Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:41

Кытайдын деңиздеги аракети коңшуларын кооптондурду


Кытайдын Түштүк - Кытай деңизинде, Вьетнамдын жээгинен 210 чакырым гана алыстыкта жайгашкан мунай бургулоочу жабдуусун кемелер кайтарып турат. 14-май, 2014-жыл.

Кытайдын Түштүк - Кытай деңизинде, Вьетнамдын жээгинен 210 чакырым гана алыстыкта жайгашкан мунай бургулоочу жабдуусун кемелер кайтарып турат. 14-май, 2014-жыл.

Кытайдын Түштүк - Кытай деңизиндеги аракеттери Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ушул аптадагы саммитинде көтөрүлөт деп күтүлүүдө. Мунун алдында спутниктен тартылып, өткөн аптада жарыяланган сүрөттөр Кытай деңиздеги талаштуу аралда аскерий максатта колдонууга ылайыктуу учуу-конуу тилкесин куруу ишин күчөткөнүн ачык айткан эле. Жапония, Түштүк Корея, АКШнын Бээжинди бул деңиздеги ишмердигин басаңдатууга чакырышкан.

Бээжин Түштүк-Кытай деңизинин талаштуу Спратли аралдарында аскерий максатта колдонууга ылайыктуу учуу-конуу тилкесин куруу ишин күчөткөнү коргонуу маселелерине адистешкен Jane’s Defense Weekly басылмасынын өткөн аптада жарыялаган сүрөттөрүнөн улам маалым болду.

Сүрөттөрдү Airbus Defense and Space деген компания спутник аркылуу тарткан.

Ал сүрөттөр Кытай узундугу үч чакырым келген учуу-конуу тилкесин Түштүк-Кытай деңизинин Спратли аралдарында куруп жаткандан тышкары, дал ушундай эле курулушту талаштуу Парасел аралдарында да жүргүзөрүн каңкуулады.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Вашингтондогу борбордун эсебинде, спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда Спратли аралдарындагы учуу-конуу тилкесинин үчтөн бири аяктаган. Ал аскерий учактар менен кошо ири аскерий - транспорттук учактарды кабыл алууга жарамдуу.

Бээжиндин талаш жердеги мындай аракеттери өз кезегинде Азия мамлекеттерин жана Кошмо Штаттарды камтама кылууда.

Маселен, Жапониянын тышкы иштер министринин орун басары Акитака Саики өткөн аптада Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында буларга токтолду:

Жапония менен Кытай Чыгыш Кытай деңизиндеги ушул аралдарды талашып жүрүшөт.

Жапония менен Кытай Чыгыш Кытай деңизиндеги ушул аралдарды талашып жүрүшөт.

- Кытай аймактык эле эмес, глобалдык масштабадагы ири держава катары эл аралык укуктун нормаларын жана аймактык деңгээлде макулдашылган эрежелерди карманууга милдеттүү. Кытайдын, анын армиясынын жүрүм - туруму, өзгөчө Түштүк -Кытай деңизиндеги соңку аракеттери аймактагы өлкөлөрдүн көбүн камтама кылууда. Менимче, Кытай аймактагы өлкөлөрдүн баарынын бул тынчыздануусуна жооп бериши абзел.

Түштүк - Кытай деңизиндеги талаштуу аймактардын көбү Кытайдын жээгинен 1600 чакырым алыс жайгашкан. Бээжин аларды өзүнүкү деп эсептегендиктен Кытайдын Вашингтондогу элчиси Цуй Тянькай Түштүк- Кытай деңизиндеги курулуш иштерин «табигый» деп атады.

Элчинин айтымында, «кимдир бирөөдө Кытайды кво-статусуна бир тараптуу мажбурлайбыз деген иллюзия» же анын «суверенитетин эч бир кесепетсиз кайра-кайра буза алабыз» деген ой болбошу керек.

Түштүк - Кытай деңизиндеги курулуш иштери боюнча соңку маалыматтарга тушташ АКШнын Азиядагы күчтөрүнүн командачысы, адмирал Сэмюэл Локлир аталган деңиздин басымдуу бөлүгүн өзүнүкү деп санаган Кытай акыр-аягында ар жерлерге радарларды жана ракеталык системаларды жайгаштыруусу ыктымал экенин эскерткен.

АКШ Сенатынын Аскерий иштер боюнча комитетинин төрагасы Жон Маккейн өткөн аптада брифинг учурунда Кытайдын аракеттерин “агрессия” деп атап, Бээжиндин эл аралык сууларда аскерий жөндөмүн арттырышы дүйнөлүк экономика үчүн кооптуу экенин белгиледи.

Маккейн президент Барак Обаманын администрациясын Кытайдан чочулаган Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкендин айтымында, талаш деңиздердин маселесин Вашингтон Бээжиндин алдына утур-утур коюп келет.

Президент Барак Обама өзү жакында Кариб деңизи боюндагы өлкөлөрдүн Панамадагы саммити алдында мындай деген:

Обама Панамадагы саммитте. 10-апрель, 2015-жыл.

Обама Панамадагы саммитте. 10-апрель, 2015-жыл.

- Биздин саясат Кытайдын тынч өсүшүнөн чочулабоо. Тынчызданганыбыз: эл аралык эрежелерди жана нормаларды милдеттүү түрдө сактабаганы, чоңдугуна жана кубатына таянып, өлкөлөрдү баш ийүүгө мажбурлаганы. Деңиз маселелери боюнча бизде ушундай камтамачылык бар. Биздин оюбузча, бул маселе дипломатиялык жол менен чечилет. Филиппин менен Вьетнамдын Кытайдай чоң болбогону үчүн аларды жөн эле четке сүрүп салууга болот дегенге жатпайт.

Кытай коңшу Жапониядан да Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдарды талашып жүрөт.

Ал эми Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн Кытай менен катар Бруней, Малайзия, Тайван, Вьетнам, Филиппин өзүнүкү деп санайт. Алсак, Филиппин Түштүк- Кытай деңизи боюнча талашты глобалдык проблема катары кароого чакырууда.

Кытайдын Түштүк Кытай деңизи боюнча саясатына каршы Вьетнамдагы демонстрация. 2012-жыл.

Кытайдын Түштүк Кытай деңизи боюнча саясатына каршы Вьетнамдагы демонстрация. 2012-жыл.

Бул өлкөнүн президенти Бенигно Акино өткөн жума күнү билдиргендей, дүйнөлүк сооданын 40% ушул деңиз аркылуу жүргөндүктөн, Кытайды аны көзөмөлдөө аракети бул ишке кесептин тийгизүүсү мүмкүн. Түштүк - Кытай деңизи аркылуу азыр жылына 5 триллион доллардык товар ташылат.

Ушул аптада Малайзияда Түштүк- Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн кезектеги саммити өткөнү турат.

Анда Филиппин Кытайдын деңиздеги аракеттерин биргелешип айыптоо демилгесин көтөрөт деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG