Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

БЧК (ЦРУ) талиптерден өчүн алат


БЧКнын жетекчиси Леон Панетта. 2009-жылдын 18-майы.
БЧКнын жетекчиси Леон Панетта. 2009-жылдын 18-майы.

Американын Борбордук чалгын кызматы - БЧК (же ЦРУ) 30-декабрда анын жети кызматкерин Ооганстанда өлтүргөндөрдөн сөзсүз өч ала турганын билдирди. Бул агенттиктин тарыхында ага каршы жасалган эң ири чабуулдардан болуп калды.

Жаңы жыл алдынан Ооганстандагы Хост шаарында Американын чалгын кызматы айтылуу БЧКнын жети агентин ушул жердеги америкалык аскерий базада жанкечти жардырып өлтүргөн. Ошондон бери коопсуздук чаралары аябай күчөтүлдү.

Бул – БЧКнын тарыхында 1983-жылы АКШнын Бейруттагы элчилигин жардыруудан кийинки эң чоң чабуул болуп калды.

Вашингтондо болсо Борбордук чалгын кызматы ооган жеринде анын агенттерин өлтүргөн талиптерден өчүн алууга убада бергенин бир топ маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Рейтер агенттигине чалгын кызматындагы атын атабаган расмий өкүлдөрдүн бири:

Бул чабуулга жооп кылып, биз өтө агрессивдүү жана ийгиликтүү антитеррор операцияларын жасайбыз деп касам ичебиз”, - деди.

Жардыруу Ооганстандын Пакистан менен чектеш аймагында орун алган америкалык аскерий базада болгон. Набыт болгондордун катарында Борбордук чалгын кызматынын базасынын жетекчиси да бар экен. Ал эми эки адам БЧК менен келишим боюнча иштешчү. Алар Америкадагы “Blackwater” деп аталган коопсуздук агенттигинин кызматкерлери болоорун CNN каналы кабарлады.

Ал жардырууну талиптер жасаганын мойнуна алышты. Алар ооган армиясындагы өздөрүнүн жанкечтисин жибергенин билдиришти. Ооганстандын Коргоо министрлиги болсо аталган базада ооган армиясынын бир да аскери катталбаганын айтып жатат.

Жардыруу ал базада БЧКнын кызматкерлери менен жолугушуу болуп жаткан учурда орун алган экен. Алты агент жаракат алганы айтылды.

АКШнын президенти Барак Обама чалгын кызматын мактап:

Америкалык эр-жүрөк бул атуулдарыбыз биздин эл үчүн өз өмүрүнөн айрылган патриоттордун катарын толукташты”, - деп айтты.

БЧКда болсо жетекчи Леон Панетта жардыруу алардын жүрөгүнүн үшүн алып койбой турганын, набыт болгон агенттер өз мекенинен алыста душман менен күрөшүп жүрүшкөнүн жакшы билишкенин айтты.

Ушул тапта айрымдар денесине жардыргыч зат оролгон жанкечти кантип ооган аскеринин кийимин кийип алып, базага тоскоолсуз кире алганын басым жасап белгилешип, мунун өзү америкалык аскердик базалардагы коопсуздук чараларынын бекем эмес экенин көрсөтөт деп жоромолдоп жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG