Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Кытайдын мурдагы лидеринин жашыруун күндөлүгү


Бейжиндеги Тяньаньмэнь аянтында жүз миңдеген студенттер нааразылыкка чыгышкан, 02-июнь,1989

Бейжиндеги Тяньаньмэнь аянтында жүз миңдеген студенттер нааразылыкка чыгышкан, 02-июнь,1989

1987-жылдан 1989-жылга чейин Кытайда коммунисттик партияны жетектеп, кийин өмүрүнүн аягына чейин үй камагында жаткан Чжао Цзыяңдын жакында китеби жарыкка чыкты. Ал өзү көзү өткөндөн кийин басылган китеп мурдагы лидердин саясий көз-карашын ачыктап, Кытайга демократия зарылдыгын айтат. “Азаттыктын” аналитиги Патрик Мурдун бул жааттагы комментарийин сунуш кылабыз.

“Посткоммунисттик Европа менен мурдагы Советтер Союзунда азыр Батыш демократиясын даңазалап, көкүрөк каккан мурдагы партиялык жетекчилер көп. Бул өңдүү билдирүүлөрдү дале саясий карьерасын курам деп жүргөн бирөө айтса, албетте, анын канчалык чын дилден чыкканы суроолорду жаратат”, - дейт “Азаттыктын” аналитиги Патрик Мур.

Бирок дүйнөдө бийликте турган эң ири коммунисттик партиянын мурдагы башчысынан күндө эле анын өлкөсү үчүн өнүгүүнүн эң мыкты жолу парламенттик демократия экени тууралуу кепти уга бербейсиң.

1987-жылдан 1989-жылга чейин Кытайдын коммунисттик партиясын жетектеп турган Чжао Цзыяң бул тыянакка үй камагына кесилгенден кийин келди. Ал Тяньаньмэнь аянтында студенттердин демонстрациясын колдоп чыккандыгы үчүн 1989-жылы үй камагына өкүм этилип, өмүрүнүн аягына чейин, 2005-жылдын январына чейин, андан бошотулган жок.

“Чжао бирөө жарымга таарынганы үчүн же өзүнүн саясий атаандаштары менен макул экенин көрсөтүш үчүн бул ойлорго келип отурган жок. Анын пикири - чыныгы прагматикалык тыянак, - дейт аналитик Мур. - Чжао бир топ жылдар бою Бейжинде жана башка аймактарда өндүрүштү кеңейтип, жыргал турмуш орнотуу үчүн жан үрөп иштеди. Акыр аягында эгерде Кытай чындап өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулам десе, бир күн болбосо, бир күн демократия жолуна түшүшү керек. Анткени көзкарандысыз сот системасы, коомдук көзөмөл орнобосо, экономикалык өсүштү бир деңгээлде кармап калууга болбойт. Бул - Кытайдын өнүгүшө тоскоол болуп жаткан коррупцияны ооздуктоодогу негизги көрүнүштөрдөн”.

Чжао Цзыяңдын бул ойлору анын үйүндө жашыруун жазылып калынган жана 2000-жылы Кытайдан чыгарылып кеткен. Аудио тасмага жазылган бул ойлор чогултулуп, которулуп, “Мамлекеттин туткуну: Чжао Цзыяңдын жашыруун күндөлүгү” деген аталышта быйыл жарыкка чыкты.

Кытайда азырга чейин Чжаону жакшы билгендер бар. Көптөр үчүн ал либерал идеялары, реформатордук мүнөзү менен белгилүү саясатчы эле. 1989-жылы Тяньаньмэнде студенттердин бир канча күндүк демонстрациясын бийлик танкалар менен сүрүп чыгарабыз дегенде, буга каршы болуп, Кытайдын “улуу лидери” атакка ээ болгон Ден Сяопиндин жеке демилгеси менен партиянын жетекчилигинен кетирилгенин жазат.

“Нааразылык билдирип, көчөгө чыккан жүздөгөн студенттерди атуу жөнүндө чечим жашыруун түрдө, компартиянын өзүнүн тартиптерин бузуу менен кабыл алынган, - дейт ал. – Анткени мен партиянын лидери катары куралчан аскерлерге студенттерди атууга буйрук берүүдөн баш тарткан элем”.

Чжао нааразылыкты сүйлөшүү жолу менен чечели десе, партиянын аксакалдары муну “партияга каршы келет” деп, студенттердин көтөрүлүшүн “анти-социалисттик аракет” катары күч менен басууга макулдашышат.

Чжаонун саясий ишмердиги 1980-жылдардагы экономикалык реформа менен тыгыз байланышта. Анын өмүр баянындагы кызыктуу көрүнүштөрдүн бири ал бүгүнкү Кытайдын саясий турмушунда маанилүү болгон коммунисттик абройлуу үй-бүлөлөрдүн катарынан эмес, жеке дарамети жана айрым саясий лидерлердин жардамы менен көтөрүлгөнүндө болду. Мао Цзедундун колдоосу менен ал компартиянын жетекчилигине келет. Бирок мына ушул колдоодон айрылгандан кийин, өмүрүнүн аягына чейин үй камагына алынат.

Ал Кытайдагы эң башкы саясий кызматка келгенде экономикалык өнүгүү эле эмес, саясий реформаларды да ишке ашырууну каалаган. Советтер Союзунун кыйрашына себеп болгон жагдайларды иликтеп, Михаил Горбачевдун ойлорун көп окуган. Бирок Чжао Цзыяң бийликтен кеткенине 20 жылдын жүзү болсо да, азырга чейин Кытайда саясий реформаны жүргүзүү же компартиянын бийлигин сактап калуу тууралуу эки анжы ойлор басыла элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG