Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Бүгүн Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.

Ага 12 миң аскер катышып, салтанатка 30дай мамлекеттин президенттери күбө болду. Айрым батыш мамлекеттеринин жана өнүккөн демократиялык өлкөлөрдүн лидерлери чакырууну кабыл алган эмес. Алардын пикиринде, бул парад - Кытайдын аскердик күчүн демонстрация кылуу.

Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналып уюштурулган парад Кытайдын жаңы тарыхындагы эң ири окуя. Кытай парадга 40 түрлүү 500 техниканы, 20 түрлүү 200 учакты алып чыкты. Бээжин буга чейин эч кимге көрсөтө элек аскерий техникасынын 84% пайызын параддан өткөрдү. Башкача айтканда, 90 мүнөткө созулган аскердик парадда баллистикалык ракеталар, танк жана башка брондуу техникалар, ошондой эле аскерий учактар жана бомбардировщиктер көрсөтүлдү. Мындан тышкары, майрамдык салтанатка 12 миң жоокер катышса, алардын миңге чукулу чет өлкөлүк аскерлер болду. Бул Бээжиндин биринчи жолу чет элдик аскерлердин парадга катышуусуна уруксат берүүсү.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Кытай лидери Си Цзинпин жапон баскынчылыгын жана фашизмди мындайча айыптады:

- Кытай элинин жапон баскынчыларына каршы күрөштөгү жеңишинин жана глобалдык фашизмге каршы күрөштөгү жеңиштин урматы үчүн биз баскынчылардын жырткычтыгын жек көрүүчүлүктү улантуу үчүн эмес, адамдарды тынчтыкка шыктандырабыз.

Бээжинге келген мамлекет башчылары

Бээжинге келген мамлекет башчылары

Бээжиндеги парадга дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсүнүн өкүлдөрү, алардын ичинен отузга жакын мамлекеттин президенттери катышты. Орусиянын лидери Владимир Путин, Түштүк Кореянын башчысы Пак Кын Хе, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Ислам Каримов парадга жалгыз катышса, Беларус президенти Александр Лукашенко баласын ээрчитип келди. Ошондой эле коноктордун арасында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жубайы менен болду. Андан тышкары Бээжинге Судандын, Түштүк Африканын жана башка мамлекеттердин президенттери келген.

Ал эми Европа мамлекеттеринен бир гана Чехиянын президенти Милош Земан катышты. Бир катар батыш мамлекеттеринин лидерлери Бээжиндин чакыруусун кабыл алышкан эмес. Алардын пикиринде, бул парад Бээжиндин аскердик күчүн жана техниканы даңазалоо аракети. Ошондуктан алар элчилерин жана башка өкүлдөрүн гана жөнөткөн. Анын үстүнө бул аскердик парад Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарды аскерий максатта колдонуу аракети боюнча талаш жүрүп жаткан учурда өтүүдө.

Кытай президенти парадда сөз сүйлөп жаткан учурда. Алдыда отурган казак президенти Нурсултан Назарбаев, Түштүк Кореянын президенти Пак Хын Ке жана Орусиянын лидери Владимир Путин. 3-сентябрь, 2015-жыл

Кытай президенти парадда сөз сүйлөп жаткан учурда. Алдыда отурган казак президенти Нурсултан Назарбаев, Түштүк Кореянын президенти Пак Хын Ке жана Орусиянын лидери Владимир Путин. 3-сентябрь, 2015-жыл

Параддын ачылышында сөз сүйлөгөн Кытайдын төрагасы Си Цзинпин армиянын саны 300 миң кишиге кыскарарын билдирип, бирок бул качан ишке ашарын так айткан жок:

- Биз тарыхтан сабак алып, дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты сактоого милдеттүүбүз. Согуш – бул тынчтык канчалык маанилүү болгонун түшүнүүгө жардам берген сабак.

Азыр Кытайдын 2 миллиондон ашык аскери бар жана дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири. Ошондой эле Бээжин АКШдан кийин эле коргонууга эң көп каражат жумшаган өлкө.

Экинчи Дүйнөлүк согуш расмий 2-сентябрда, америкалык "Миссури" аскердик кемесинин бортунда Жапониянын капитуляциясы жөнүндөгү актыга кол коюлганда аяктаган. Ал эми Кытай менен Жапон империясынын ортосундагы согуш Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин эле, 1937-жылы 7-июлда башталган. Ал согушта, президент Си Цзинпинин бүгүн парадда айтышынча, Кытайдан 35 миллион адам өлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG