Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Кытай: Далай Ламанын кадыры кетти, бирок кайра төрөлүш керек


Далай Лама, Вашингтон, 5-февраль, 2015-жыл.

Далай Лама, Вашингтон, 5-февраль, 2015-жыл.

Кытай парламентинин жылдык сессиясынын алкагындагы жыйындарда Тибеттеги козголоңдун кезектеги жылдыгына тушташ Далай Ламанын маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Кытай бийликтери Далай Ламанын кадыры барган сайын кетүүдө, бирок анын мураскерин эми Бээжин тандаш керек деп эсептешет. Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнүн премьер-министри болсо Кытай тараптын бул мүдөөсүн “күлкүлүү” иш катары баалады.

Тибеттиктердин сүргүндөгү рухий лидери Далай Лама Тибеттин өзүндө да, чет өлкөлөрдө да мурдагы таасирин жогото баштады деген ырастоону бул ирет Кытай парламентиндеги улуттук жана диний иштер боюнча комитеттин төрагасы Чжу Вэй Кун (Zhu Weiqun) айтты.

Тибет маселесинде катаал туруму менен таанымал Чжу Вэй Кун парламенттин жылдык сессиясы учурунда кабарчылар менен маегинде белгилегендей, Тибеттеги өнүгүүлөрдүн аймактагы кырдаалды жакшыртуусу Далай Ламанын эл аралык бедели басаңдаганынын башкы себеби.

Кытай парламентинин комитет башчысы ошондой эле Тибетте өзүн-өзү өрттөгөн адамдар саны азайды деп ырастап, муну да Далай Ламанын аймакта таасири таарыганынын далили иретинде сыпаттады.

Акыркы алты жылда Кытайдын башкаруусуна нааразылык иретинде ондогон тибеттиктер өзүнө-өзү өрт коюшкан эле.

“Тибет үчүн эл аралык өнөктүк” деген уюмдун маалыматына караганда, өзүн-өзү өрттөгөн акыркы окуя 5-мартта катталды. Нгава деген райондо аял киши өзүнө-өзү өрт койгон.

Тибеттиктер 1959-жылкы козголоңду эскеришүүдө. Индия, 9-март, 2015-жыл.

Тибеттиктер 1959-жылкы козголоңду эскеришүүдө. Индия, 9-март, 2015-жыл.

Далай Лама жана Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү кытай бийликтеринин тибеттиктерди өзүн-өзү өрттөөгө алар тукуруп жатат жана Тибетти Кытайдан ажыратуу мүдөөсү бар деген айыптоолорун такай четке кагып, болгону кеңири маданий автономияны гана көздөшөрүн айтып келишет. Далай Лама буга чейин сөздөрүнүн биринде:

- Менин Тибеттин ичиндеги каарман мекендештерим: аялдар менен эркектер запкы көрдү, азыр деле катуу запкы көрүп жатышат. Алардын улуттук жана маданий иденттүүлүгүн талкалоо максаты бар, эсептелген жана системалуу стратегияга кириптер болушууда.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Далай Лама бул күндөрү дүйнөлүк лидерлер тарабынан сейрек кабыл алынып калганы чын болушу мүмкүн. Бул көбүнесе азыр дүйнөнүн экинчи ири экономикасына айланып калган Кытайдын кыжырлантпоо үчүн жасалат.

Далай Лама өткөн айда Кошмо Штаттарга, диний жана саясий лидерлердин сый тамагына барган кезинде да расмий Бээжин президент Барак Обама жана башка расмий өкүлдөрдүн аны менен кездешүүсүнө каршылык билдирген эле.

Анда Кытай тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хонг Лей буларды айткан:

- Далай Лама саясий бозгун жана антикытайлык жикчил ишмердиги үчүн узактан бери диндин желегин жамынып жүрөт. Биз кайсы өлкө болсо да Далай Ламанын келүүсүнө уруксат беришине каршыбыз. Кайсы өлкө болбосун Тибет маселесин Кытайдын ички ишине кийлигишүү үчүн колдонуусуна каршыбыз. Далай Лама дүйнөнү саясий максаттарына колдоо табуу үчүн кыдырып жүрөт, бирок мунусунан майнап чыкпайт.

Кытай бийликтери Далай Ламанын таасири басаңдай баштады деп ырастаганы менен ошол эле учурда Тибет үчүн жаңы рухий лидер керек деп санашат. Бирок ошол жаңы рухий лидерди тандоо да талаштуу маселе.

Кыргызстандыктар Далай Лама менен кездешкен учур.

Кыргызстандыктар Далай Лама менен кездешкен учур.

Алсак, Тибеттин азыркы губернатору Падма Чолинг парламенттин сесссиясы учурунда, Рейтер агенттигинин жазганына караганда, кабарчыларга сүйлөп жатып, Далай Ламаны диний түшүнүк боюнча реинкарнациядан же көзү өткөндө жаны балага көчүшүнө каршылык билдиргени үчүн айыптап, муну «буддизмди кордоо» деп атады.

Тибет буддизминин байыркы салты боюнча улуу Лама дүйнөдөн өткөн кезде анын жаны балага берилет. Кытай бул салт уланыш керек, бирок кийинки Далай Ламаны борбордук өкмөт жактыруусу керек деп эсептейт.

Далай Лама болсо мурдараак Тибет эркин болбогондон кийин ал кайра төрөлө албасын, бул титул анын көзү өтүшү менен кошо токтошу мүмкүндүгүн, анын мураскерин тандоого эч кимдин, анын ичинде Кытайдын укугу жоктугун айткан эле.

Буга чейин 1995-жылы Далай Лама Тибеттен бир баланы тибет буддизминин иерархиясындагы экинчи адам – Панчен Ламанын мураскери деп атаганда, Кытай өкмөтү ал баланы үй камагына алып, ордуна башка баланы койгон болчу.

Кытай бийлик өкүлдөрүнүн реинкарнация боюнча соңку билдирүүлөрүн Индиянын Дармсала шаарчасынан Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнүн премьери-министри Лобсанг Сангай да комментарийлеп, «күлкү келерлик» деп атады.

Лобсанг Сангай.

Лобсанг Сангай.

Сангайдын пикиринде, расмий Бээжиндин Далай Ламанын мураскерин биз таап, бекитебиз дегени «Кубанын мурдагы коммунист лидери Фидель Кастро Рим-католик чиркөөсүнүн башчысын мен тандайм дегенине эле барабар» иш.

Жашы азыр 79га келген Далай Лама Тибеттен 1959-жылы Кытайдын башкаруусуна каршы ишке ашпай калган козголоңдон кийин чыгып кеткен. 10-мартта ошол толкундоолордун кезектеги жылдыгы болду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG