Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

“Жаңы Жибек Жолу” – кылым долбоору


82 вагондон турган поезд Кытайдын чыгышындагы Иву шаарынан чыгып, декабрдын башында Мадридге бармай болду. Муну менен Кытай дүйнөдөгү эң узун "Жаңы Жибек Жолу" темир жол долбоорунун башталганын жар салды.

Дүйнөлүк сооданын туу чокусуна чыгуу максатын көздөгөн Кытай миллиарддаган долларлык каражатты Евразия, Жакынкы Чыгыш аймактары аркылуу өтүп, Европага жете турган “Жаңы Жибек Жолу” деген аталыштагы темир жолго жумшоодо.

"Былтыр Казакстанга иш сапар менен барганда Кытай лидери Си Цзинпин аталган долбоорго 40 миллиард доллар каражат жумшаларын, ал Азиядагы каржылык биримдикти, өндүрүш кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталарын айткан" деп кабарлайт The New York Times.

Темир жол же заманбап “Жибек жолу” маалымат технологиясында жыл сайын 30 миллион компьютер чыгарып жаткан эң ири Hewlett Packard менен Apple компаниясынын Foxconn аттуу заводу жайгашкан Чонгкинг аймагынан башталат. Анын узундугу 10 миң чакырымга чукул болуп, дүйнөдөгү эң узун темир жол наамына татымакчы.

Кытайдын мамлекеттик Синхуа маалымат агенттиги дүйнөдөгү эң узун темир жолдун болжолдуу картасын чыгарды. Анда темир жол Казакстан, Кыргызстан аркылуу өтүп, Ооганстандан Жакынкы Чыгышка, Түркия менен Ирандан Европага жетип, Австриянын Вена шаарынан Кытайдын Бельгиядагы Антверп деңиз портуна барары белгиленген.

Казакстан темир жолу ишканасына караштуу KTZ Express аттуу логистикалык компаниянын президенти Хенрик Кристенсен: “Кытай көз карандысыз жаңы темир жол каттамын куруу менен Евразия жана Европага жаңы экономикалык кемер такмакчы. Акылга сыйбагандай эбегейсиз чоң жана кымбат бул долбоор тууралуу дүйнөдө бир гана өлкө кыялдана алат. Ал - Кытай”, - деди Reuters агенттигине курган маегинде.

Өндүрүш өнүкпөсө, Кыргызстанга пайдасы жок

Кылым долбоору наамына татып, Кытай бюджетинен триллиондогон каражат кетчү бол долбоордун кыргыз экономикасы үчүн пайдасы барбы?

​Бул сурообузга Евразия чөлкөмүнүн геоэкономикалык акыбалын изилдеген Түркиядагы профессор Али Элерен Кытайдын мындай акылга сыйбаган, кыялга барабар долбоору ишке ашып калса, Кыргызстан үчүн ыңгайлуу жагдай түзүлгөнү менен, өлкө өндүрүш секторун өнүктүрүп, сатып алуучу эмес, башкаларга сатуучу өлкө болмоюнча пайда табуусу кыйын дейт:

- Эгерде ушул долбоор ишке ашып калса, Кыргызстан өндүрүш секторун өнүктүрүп, же жок дегенде жандандырбаса, анда эч кандай пайдасы жок деп ойлойм. Жеке эле "Жаңы Жибек Жолу" долбоору эмес, азыр босогосунда турган Бажы биримдиги сыяктуу ири экономикалык долбоорлорго киргени менен эч кандай экономикалык пайда таба албайт. Себеби ал жөн гана ири өлкөлөрдүн базары болуп берет. Бирок Кыргызстан мындай абалда калбай, өндүрүшчү болгонго аракет кылыш керек.

Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд. 5-июль, 2014-жыл
Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд. 5-июль, 2014-жыл

Кытайдын China Merchants Holdings, Cosco Pacific, Кытай темир жолдору сыяктуу ири компаниялары Кения, Шри Ланкада деңиз портторун куруп, анын ичинде Кыргызстан менен темир жол каттамы багытында бештей кызматташтык келишимине кол койгон.

Кытайдын "Эксим банкы" Шри-Ланкадагы Хамбантота Портуна 361 миллион доллар инвестиция жасаган. Ошондой эле Кытай Түркияда төрт миллиард долларлык Анкара-Стамбул ылдам жүрүүчү поезд каттамын курганы турат.

Кытайдын ишке ашпаган кыялдары

Ал ортодо кытайлык окумуштуулар 2009-жылдан бери өкмөт 6,9 триллион долларды натыйжасыз инвестициялар үчүн коротту дешүүдө. Мындай аныктаманы Кытайдын Экономиканы пландоо боюнча мамлекеттик департаментинин адиси Сю Це жана Макроэкономикалык изилдөө академиясынын окумуштуусу Уанг Юанг билдирди деп кабарлайт Reuters. Жыйынтыгында эч кандай киреше алып келбеген долбоорлор үчүн кытай өкмөтү жалпы кытай капиталынын 47 процентине барабар каражат жумшоодо. Андыктан Евразия чөлкөмүн басып өтчү темир жолдун курулушу да пайдалуу болот дегенден күмөн санаган эксперттердин саны да көбөйүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG