Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Кытай киносунун берметтери Бишкекте


“Чыныгы сүйүү” тасмасы
“Чыныгы сүйүү” тасмасы

26-январда Бишкекте Кытай кинолорунун жумалыгы башталды. Анын алкагында 31-январга чейин шаардагы кинотеатрларда Кытайдын эң мыкты деген беш тасмасы көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө кытай киноиндустриясы өтө тездик менен өнүгүп, көрүүчүлөрдүн саны бир жыл ичинде 48 пайызга өскөн.

Кытай кино жумалыгы Бишкектеги "Манас" кинотеатрында “Чыныгы сүйүү” тасмасы менен башталды. Анда жакыр жашаган көп балалуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон аяр мамилеси жана сый-урматы чагылдырылган. Окуянын өзөгү ар кайсы улуттагы он тогуз баланы тарбиялап өстүргөн уйгур улутундагы эненин айланасында жүрөт.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы партиялык үгүт департаментинин өкүлү Хуан Юнцзюндун айтымында, кино жумалыгы Шанхай кызматташтык уюмунун маданий алакаларды чыңдоо долбооруна шайкеш эки өлкөнүн социалдык-маданий байланыштарын өнүктүрүү максатында өтүп жатат:

- Бул кино жумалыктын максаты - эки элдин ортосундагы жакшы мамилеге жол салуу. Ошол эле учурда Кытайдын, Шинжаң-Уйгур автоном районунун кино тармагындагы жетишкендиктери тууралуу бөлүшүү. Аны менен бирге Кыргызстандын өнүгүүсүнө да күбө бололу дейбиз.

Кытай тасмаларынын жумалыгын ачуу
Кытай тасмаларынын жумалыгын ачуу

Хуан Юнцзюн кытай кино жумалыгынын алкагында заманбап “Чыныгы сүйүү”, “Бул - Шинжаң”, “Кыялдар башталган жер”, “Маймылдардын падышасы”, “Акча деген эмне?” аттуу тасмалар сунушталып жатканын, бул тасмалар Кытайдын тасма өндүрүшүндө үлгү болуп эсептелерин айтты.

Кытайда беш жыл окуп келген, учурда Бишкектеги Конфуций институтунда иштеп жаткан Нагима Токтобаеванын айтымында, бул жолу Кытай Эл Республикасы кыргыз көрүүчүлөрүнө сунуштап жаткан беш фильмдин өзөгүндө жаштар арасындагы нравалык маселелер, ошондой эле ким кайсы улуттан экенине карабай боорукердикке, мээримдүүлүккө чакыруу идеялары камтылган:

- Кытайда көптөр тарыхый тасмаларды көргөндү жакшы көрүшөт. Албетте, жаштары биз сыяктуу эле жаңыланган тасмаларды көргөнгө умтулат. Бирок тарыхый тасмаларга болгон кызыгуу да күчтүү. Ал жакта 56 улут жашайт эмеспи. Андыктан мамлекет улуттар аралык ынтымакты сактоого салым кошо турган тасмаларды тартууга, аларды жаштарга көрсөтүүгө умтулат. Тартыла турган тасмалардын сценарийи мамлекеттик деңгээлде каралып, окулуп чыккандан кийин гана уруксат берилет. Ал эми сиздер билген Кун-фу, Тай-Цзи таймаштары тууралуу айта турган болсок, ал өнөр да кытай элинин искусствосу катары тасмага тартылат.

Кытай фильмдерин көрүп отургандар
Кытай фильмдерин көрүп отургандар

Кыргызстанда окуп жаткан 19 жаштагы кытай жараны Пенх Цоажео азыр өзү курактуу жаштар кытай кино өндүрүшү жараткан тасмалардын ичинен айрыкча сүйүү темасындагы мелодрамаларды кызыгып көрүшөрүн, бирок жалпы масса үчүн Голливуддун тасмалары алдыда турарын кеп кылды:

- Азыр менин курагымдагы жаштар тарыхый тасмаларды кызыгып көрөт. Себеби, алар өтө мыкты тартылат. Анткен менен элдин басымдуу бөлүгү Америка тасмаларын көрүүнү каалайт деп айтар элем. Жаштар деле Голливуд жылдыздары ойногон тасмаларды көрүүнү каалайт.

Кытай тасмасы
Кытай тасмасы

Бул кино жумалыкты уюштургандардын бири - KG Club тобунун башчысы Өмүрбек Андарбековдун айтымында, бүгүнкү күндө Кытай киносу буга чейин болуп көрбөгөндөй өнүгүп турган учуру. Мисалы, 2015-жылы Кытай кинолорун көрсөтүүдөн түшкөн каражат дүйнө жүзү боюнча алдыга чыгып, жалпы сумма 45 миллиард юанга чамалаган.

- Өзү негизи акыркы мезгилде Кыргызстанда да киноиндустрия өзүбүзгө ченелүү ылдамдык менен өнүгө баштады. Бирок каражаттын жана техниканын жетишсиздигине байланыштуу биздин тасмалардын деңгээли көтөрүлбөй жатат. Ошондуктан биз кытайлык достор менен келишим түзүп, алар менен биргелешип кино тартуу маселесин коюп, алардын мүмкүнчүлүгүн колдонуп, “Оскар" сыйлыгын ала турган тасмаларды жаратабыз деп ишенем. Бул кызматташтык ага жасалган биринчи кадам.

Андарбеков кытай киносунун күйөрмандары 2014-жылга караганда быйыл 48 пайызга өскөнүн, өткөн жылы бир миллиарддан ашык киши кинотеатрларга келгенин белгиледи.

Мамлекеттик кино департаментинин жетекчиси Муктаалы Бектеналиевдин айтымында, Кыргызстандагы “Кытай кинолорунун жумалыгы” быйылкы “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өтүп жатат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG