Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Вашингтондо АКШ менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өттү. Азыр АКШда Кытайдын болочок президенти Си Цзинпин жүрөт.

Си Цзинпиндин бул сапары анын эл аралык аренага чыгуусу, америкалык тараптын аны менен жакындан таанышуусу катары каралууда. Кытайдын болчок лидеринин ата-теги ким, кандай кызматтык тепкичтерди басып өткөн?

Си Цзинпин бийликтеги Коммунисттик партиянын баш катчылыгына быйыл жыл соңунда, ал эми Кытайдын төрагалыгына же президенттигине келерки жылдын март айында келери күтүлүүдө.

“Компартиянын байбачасы”

Билгендердин айтымында, Си Цзинпин Кытайдын түндүгүндөгү партизандык кыймылдын негиздөөчүсү, ыңкылап лидерлеринин бири, премьер-министрдин мурдагы орун басары Си Чжунсюндун уулу экендигин эске алганда ал “компартиянын байбачаларынан” деп саналат. Анткени Кытай Компартиясынын жетекчилеринин бала-чакаларынан кызматка көтөрүлгөндөргө мына ушундай мүнөздөмө берилчү.

Бирок Кытайдагы маданий ыңкылап жылдары атасынын кызматтан жыдышынан улам болочок лидер өспүрүм кезин ички Кытайдын провинциалдык облустарында өткөрүүгө, ага чейинки технократ жолбашчыларга караганда карапайым кытайлыктар кабылган азап-тозокту көбүрөөк көрүүгө туура келген.

Кытай боюнча нидерландиялык белгилүү эксперт, эл аралык мамилелер боюнча Клингендал институтунун иликтөөчүсү Гаррие ван Пинкстгерендин пикиринде, маданий ыңкылаптын таасири Си Цзинпиндин саясий лидер иретинде калыптанышында маанилүү роль ойногондой:

- Ал “коммунисттик байбачалар” деп аталгандар ичинен эң ийгиликтүүүсү. Анын атасы кезинде каарга калган. Каарга калган адамдардын жана алардын балдарынын башынан өткөргөн тажрыйбасы азыркы саясий абалдан жана азыркы саясий жетекчилерден башкалар менен салыштыра келгенде анчалык көз каранды эмес. Биз билгенден Си Цзинпинге анын кызматтык зоболосунун таасири салыштырмалуу азыраак тийген. Жерге жакыныраак, ишти аягына чыгарган прагматик лидер.
Кытай боюнча эксперт Гаррие ван Пинкстгерен кошумчалагандай, Кытайдын башкаруучу элитасынын аки-чүкүсү боюнча маалыматтар адатта ачык эмес. Мындан улам Си Цзинпин өспүрүм кезинде жөнөкөй жумушчу катары иштегенин далилдөө кыйыныраак.

Бирок айтылып жаткан сценарийлер, эгер чын чыкса, Си Цзинпин эмне үчүн коррупцияга каршы катаал турумду карманаарын, саясий жана экономикалык реформа маселелерине келгенде өзүнө чейинки кытай лидерлерине караганда ачыгыраак экендигин түшүнүүгө жардам берет:

- “Коммунисттик байбача” деп атыккандардын көбүнөн айырмаланып ал колун булгаган эмес. Бизге белгилүү болгондой, ал коррупцияга аралашкан эмес. Тескерисинче коррупцияга каршы күрөшкө жигердүү катышкан. Ушул жагдай анын партия лидерлигине талапкер болушуна укук берүүдө. Анткени Кытайдын Коммунисттик партиясы коррупциянын, атүгүл Компартия бийлигинин өмүрү улануусу үчүн эң чоң коркунуч катары карайт. Ушул нерсе да катардагы кытайлыктар үчүн аны ишенимдүүрөөк адам иретинде көрсөтүүдө.

Си Цзинпиндин атасы Си Чжунсюн 1959-1962-жылдары Кытайдын премьер- министринин орун басары болгон. Ал жылдары социалдык-экономикалык чөйрөдө “Чоң секирик” деп аталган өнөктүк оңунан чыкпай калып, миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылган.

1960-жылдардын орто чени, Си Цзинпин өспүрүм кезинде атасы Коммунисттик партиянын каарына калып, ошол кездеги төрага Мао Цзендунга көзү түз эмес деп айыпталган. Натыйжада болочок лидердин атасы адегенде фабрикага иштегенге жөнөтүлүп, мунун артынан 1968-жылы түрмөгө түшкөн. Башкача айтканда ал маданий ыңкылап жылдары Мао Цзедундун “тазалоолорунун” курмандыгы болгон деп айтылып жүрөт.

Саясий карьеранын башталышы

Си Цзинпин атасынын жардамысыз эле 1969-жылы партиянын коммуна деңгээлиндеги бөлүмдөрүнүн ишине аралашып, 1971-жылы комсомолго,
1974-жылы Коммунисттик партиянын катарына кирген.

1970-жылдардын аягында Бээжиндеги кадыр барктуу Цинхуа университетинде химиялык машина куруу адистиги боюнча билим алгандан кийин Си Цзинпин Кытайдын Борбордук аскерий комиссиясынын баш катчысы, мурда атасынын кол астында иштеген Гэн Бяонун жардамчысы болгон.
Бул мезгилде атасы да түрмөдөн чыгып, Түштүк-Кытай деңизинин жээгиндеги Гуандун провинциясынын губернаторунун кызматына отурган.

Си Цзинпиндин саясий карьерасы 1982-жылы башталып, Компартиянын жергиликтүү жол башчысы катары төрт облуста иштеди.

Ал эми жогорку бийликти көздөй жол 1980-жылдардын аягы, 1990-жылдары облус губернатору кызматынын деңгээлинде уланып, жалпы улуттук саясатка 2002-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү катары чыкты.

АКШнын “Тайм” журналы Си Цзинпинди да буга чейин дүйнөнүн таасирлүү адамдарынын катарында атаган. Ал вице-президенттикке 2007-жылдын октябрында дайындалды. Си Цзинпин буларга кошумча Коммунисттик партиянын катчылыгынын жогорку даражалуу мүчөсү, Борбордук аскерий кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку партиялык мектептин башчысы кызматтарын да ээлеп турат.

Болочок лидер 1987-жылы экинчи ирет никеге туруп, Кытайдын таанымал ырчысы Пэн Лиюуан менен баш кошкон. Алардын кызы Си Минцзе АКШнын Гарвард университетине 2010-жылдын күзүндө башка ысым менен окууга кирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG