Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Эстонияда президенттик шайлоо 3-октябрда өтөт


Учурдагы президент Тоомас Хендрик Ильвес экинчи жолу президент болуп 2011-жылы шайланган.
Учурдагы президент Тоомас Хендрик Ильвес экинчи жолу президент болуп 2011-жылы шайланган.

Буга байланыштуу парламент кезексиз жыйынга чогулат. 24-сентябрда Тандоо коллегиясы биринчи турда президентти шайлай албай койгон.

Президенттикке адвокат Аллар Йыкс жана Реформачыл партиянын төрагасы Сийм Каллас талапкер болууда. Калластын партиясы бүгүнкү күндө парламенттик коалицияны дагы жетектейт. Бул эки талапкер биринчи турда башка үч талапкерге салыштырмалуу көп добуш алган.

Эстонияда президент эки тепкич менен шайланат. Алгач парламенттин депутаттары добуш беришет. Эгерде талапкер депутаттардын үчтөн эки добушун чогулта албаса, мамлекет башчыны Тандоо коллегиясы шайлайт. Тандоо коллегиясына 101 депутаттан тышкары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын 234 өкүлү кирет.

Учурдагы президент Тоомас Хендрик Ильвес экинчи жолу президент болуп 2011-жылы шайланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG