Линктер

Деңиз талаш: сот чечимин күткөн өлкөлөр


Кытайга каршы Филиппиндеги нааразылык. 19-февраль, 2016-жыл.

Кытайга каршы Филиппиндеги нааразылык. 19-февраль, 2016-жыл.

Кытай талаштуу Түштүк Кытай деңизинде аскерий каршылашууга даяр болушу керек. Мындай эскертүүнү өлкөнүн мамлекеттик гезити 5-июлдагы баш макаласында жасады. Эскертүү Түштүк Кытай деңизи боюнча Бээжинге каршы берилген доо арыз боюнча сот чечими чыгардан бир апта алдында айтылды.

Абдан маанилүү суу жолу катары саналган жана кен байлыктарга бар Түштүк Кытай деңизи боюнча Кытай менен Филиппиндин талашын караган Гаагадагы эл аралык соттун беш судьясы өз чечимин 12-июлда чыгарат деп күтүлүүдө.

Сотко болсо доо арыз менен расмий Манила 2013-жылы кайрылган. Филиппин өкмөтүндөгү жыйында өлкөнүн тышкы иштер министри Перфекто Ясай буларды айтты:

- Сот чечимин алгандан кийин биз жасай турган биринчи иш, эгер биз жеңишке жетишсек, анын таасирин, кесепеттерин иликтөө.

Кытайдан Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн талашып келаткан коңшуларынын бири катары эл аралык сотко кайрылууда Филиппин БУУнун деңиз укуктары боюнча конвенциясына таянды.

Деңиздеги кытай кемелери. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Деңиздеги кытай кемелери. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Расмий Манила Бээжин деңиздеги талаш аралчаларды өздөштүрүү аракетинде аларга гана караштуу болгон 320 чакырымдык экономикалык зонага да кирип кетти деп эсептейт.

Мамлекеттик Global Times басылмасы талаштуу деңиздин кеминде 90% өзүнүкү катары санаган Кытай бул маселеде аскерий каршылашууга даяр болушу керек деген эскертүүсүн эл аралык соттун чечимин утурлай жасады.

Аймакта АКШнын учак тартуучу жана кондуруучу кемелери жүргөнүн эске салган басылма шейшемби күнкү баш макаласында, эгер Кошмо Штаттар талашка күч менен аралашса, Кытай анын “мурдун канаткыдай болушу абзел”,- деп жазат.

Спратли -Түштүк Кытай деңизинде Бээжин өздөштүрүп жаткан аралдардын бири. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Спратли -Түштүк Кытай деңизинде Бээжин өздөштүрүп жаткан аралдардын бири. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Global Times басылмасын кытай жана англис тилдеринде Компартиянын расмий гезити – “Жэнмин жибао" чыгарат.

Негизинен бийликтеги чөйрөлөр жана чечим кабыл алуучулар окуганы менен, бирок анын баш макаласы “Жэнмин жибао" гезитиндей эле өкмөттүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Кытай өз тарабынан Филиппин өкмөтүнүн деңиз талаш боюнча эл аралык сотко кайрылуусун мурда эле айыптаган.

Бээжинде 5-июлдагы басма сөз жыйында Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хонг Лейге Түштүк Кытай деңизинде аскерий жаңжалдын тутанып кетиш ыктымалдуулугу жөнүндө суроо берилгенде өкмөт тынчтыкка дилгир деп ырастап, бирок буларга токтолду:

- Кытай Түштүк Кытай деңизинде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү коргоо үчүн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы менен иштешет. Биз акыркы кездери бул талашта Кытай үчүнчү тараптын кандай чечими болбосун же чечим боюнча кандайдыр бир план таңууланбасын эч качан кабыл албай турганын бир нече жолу айттык.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ушул шаршемби күнү деңизде башталып жаткан аскерий машыгууларды чукулунан эмес, мурда эле мерчемделген иш-чара катары сыпаттады. Бээжин талаштуу деңизде АКШнын аскерий кемелери күзөттө жүрүшүнө да нааразы болуп келет.

АКШ бул маселеде Кытайдын коңшуларына колдоо көргөзүп жүрөт жана Филиппиндин арбитраждык сотко кайрылуусун кубаттап, талашты тынч жол менен жөнгөрүүгө чакырган.

Америкалык расмий өкүлдөрү буга чейин эгер Гаагадагы арбитраждык сот чечимди Филиппиндин пайдасына чыгарса, Бээжин 2013-жылы Чыгыш Кытай деңизинде баргандай эле абадан коргонуу зонасын жарыялап, аралчаларды өздөштүрүү жана алардагы курулуш иштерин күчөтүшү мүмкүн деген кооптонууларын да айтышкан эле.

Президент Барак Обама май айынын соңунда Жапонияда "Чоң жетинин" саммитине катышкан учурунда Вашингтондун турумун төмөнкүчө түшүндүргөн:

- Кытай менен Вьетнамдын, Кытай менен Филлипиндин, Кытай менен Түштүк Кытай деңизин талашкан башкалардын мамилесиндеги чыңалууну биз жасаган жокпуз. Биз бул талаштардын тынч чечилишин көргүбүз келет. Биздин Түштүк Кытай деңизиндеги максатыбыз - кемелердин эркин каттоосун, деңиздин үстүнөн учуулардын эркиндигин жана эл аралык нормаларды сактоо. Анткени биз булар баарына, анын ичинде Кытайдын өзүнө да пайдалуу деп эсептейбиз.

Бөлүктөрүн Кытайдан Филиппин менен Вьетнамдан тышкары Малазия, Бруней, Тайвань талашып жүргөн Түштүк Кытай деңизи аркылуу жылына 5 триллион доллардык жүк ташылат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG