Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Буту менен чүкө атып, калем термеген талант


"Teңирчилик" Майрамкул Асаналиев

"Teңирчилик" Майрамкул Асаналиев


Шаардын көчөлөрүн аралап жүрүп адам саны койу базарлардан он эки мүчөсү соо туруп кол жайып суранган кайырчыларды көргөндө, же болбосо тагдырына таарынып, жөнү жок наалыгандарды учуратканымда эриксизден айылдаш акын-агам Жаныбек Мааданбек уулун эстей калам.

Төрөлгөндөн эле эки колу жок түшкөн Жакеңдин тагдыры мени көп ойлондурат. Аны менен аралашып ага-инидей болуп өткөнүмө он жылдан ашуун убакыт болсо да, анын бир да жолу тагдырына кейип-кепчип, башын жерге салганын уга да, көрө да элекмин. Качан көрсөң кабагы ачык, сөзү тың.

1974-жылы Иле казак автономиялуу обуласынын Текес ооданынын Көктерек айлында жарык дүнүйөгө келген Жакең алгач ата-энесине "күтүлгөн күтүүсүз белек" болгон эле. Ал күндү апасы Гүлсара Мааданбек кызы мындайча эскерет:

- Мындай болоорун эч күткөн эмесбиз. Жаш элек, көргөн көзүбүзгө ишене албай коркуп да кеттик. Кийин мүчөсү кем уул төрөп койгонума эл-журттан кысылып, укмуштай кыйналдым. Узакка чейин өзүмө келе албай катуу оорудум. Ошондо ичиме ысык түшүп кеткен экен, ошонун зардабын ушул күндөрү да тартып калам кээде.

Жаныбек Мааданбекти бала күнүндө тайенесы Чүрөк эне багып чоңойткон. Ошол үчүн ал кийин өз атасынын атын эмес таятасынын атын чакырууну туура көргөн. Тогуз жашынан баштап мектепке окууга түшкөн. Ата-энеси ага өзүнө ылайык парта-орундук жасатып берген. Кичигинен кол оордуна бутун иштетип көнгөндүктөн, китеп окуп, кат жазууда деле бутун ийкемдүү ишке салып, "зээндүү окуучу" аталып, окуу натыйжасы киласташтарынын баарынан озуп чыккан.

Ошол кездеки мугалими Зыйнан Абдикерим кызы Жакеңдин зеендүү окуучу экендиги менен кошо учунган тентек да болгонун жылмая эскерет: "Киластакы кыздар эле эмес уул окуучулардын да эченин ыйлатчу, а түгүл айрым мугалимдерди да көзгө илбей, кыластан чыгып кеткен күндөрү болгон". Ал эми бала күнүндөкү бирге ойногон досторунун көбү Жакеңдин балалыгын "Кыл мерген" катары элестетишет. Муну өзү да ыракаттана көп кеп салат:

-Ардакты (таякесинин уулу -автор) эрчитип алам. Анын колунда чүкө баштык. Мен чүкө ойнойм, уткан чүкөлөрдү ал чүкө баштыкка сала берет. Анан утуп-утуп алып кайра эле ошол балдардын өзүнө сатып, акчасына дүкөндөн майда-барат жемиш-жийдектерди, таттуу-тамелектерди алып жечүбүз.

Анын ошондоку "соодагерлиги" азырда жок эмес, убактысы болгондо айылдын мал базарынан мал алып, сата коёт. Бирок муну анын кесиби эмес, кызыгуусу десек болот.

Жакеңдин азыр Азыя аттуу суйкайган сулуу жары, Жадыран, Жаңылан деген сүйкүмдүү эки баласы бар. Ушул бактысына ыраазы болгон акын:
Жадыраным оң колум,
Жаңыланым сол колум.
Эки уулдуу болгонум,
Эки колдуу болгонум!
- деп жазганы бар.

Айылдагы үй-жайынан сырт, оодандын шаарчасынан өкүмөт эки бөлмөлүү үй бергенине беш жыл болуп калды. Атайын жардам акча да берилет. Бирок Жакең ал акчага эле карабастан, өз алдынча тырышып-тырмышып эмгек кылганды сүйөт, жайында аштык айдап, күзүндө түшүмүн жыйнап, кышкысын азын-оолак соода кыла коюп дегендей, өз курбалдарынын алды болуп жашайт. Анын мындай тырышчактыгы менен чыдамкайлыгы атадан балага жалгашкан канында бар өзгөчөлүк бекен дейм.

Айтсак мындан беш жыл мурда элүү канча жаштагы атасы токойдо отун алып жүрүп жарадар кылып алган көзүн наркозсуз опаратсыя жасатып, көргөн доктурлар менен уккан элди айран таң калтырган эле. А бирок ал өзүнүн чыдамкайлыгын эмес баласынын таланты менен турмушка болгон көктүгүн, чыйрактыгын бийик бааларын айтат:

"Биз ага эмес, ал бизге сөөнүч, таяныч болуп келет көп кезде. Кайбирде алда бир нерселерге акчабыз жетишбей, кыйналган учурларыбызда ошо Жаныбектен барып акча сурап алган күндөрүбүз болот", - дейт атасы Качкынтай Оторбай уулу.

Ал кишинин айтымында, чоң аталары Көктерек айлына 1917-жылы келген. Түбү Ысык-Көлдүн Түп районунун Көчү деген айлынан, уруусу бугу.


View Larger Map

Жакеңдин атын алыска чыгарган эң негизги нерсе анын чыгармачылыктагы ийгиликтери. Бешинчи киласта окуп жүргөн кезинен баштап эле эл оозунан уккан жомокторду кагазга түшүрө баштаган калемкеч бүгүнкү күндө үч жүздөн ашуун ыр, жыйрмадан ашуун аңгеме-макалалардын аптору. Көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси.

"Азаттыктын" окурмандары жакында анын "Замандын залкар ырчы уулу" аттуу залкар манасчы Жүсүп Мамайга арнаган ырына күбө болгон эле. Бу жолу Чыңгыз Айтматовтун казаасына арнаган элегиясын берүүнү туура көрдүм.

Кыргыз барда - Чыңгыз бар!
(элегия)

«Өчтү» дебейм жылдызды мен,
«Өттү» дебейм Чыңгызды.
Өлгүчөктү жылдыз билем,
Өнөр сүйгөн кыргызды,
Өз тилинде сүйлөп жаткан, ыйлап жаткан уул-кызды.

Жер жүзүндө апат болду,
Жылдыздарда булуңгур.
Тилсиз тагдыр матап койду...
Тилегим бул - ырым бул,
Тирүү калган пенделерге теңир муну туйундур.

Жер титиреп...сел жүрүп,
Жетим бала...эл калды.
Чыккан чакта дүйнөдөн бир дүбүрт,
Чыңгыз байкем «жер жарды»...
Чынында эле «80» инен 180 күн кем калды.

Утурлабай туулган күнүн,
Улуу инсан узадыбы дүйнөдөн?
Азаа тутуп турам бүгүн,
Акын жаны дүрбөлөң,
Арт-артынан апат бизди басып жатат чүйлөдөн!

«Чыңгыз өлдү» дебейли,
Чыгармасы турганда.
Күйүт жанды жебейби,
Үмүт белден сынганда...
Кырсык азбы, кайгы азбы элим үчүн мындан да?!

«Өлдү» дебейм Айтматовду,
«Көмдү» дебейм элди мен.
Көрчү, руху алыпкара куш,
Көркөм сөздө эргиген...
Көмө албаймын космостоку көйкашка бул эрди мен!

Тоо-токойдо, көл, кемеде,
«Токой төштө», «Жерэнеде»,
Толгоо тарткан энеде...
Бүгүн чоң бир апат болду,
Бүтүн жандуу, кыргыз кандуу денеде.

Кудайдын да кулагында,
Курсактакы ымыркайдын тагдыры.
Бөрү, ат, ит... булагың да,
Бөлүшкөн сыр Чыкең менен баардыгы,
Көтөрүшкөн инсандакы бүт дүйнөлүк кайгыны.

Дүйүм журтта апат болду,
Дүйнө этегин тарытты.
Кылым эмес, акмак жолу,
Кырчын жанды карытты...
Кылчайып биз карайлычы бир кылымдык жарыкты.

Айтматов деп айтып жүрүп,
Андан дагы адаштык,
Санаабызды байытып жүрүп,
Салыбызды ташка сүзүп,
Салаңдатып башыбызды көктү самай караштык.

Атам өлсө ыйлайт элем,
Айтматовго ыйлабайым.
Ар-бир сөзүн сыйлайт элем,
Арбак сөөгүн кыйнабайым,
Андан көрө анын бийик аскасына тырмалайым.

Улуу иштен дүйнөлүк,
Улуу инсан төрөлөт.
Же болбосо күн болуп,
Жер бетынин жөнөлөт...
Бул улуу сыр-коё албаймын тушамыштап-өрөөлөп.

Ошондуктан Чикем дагы,
Олтура албай "кырсло-мамыкта".
Түшүп кетти июндагы,
Түбөлүктүү табытка...
Түшүнгөнгө - арманына кол жеткизген кереметтүү абышка.

«Кетти» дебейим Чыңгызды мен,
"Жетти" деймин жылдызга.
Салкын түндө жылдызды мен,
Салыштырам кыргызга,
Саманжолун окшотомун Айтмат уулу Чыңгызга.

Ал тааныткан-асмандаткан,
Атпай кыргыз калкты ушу.
Ааламга учкан айыл жактан,
Алатоонун ардагери-алп кушу,
Алба унутуп Айтмат уулу Чыңгыз деген атты ушу!

Эмесе Жакеңдин Алып Чыңгыздын "Бийик аскасына тырмалаган" чыгармачылык сапарына ийгилик, үй-бүлөөсүнө бакубат турмуш тилеп бүгүнкү сөздү ушу жерден кыскарта туралы.


Бектур Илияс
2011-жыл октабыр. Үрүмчү


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.
XS
SM
MD
LG