Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Албек Ибраимов Өмүрбек Текебаевди сотко берүүнү чечти


Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов.
Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ушул тапта сотко кайрылууга тиешелүү документтерди даярдоонун үстүндө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, документтер даяр болгон соң, мэр сотко кайрылат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мэрдин аялына катталган жер президент Алмазбек Атамбаевге катталганын, Албек Ибраимов “Манас” аэропортунда иштеген учурда учактарга тамак-аш даярдоочу цехти чыныгы баасынан бир нече эсе кымбат баага, тагыраагы, 15 млн долларга сатып алганын, мэрдин менчигинде отузга чукул жер тилкеси бар экенин айтып чыккан.

Кийинчерээк Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун мүлкү тууралуу маалымат чыгып, анда мэр 29 жер тилкесине, курулуштары менен дагы эки жер тилкесине ээлик кылары жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG