Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Кытайда 28 уйгур козголоңчусу жок кылынды


Кытайдын коопсуздук күчтөрү
Кытайдын коопсуздук күчтөрү

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунда полиция экстремисттик-радикалдык топтун мүчөсү деп шектелген 28 адамды жок кылды.

Полициянын атайын операциясы учурунда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун түндүк-батышында жергиликтүү уйгур улутундагы 28 адам жок кылынып, бирөө тирүүлөй кармалган.

Кытай полициясынын маалыматы боюнча, жоочулар 56 күндөн бери изделип жаткан. Бул топ быйыл сентябрда Байчен аймагында жайгашкан көмүр шахталарынын бириндеги кол салуу окуясы боюнча айыпталган болчу. Анткени 18-сентябрда этникалык уйгурлардан турган топ аталган аймактагы көмүр шахтасына кол салганы кабарланган. Алар көмүр шахтасында беш полициячыны жана 11 жай тургунду өлтүрүп, качып кетүүгө үлгүрүшкөнү маалымдалган болчу.

Мындан сырткары кагылышуу учурунда 18 адам жарадар болгон. Кытайдын полициясы бул топту ошондон бери түп көтөрө издеп жатканы айтылат. Полициянын маалыматы боюнча, 19-ноябрда кечинде жоочулар жашырынган жер курчоого алынып, бул куралдуу топтун багынып берген бир мүчөсүнөн башкасынын бардыгы жок кылынган.

Кытайдын эл аралык радиосунун маалымдашынча, бийлик аларды мамлекетке каршы иштеген экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү катары мүнөздөгөн.

Буга чейин негизги очогу Шинжаң-Уйгур автоном районунда түзүлгөн "Чыгыш Түркстан ислам" кыймылына Кытайда экстремисттик уюм катары тыюу салынган болчу. Анткени жихадчыл топторду ичине камтыйт деп шектелген ал кыймылдын мүчөлөрү бир канча жылдан бери изделип келаткан. "Чыгыш Түркстан ислам" кыймылы буга чейин автономиянын түпкүлүктүү калкы саналган этникалык уйгурлардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшө турганын жарыялаган.

Бийлик: террорчулар менен кармашуудабыз

Кытай бийлиги уйгур сепаратисттерин Шинжаңда жана ички Кытай аймагында 2011-жылдан бери теракттарды уюштурууну күчөтүп жатат деп айыптап келген. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хун Лэй буларды айткан болчу:

- Биз эл аралык коомчулукка "Чыгыш Түркстан ислам" кыймылынан келген террордук коркунучтар туурасында буга чейин дагы кеңири айтып келгенбиз. Буга байланыштуу биз бул кыймылдын террордук уюм экенин ырастай турган далил материалдарды да эл аралык коомчулукка көрсөтө алабыз. Биз Кытайдын терроризм көйгөйү менен күрөшүп жатканын эл аралык коомчулук түшүнөт деген үмүттөбүз. Ошондуктан "Чыгыш Түркстан ислам" кыймылы менен күрөш эл аралык терроризм менен күрөштүн бир бөлүгү катары каралыш керек деген ойдобуз.

Операциядан бир көрүнүш
Операциядан бир көрүнүш

Кытайдын коопсуздук органдарынын маалыматы боюнча, соңку айларда эле Хотанда, Кашгарда жана Үрүмчүдө түптөлгөн 32 жашыруун уюмдун бети ачылган. Ага мүчө болгон 380 киши камакка алынып, алардын көпчүлүгү кийин өлүм жазасына тартылган.

Жергиликтүү уйгурлар менен андагы ханзулардын кагылышууларын Кытай бийлиги ислам жоочуларынын теракттары катары сыпаттап келет. Бирок эмиграциядагы уйгур лидерлери жана эл аралык укук коргоо уюмдары уйгурларга жасалган кысым чыр-чатактардын чыгуусуна түрткү болуп жатканын ырасташат. Кытай бийлиги Шинжаңдагы абал боюнча маалымат алууну чектегендиктен андагы жагдайларды тактоо бир топ кыйынчылыкты жаратып келгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG