Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Кризисте куралдангандар


"Ярс" ракеталык комплекси, Иваново облусу, Орусия, 29-ноябрь, 2011

"Ярс" ракеталык комплекси, Иваново облусу, Орусия, 29-ноябрь, 2011

Дүйнөдөгү финансылык кризиске карабай, Орусия менен Кытай былтыр армиясына коротулчу каражаттын өлчөмүн дагы көбөйткөн аз эле мамлекеттердин катарында калышты. Бул тууралуу Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө институтунун жаңы докладында айтылат.

Тынчтыкты изилдөө институтунун жылдык баяндамасында айтылгандай, дүйнөдө аскерий кубаттуулугуна эң көп акча сарптап келген алты мамлекет – Бразилия, Франция, Германия, Индия, Британия жана АКШ – бул тармактагы бюджетин кыскарткан.

Булардан айырмаланып, Орусия аскерий тармакка 8 млрд. доллар каражат бөлүп, 2010-жылдагыга салыштырмалуу, өзүнүн куралдуу күчтөрүнүн бюджетин 9,3% көтөргөн. Бул дегени Орусия Британия менен Францияны да артта калтырып, эми дүйнөдөгү армияга эң көп акча сарптагандардын катарында үчүнчү өлкөгө айланды дегенин билдирет.

Докладда бул мамлекеттин дымактуу аракети советтик доордон калып, эскилиги жеткен куралдуу күчтөрүн Кремль 2020-жылга чейин 70% жаңылаганга аракет кылып жатканы менен түшүндүрүлөт. Институт расмий Москванын армияга акчаны көбөйтүү саясаты мындан ары да уланат деп божомол жасады.

Павел Фельгенгауэр

Павел Фельгенгауэр

Москвадагы “Новая газета” басылмасынын аскерий аналитиги Павел Фельгенгауэр Орусия менен Кытайдын кризиске карабай куралдуу күчтөрүнө короткону көбөйгөнүн “Азаттыкка” мындайча комментарийледи.

“Албетте, муну эки өлкөнүн тең аскерий кубаттуулугун бекемдөө максаты күчтүү экени менен түшүндүрсө болот. Анын үстүнө, соңку экономикалык кризиске карабай, Кытайдын экономикасында өсүш токтоп калган жок жана Бээжин тышкы саясатта амбициясы күчтүү. Орусиянын геосаясаттагы үстөмдүк кылуу ниети андан да ашат, - дейт Фельгенгауэр. – Орус экономикасы соңку жылдардагы кризистен катуу жабыркап, эми гана баштапкы өнүгүү чегине чыга алганына карабай, Кремлдин аскерий мүмкүнчүлүктү арттырууга каражатты аябай эле сарптап жатышы ошол эле жетекчиликтин ичинде да бир топ нааразылыктарды жараткан.

Мурдагы финансы министри Алексей Кудрин ушул маселе боюнча президент Дмитрий Медведев менен чырлашып, акырында кызматынан айрылганы да белгилүү. Кудриндин ишениминде, "курал-жарактарга коротулуп жаткан акчаны эртеби-кечпи баары бир азайтканга туура келет, анткени мунай арзандап кетсе эле казынада акча калбаганына күбө болобуз".

Приоритет - ядролук куралдануу

Бирок азырынча Кремль бул жагдайга көп көңүл бургусу жок. Тетирисинче аскерий бюджетин кеңейтүүнү улантууда. Бирок ал каражат тагыраак караганда эмнеге жумшалып жатат?

“Эң башкы приоритет – ядролук куралданууну бекемдөө, - дейт аналитик Павел Фельгенгауэр. - Азыркы премьер, жакында президенттикке киришкени жаткан Владимир Путин: “Америкалыктарды биз озуп кеттик. Алар дагы эле тээ “кансыз согуш” маалындагы куралдары менен калып жатышат. Бизде континенттер аралык ракеталардын жаңы мууну, акыркы түрү иштелип чыкты”, - деп мактанганы белгилүү. Ошентип, Орусия көбүрөөк стратегиялык жана тактикалык ядролук куралданууга көңүл бөлөт. Андан кийин каражат ракетадан коргонуу системасына, акырында армия, флоттордун абалын жакшыртууга бөлүнөт”.

Кытай болсо курал-жарактарга короткон акчанын көлөмүн былтыр 6,7% көбөйтүп, жалпысынан 143 млрд. доллар коротту. Аналитиктердин айтымында, бул түшүнүктүү эле – Кытайдын экономикасы өнүгүп жатат. Соңку 11 жылдан бери армияга чыгаша бул өлкөнүн Ички дүң өндүрүмүнүн жылына болгону 2% түзүп жатат.

Бирок Кытай да АКШдан артта калат. Америка Кошмо Штаттары 2010-жылы армиянын бюджетин 1,2% кыскартканы менен, дале бул тармакка 711 млрд. доллар коротуп жаткан мамлекет катары дүйнөдө биринчи орунда турат.

Алгач Ирактан, эми Ооганстандан өзүнүн аскерлерин чыгарып кете баштагандыктан, докладда айтылгандай, АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бюджети мындан ары кыскартылышын күтсө болот.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG