Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Чернобыл алааматы СССРди ураткан окуя болдубу?


Киевдеги Чернобылдын курмандыктарына багышталган эстеликтин жанындагы кароол. 2011-жылдын 26-апрели.

Киевдеги Чернобылдын курмандыктарына багышталган эстеликтин жанындагы кароол. 2011-жылдын 26-апрели.

Чернобыл кырсыгына 26-апрелде 25 жыл толду. Ал окуя адамзаттын тарыхындагы ири атомдук апааттардын катарына кирип калды. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кыргызстандан 3 миңдей киши катышкан. Алардын 600дөйү радиациядан улам келип чыккан ар кандай оорулардан каза тапты. Айрым саясат таануучулар болсо Чернобыл СССРдин ыдырашына чоң салым кошту дешет.



Шыбактардын жериндеги алаамат

Украин тилинен “шыбак” деп которулган Чернобыл деген сөзгө тилдери жакшы келбесе да бул аталышты бүгүн дүйнө жүзүндө саясатчы, окумуштуулардан баштап мектеп окуучуларына чейин дурус билишет болуш керек.
Чернобыл өзөктүк кубат ишканасынын борбордук реактордук залы 26-апрелдеги жарылуудан кийин. 1990-жыл. (Victoria Ivleva-Yorke тарткан сүрөт).

1986-жылы 26-апрелге караган түнү Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында (атомдук станциясында) иштеген операторлордун кетирген техникалык катасынан улам 4-энергоблоктогу реактордо суюк отун 3 миң градуска чейин ысып кетип жарылган.

Жарылуунун кесепеттери бул өзөктүк ишкананы бүткүл дүйнөгө таанытып, андагы алаамат адамзаттын технологиялык тарыхына кара тамга менен жазылып калды.

Жапониядагы “Фукусима Дайичи” өзөктүк кубат ишканасында быйыл март айында башталган атомдук кризистин масштабы Чернобылдыкына жетиши мүмкүн деген кооптонуулар бекеринен айтылбаса керек.

Кырсык болгондо дароо 3 киши набыт болуп, алгачкы жуманын ичинде нурланууга кабылып жана денесинен күйүк алып дагы 28 киши көз жумган.

Октон айырмаланып, радиация адамды бара-бара, акырындык менен өлтүрөт экен.

Ар кандай маалыматтарга караганда, ал кырсыктын курмандыктары миңдеп саналат. Дагы ошончосу майып болуп, өмүр аягына чейин дарыланып, доктурлардын көзөмөлүндө болууга тийиш.

Радиациялык булут Украинадан Беларуска карай жылып отуруп, андан ары айрым Европа өлкөлөрүн каптаган. Чернобылдагы 30 чакырымдык аймак жабык деп жарыяланып, 115 миңдей киши башка жерлерге көчүрүлгөн.

Жашырылган маалымат

Кырсык жөнүндө СССРдин калган эли турсун, Киев же Украинанын башка шаар-кыштактарынын жашоочуларынын өздөрү бир нече күндөн кийин гана билишкен.

1986-жылы 29-апрелде борбордук “Правда” гезитинде алгачкы жолу өтө кыска маалымат жарыяланган.

Анда “Чернобыл өзөктүк кубат бекетинде кырсык болду, анын себептери иликтенүүдө”, - деп кургак гана айтылган.

Албетте, радиация таркалышынын деңгээли канчалык кооптуу экенин көпчүлүк калк түшүнгөн да эмес.

Людмила ал кезде күйөөсү жана 2 уулу менен Чернобылдан 110 чакырым алыс жайгашкан Киев шаарында жашачу.

- Майдын төртү болсо керек, улуу балам 9-класста окуп жаткан. Чоң класстарда “Баштапкы аскерий даярдык” деген сабак бар эмес беле, аларды бир нече күнгө шаардын четине машыгууга алып кетишти. Майдын башы болгону менен күн абдан ысып турган. Кайтып келгенден кийин” эмне кылдыңар?” деп сурасам – “секирдик, чуркадык, анан ысып кетип көлгө түштүк” деп айтып берген. Бир нече күн өтсө да, радиациянын зыяны жөнүндө толук маалыматыбыз жок болчу.

Эми өзүңөр деле түшүнүп турсаңар керек, ошол маалда радиация айланадагы чөпкө, жалбырактарга, сууга эбак эле сиңип кеткен. Эч кимиси балдарды үйлөрүңөргө кеткиле деп айтпаптыр.

Андан кийин кичине көбүрөөк кабар бере башташты. “Ушундай жарылуу болду, азыр комиссия аны иликтеп жатат” деп, үйлөрдү желдетпей тургула, терезелерди ачпагыла, аялдар башыңарга жоолук салынып жүргүлө деген кеңештерин берип жатышты
.

Бир күнү үйдүн жанындагы дүкөндө кулпунай сатылып атыптыр. Жаңы эле чыга баштаганда кулпунай таттуу болот эмеспи. Эл көп экен. Мен дагы кезекке туруп калдым. Ал жерде көп жылдан бери соода кылган дүкөнчү менен жакшы тааныш болчубуз. Бир убакытта мени көргөндө: “кет” дегенсип белги бере баштады. Түшүнбөй туруп калдым. Кийин эл тараганда ал мага: “Көрбөй атасыңбы? Бул кулпунай Чернобыл жактан келген” дейт.

Ал жылы, - деп улантат эскерүүлөрүн Людмила, - мектептер жайкы каникулга эртереек жабылган. Балдарын Харьков жакка жиберип, ал жерден өзү да текшерилип, доктурлар радиациянын эч кандай терс таасирин табышкан эмес.

Ал эми Чернобыл өзөктүк кубат ишканасынан алыс эмес жайгашкан Припят жана Чернобыл шаарларында, тилекке каршы, радиациянын натыйжасында рактан көз жумган адамдар көп болду.

Адистер кайсы дарттар чындап эле радиациялык уулануудан келип чыкканын аныктоо оңой эмес дешет. Андыктан кырсыктан канча киши жабыркады деген статистикалык маалыматты да так келтирүү кыйын.

СССРдин ал кездеги жетекчилиги эмне себептен Чернобылдагы окуяны көпкө чейин жашырууга аракет кылган?

Бул суроону биз Чернобыл жөнүндө бир нече китептин автору, радиациялык-экологиялык маселелер боюнча эксперт Сергей Мирныйга жолдодук:

- Правда гезитиндеги маалымат Швецияда радиациянын көлөмү нормадан ашык экени аныкталгандан кийин жарык көргөн. Шамалдын багытынан жана изотоптук курамынан улам ал булут Советтер Союзунан, болжолу менен кайсы чөлкөмдөн, кандай реактордон келгенин билишкен.

Ошондон кийин СССР бийлиги кырсыкты жаап-жашыра албай калды. Анын үстүнө Кайра куруу доору башталып калган. Анда жетекчилик “Ооба чын эле ушундай жамандык болду” дегенге аргасыз болгон.

1950-жылдары Уралдагы өзөктүк кубат ишканасында да кокустук болуптур, бирок ал жөнүндө дүйнө ондогон жылдан кийин араң билди
.

Ал эми Чернобылды эмне үчүн жашырып жүрүштү? Эми ал өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген окуя болгон, аброюна доо кетирмек. Анан ал кезде жалпы саясат ошондой эле да. Ички көйгөйлөр тууралуу айтылчу эмес.

Авариянын кесепеттерин жоюу, тазалоо иштерине ал кездеги чоң өлкөнүн чар тарабынан запастагы жана кызмат өтөп жаткан аскерлер тартылган.

Аскер комиссариаттары жашы 35тен улуу жана экиден кем эмес балдары бар кишилерди тандап алып жатышты. Ишканаларда ыктыярдуу топтор түзүлө баштаган.

Бардыгы болуп кырсык зонасына бир нече жылдын ичинде 600 миңге жакын кырсык кесепетин жоюучу (ликвидатор) барып келди. Жарылган реактордун кайра күйө башташынын алдын алуу үчүн анын үстүнө тик учактар менен химиялык атайын заттар ташталган.

Чернобыл жана Кыргызстан

Кыргызстандан Чернобыл кырсыгынын кесепеттерин жоюуга бардыгы болуп 3 миңдей киши катышкан.

Алар өз уюмун да түзүшкөн. Тилекке каршы чернобылчылардын катарлары жылдан жылга суюлуп баратат.
Кыргызстандык "чернобылчы" сактап калуучулар тобунун өкүлдөрү 25 жыл мурдагы алааматтын курмандыктарын эскеришти. 2011-жылдын 26-апрели. Бишкнек. "Азаттык".


Мамлекеттик медициналык дозиметриялык регистр кыргызстандык ликвидаторлордун ден соолугун текшерип, нурлануунун натыйжасында ар кандай оор оорулардын пайда болушун алдын алуу, реабилитациядан өткөрүү, социалдык жардам көргөзүү менен алектенет.

Борбордун жетекчиси врач-онколог Ася Абдуллинанын айтымында, ушу тапта алардын каттоосунда 1 миң 489 киши турат.

- Биз каза болгондорду эсептеп көрсөк, каттоого алынган 601 киши ар кандай илдеттердин, травмалардын натыйжасында дүйнө салышыптыр.

Радиация бүтүндөй организмге, дээрлик бардык системаларына терс таасирин тийгизет. Бир кишиники жүрөк-тамыр системасы көбүрөөк жабыркаса, башкасынын дем алуу органдары, үчүнчүсүнүкү болсо заара жагынан жабыркап, дагы бирөөнүн сөөктөрү көбүрөөк ооруйт.

Бирок биздин байкообузга караганда бардык чернобылчылардын нерв системасы жапа чегиптир. Көптөрүнүн мээсинде органикалык өзгөрүүлөр аныкталган. Натыйжада, алардын психикасы өзгөрөт. Кудайга шүгүр, аларды дарылап, сакайтууга аракеттенебиз, андай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар
.

Чернобылчыларды дарылоо үчүн атайын бөлүм ачылган.

Тилекке каршы, алардын кээ бирлери доктурларга көрүнбөй келет, ал түгүл кырсык зонасында болуп келишкенин жашырышат.

Жаш жигиттер болсо үй-бүлө күтө албайбыз деп коркушат. Себеби Чернобылга барып келгендердин балдары майып болуп төрөлөт деген кептер айтылып жүрөт.

- Бизде андай учурлар көп эмес. Биздин көзөмөлгө алынган 2 миң 718 баланын арасынан бүт жумуриятыбыз боюнча 16 бала тубаса майып.

Кыргызстанда чернобылчыларга камкордук көрүү, алардын социалдык укуктарын коргоо, саламаттыгын сактоо иштери жакшы жолго коюлган
, - дейт Абдуллина.

Алар айына 7 миң сомго чейин жөлөк пул алышат, кырсыктын 25 жылдыгына карата болсо ар бир ветеранга 20 миң сомдон берилүүдө.

Чернобыл жана украиндердин СССРге карата мамилеси

Чернобылдагы жарылуунун адам баласынын ден соолугуна, экологияга тийгизген зыяны калетсиз.

Украиндер СССРди сактап калууга каршы нааразылык жыйынга катышууда. Киев шаары, 1990-жылдын 30-сентябры.
Кээ бир социолог, саясат таануучулар болсо СССРдин ыдырашынын башатында Чернобыл апааты турган дешет.

Себеби ошондо советтик, социалисттик система натыйжасыз (эффективдүү эмес) экени даана билинип калган. Бийлик билип туруп эле адамдарды өлүмгө жумшаган, дешет алар.

1990-91-жылдары көптөгөн украиндер ар кыл нааразылык жыйындарында жана референдумда СССРден чыгуу сунушун колдошкон.

Айрым адистердин ырастоосунда, Чернобыл алааматы алардын Советтер Биримдигинде калууга каршы чечимине чоң түрткү болгон.

Сергей Мирный кырсык адамдардын саясий жигердүүлүгүн күчөтүп, эл бийликке караганда радиациядан көбүрөөк корко баштаган дейт:

- Чернобыл калкта революциялык маанай жаратты. Радиация адамдардын өздөрүнүн жана бала-чакасынын ден соолугуна, өмүрлөрүнө түздөн түз коркунуч жараткан. «Андай кокустуктар кайталанбаса экен» деген санааркоо сезими пайда болгон.

Анын айтымында, техногендик кырсык жалпы системалык кризистен келип чыкканын бардыгы эле жакшы түшүнүшкөн. Өлкөнүн бийлиги кырдаалды башкара албай калган, дейт Мирный мырза.

Тасма баян.



Айрымдарга Чернобыл аймагы азыр да өз үй-өлөң төшөгү.
ЭЕ/АҮ Украин кызматынын тасмасы. 2011-жылдын апрели.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG