Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Кытай Жапонияны артта калтырды


Кытай 20 жылдан кийин АКШны артта калтырышы мүмкүн
Кытай 20 жылдан кийин АКШны артта калтырышы мүмкүн

Дүйнөдө экономикасынын өнүгүшү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунду Кытай ээледи. Жапон өкмөтү жарыялаган соңку баяндамага караганда, анын экономикасынын өнүгүшү, Кытайдыкы менен салыштырганда кескин басаңдаган. Ортодо айырма өтө кичине болгонуна карабай, мунун өзү Кытайдын регионалдык, глобалдык таасирин арттыра турган белги экени айкын.

Жапон өкмөтү дүйшөмбүдө жарыялаган статистикага ылайык, экономикасынын өнүгүшү боюнча бул өлкө Кытайдан артта калды. Мындай болоорун, дегинкиси, эки өлкөнүн тең экономисттери менен саясатчылары көптөн бери эле күтүшкөн.

Быйылкы жылдын экинчи кварталында Жапониянын Ички дүң продуктусунун көлөмү 1,28 триллион долларды түздү. Ал арада Кытайдыкы 1,33 триллион долларга чыккан.

Чын-чынында муну менен эле азыр бир тыянак чыгарууга болбойт. Кытай дүйнөдөгү экинчи экономикага айланды деп ачык айтууга да эртелик кылаар. Анткени соңку көрсөткүч болгону апрелден июнга чейинки үч айды гана камтыйт. Узагыраак мөөнөттөн эсептегенде, баары бир азырынча Жапония алдыда баратат.

Бирок экономикасы жылына орточо 10% деңгээлинде өсүп жаткан Кытай болочокто Жапониянын 40 жылдан ашуун мезгилден бери эч кимге бербей келген оордун ээлей турганын азыр эч ким деле тана албайт. Жапония тээ 1968-жылы Батыш Германиядан ашып түшүп, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланган эле.

Токиодо Экономика министри Сатоши Арай бул окуянын маанисин анчалык көтөрмөлөй бербегенге чакыргансыды.

“Ким алдыда, ким артта – мунун айырмасы деле жок. Бул болгону ар бир мамлекеттин экономикасынын учурдагы абалын көрсөтөт, - деди ал. - Биздин мамлекетибиздин өнүгүшү Кытайдын жана Азиядагы башка мамлекеттердин өнүгүшүн шарттап жатат. Бул да биздин стратегиябыздын бир бөлүгү”.

Жапониянын өзүндө карапайым калк экономикадагы өзгөрүүлөргө анча деле маани бербегендей. Быйыл жыл башында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, жапониялыктардын жарымынан көбү алардын өлкөсү дүйнө экономикасындагы өзгөчө таасирин жогото баштаганын анчалык деле маанилүү эмес деп билишет.

Аналитиктер болсо Кытайдын экономикасынын өнүгүшү Жапонияга да жакшы таасир этээрин айтышууда.

Жапон изилдөө институтунун башкы экономисти Хейдеки Мацумура: “Мунун жагымсыз элементтеринин бири – Кытайдын технологиясы өнүккөн сайын алардын компаниялары жапон ишканалары менен атаандаша башташат. Бирок жакшы жагы – Кытай өнүккөн сайын анын эли Жапониянын товарларын көбүрөөк сатып ала баштайт. Демек, жалпысынан Кытайдын өнүгүшү Жапонияга да пайдалуу”.

Кытайдын ийгилиги глобалдык деңгээлде да саясий чечимдерге таасир этип жатат өңдүү. Дүйшөмбүдө "New York Times" гезитинин кабарчысы Дэвид Барбоза жазганына караганда, Кытай глобалдык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычына айланды. Өлкөнүн лидерлери болсо эларалык саясатта өздөрүн ишенимдүүрөөк ала башташты. Миллиарддаган долларлык соода келишимдерди түзүү менен алар Азияга, Африкага жана Латын Америкага таасирин күчөтүштү.

Экономисттердин божомолдоруна караганда, эгерде Кытай өнүгүүнү азыркы деңгээлинде кармап тура алса, 20 жылдан кийин АКШны артта калтырып, дүйнөдөгү эң күчтүү экономикага айланат. АКШнын ички дүй продуктусунун жылдык көлөмү азыр 14 триллион долларды түзөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG