебей, аман калды. Ырас, хунвейбиндер анын уулун тепкилеп, 4-кабат үйдүн терезесинен ыргытып, майып кылып тынды.

1975-жылы аны Мао Цзэдун жок “күнөөсүн” моюнга алдыртып, кечирим да суратты. Бирок сабырдуу, чыдамдуу Ден Мао Цзэдундун опурталдуу саясий эксперименттерине макул эмес болгон күндө да сабырын сактап, сырын билдирбей, акыры өзү бийлик башына жете турган саатын, күнүн, жылын чыдап күтүп отурду.

Аны канаттууга кактырбай сактап, ар дайым баалап, көп саясий капсалаңдан сактаган, көп жыл орун басар кылып кармап жүргөн Чжоу Энлай болду. Ырас, эки жолу кызматынан шыпырылды, репрессиянын капсалаңына калды, бирок башы аман калып, “биздин айылда да той болоор” деп кыргыздар айткандай, чыдамынан эч бир жазбады.

Акылдуу, каймана сөз менен татаал саясатты карапайым элге жеткире билген Дэн ХХ кылымдын 60-жылдарында бир учкул сөзү менен бүт кытай элинин эсинде калды: “Кеп мышыктын агында же карасында эмес, кеп ал мышык чычкан алабы же жокпу - ошондо”. Бул сөз кийин бүт дүйнөгө тарап, мындан 30 жыл мурда башталган Кытайдагы реформалардын саясий жана идеологиялык базасы, негизги лейтмотиви болуп калды.

Дэн Сяопиндин реформатор катары жүзү Мао Цзэдун өлгөндөн кийин ачылды. “Улуу көсөм” көзү өткөндөн бир нече айдан кийин Дэн Кытайга биринчи жетекчи болуп көтөрүлүп, өз саясатын баштады. Марксисттик ар кандай догмалардын алкагынан чыга албай келген кытай коммунисттери Мао Цзэдун өлгөндөн кийин Дэн Сяопиндин мышык тууралуу сөзүн негизги лозунгга айлантты. Ошентип бул мамлекетте социализмдин “Кытай варианты” курула баштады. Башкача айтканда, жер мамлекеттин менчигинен ажыратылып, элге жеке менчикке таратыла баштады, майда соода-сатык мекемелери, чакан ишканалар, бара-бара чоң ишканалар да жеке менчикке берилди. Кимдин колунда болсо да, элге иш берип, өзүн-өзү бакса болду деген ишканалар мамлекетке күнкөр болбой, өз бетинче аракетин жасай баштады. Ошентип Кытай экономикасы дүркүрөп өнүгө баштады.

Бирок Дэн Сяопиндин жетекчи катары жыйырма жылдык ишмердигинин маанилүүсү жана Кытайды экинчи дүйнөлүк экономикага айландырган акылман саясаты - Кытайдын чет элдиктер алып келген акчаларга, технологияларга, идеяларга каалгасын кенен ачканында болду.

Экономикадагы саясатын “Төрт модернизация” деп атап, аскерий өнөр жайды, айыл чарбасын, илимди жана өндүрүштү Кытайдын алдында турган төрт зор милдет деп атады. Чет жерден чоң акча менен келип, эмгекчил, тырышчаак кытайлардын арзан жумуш күчүн пайдаланам, бизнес жасайм, пайда табам дегендерди кош колдоп тосуп алып жатышты. Өкмөт мыйзамдарды абдан катуу кармап, ичкич-жегичтерди айосуз түрмөгө тыкты. Стабилдүүлүктү көздүн карегиндей сактап, инвесторлордун менчигин ар тарабынан коргоду. Тополоң чыгарам, демократиянын оюндарын ойнойм деген күчтөрдү жеринен тынчытты.

Авторитардык бийлик, адам укугун бузган бийлик деп Батыш мамлекеттери канчалык айып койгону менен Америка баштап, бардык өнүккөн мамлекеттер Кытайга ишканаларын көчүрдү. Азыр эми Кытайдын аты - “дүйнөлүк фабрика”. Кытай “Боинг” менен “Аэробустан” баштап, Аррle деген атактуу компьютерлерге чейин чыгарат. Ошол эле мезгилде бүтүн дүйнөнү арзан кийимдер, тиричиликке керектүү бардык шаймандар менен Кытай камсыз кылат.

Дэн Сяопиндин ички саясаты, тарыхка болгон мамилеси да мактоого татырлык. Мао Цзэдундун “маданий революциясын”, “чоң секирик”, “төрт бандит” менен күрөшүү саясатын четке кагып, бирок Маону тарыхтан таптакыр шыпырган жок. “Маонун жасагандарынын 10дон 3ү жаман, 10дон 7си жакшы” деп кыска да, нуска да баа берип, элди курулай талашка түшүргүн жок. Маселеге чекитти өзү койду. Тарыхыбызга таш ыргытканды токтотуп, келечектин камын көрөлү деди.

Англиянын колониясы катары жашап келген Гонг-Конгду жана Португалиянын колониясы Макаону, башкача айтканда капиталисттик системада жашаган Кытай территорияларын “Бир мамлекет, эки система” деген жөнөкөй лозунг менен кайра Кытайдын составына формалдуу болсо да кошту. Ошентип коммунисттик Кытайга кошулгусу келбеген, репрессивдүү саясатынан корккон демократиялык Гонг-Конг менен Макаонун калкын тынчтандырды да, дагы 50 жыл кандай жашасаңар, ошондой жашай бергиле деп убадасын берди.

Ошол реформалар башталган убактан бери отуз жылдан ашуун убакыт өттү. Эң артта калган мамлекет катары эсептелген Кытай азыр дүйнөдөгү эң тез жана ургаалдуу өнүккөн мамлекет. Азыр Кытайсыз бир да эл аралык маанилүү маселе чечилбейт.

Бирок бири кем дүнүйө деген бекер айтылбаган белем, Дэн Сяопиндин да бу дүйнөдө эки чоң арманы болгон экен. Биринчиси, Гонг-Конгдун кайра Кытайга кошулушун өз көзүм менен көрсөм деп эңсеп, бирок ага бир жыл калганда, башкача атйканда, 1997-жылы каза болгон.

Экинчи арманы, Бээжиндеги 1989-жылдын апрелинде Тянанмэн аянтында студенттердин нааразылык акциясы Кытайдын саясий тагдырын таптакыр өзгөрткөнү калганда, Дэн Сяопин да көтөрүлүштү куралдын күчү менен басуу керек деп айткандардын арасында экен. Ошондон кийин армия жаштарды танк менен тебелетип таратып, 400дөн 2600гө чейин адам каза болгон экен дешет. Ал эми жарадарлардын саны 10 миңге чейин жеткени белгилүү. Бул кандуу кылмыш жалпы эле 80-жылдардын аягындагы Кытай бийлигинин, анын ичинде Дэн Сяопиндин да жеке күнөөсү деп эсептелет.

Азыр Кытай мамлекети бир чоң дилемманын алдында турган кези. Ачык эшик саясаты кытайларды, айрыкча жаңы муундарды таптакыр өзгөрттү. Турмушка жаңы муундар келди. Алардын турмушка, саясатка көз карашы мурунку муундардан таптакыр башка.

Ошондуктан Кытай же демократиялык системага аздап болсо да барат, же азыркы авторитардык система жаңы муундун кытайлары менен баары бир кагылышып, жаңы саясий кырдаал түзүлөт. Анын аягы эмне менен бүтөт - алдын ала айтуу өтө кыйын.

Сөзүбүздүн акырында жогоруда аты аталган англиялык тарыхчы Арнольд Тойнбинин бир сөзүн эске сала кеткибиз келет. Көп нерсеге көрөгөчтүгү бар Тойнби келечекте бардар, стабилдүү Кытай менен Европанын динамизми өз ара айкалышса, дүйнө көп жакшы утуштарга ээ болот деп айткан экен. Эгер Кытай азыркы жолунан тайбай, ал эми Европа менен Америка учурдагы катуу кризистен аман-эсен чыгып кетсе, чынында да адамзаттын келечеги жаман болбойт деп бекем ишенүүгө болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG