Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Дэвид Люис: КМШ - алсыз уюм


КМШ өлкөлөрүнүн айрым башчылары Бишкектеги саммитте, 16-сентябрь, 2016-жыл.

КМШ өлкөлөрүнүн айрым башчылары Бишкектеги саммитте, 16-сентябрь, 2016-жыл.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Бишкектеги саммити уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келди. КМШнын азыркы портретин кантип мүнөздөсө болот?

Советтер Союзу ыдырагандан кийин түзүлгөн бул уюмду айрым батыш окумуштуулары ийгиликсиз интеграциянын үлгүсү катары сыпатташканы бар. Англиядагы Эксетер университетинин саясат таануу боюнча доктору, пост-советтик чөлкөм боюнча адис Дэвид Люис "Азаттыкка" ой бөлүштү.

Дэвид Люис: КМШ Советтер Союзундагы интеграция байланыштарынын ордун толтуруу максатында түзүлгөн. Бирок уюмга мүчө мамлекеттердин бардыгынын эле президенттери Бишкектеги саммитке келишпейт. Жети мамлекеттин гана башчысы бул жыйынга чогулууда.

Көп тараптан алганда КМШ соңку 25 жылда алсыз уюм болду. Олуттуу регионалдык интеграциянын жогорку тепкичине чыга алган жок. Көбүнчө жасалма уюм болуп калды. Саммиттер өтүп, декларациялар кабыл алынып жатты. Бирок иш жүзүндө алардан анча майнап чыккан жок.

- КМШ саммиттерине айрым лидерлердин келбей калганы көп кездешет. Бир президенттин уюмдун саммиттине келбей коюшунун кандай себептерин айта аласыз?

Дэвид Люис: Албетте, айрым өлкөлөр уюмга толук мүчө боло алышкан жок. Грузия уюмдан чыгып кеткен. Украина эч качан жогорку деңгээлде катышкан эмес. Түркмөнстандын нейтралитет саясаты толук мүчөлүккө бөгөт койгон.

Бул жолку саммитке Өзбекстандын убактылуу президенти Шавкат Мирзиёев катышпай турган болду. Биринчиден, Өзбекстан азыр ички маселелер менен алек болуп жатат. Ошондой эле Мирзиёев чет өлкөгө алгачкы сапары коңшусу Кыргызстанга болушун каалабаган сыяктуу. Бир канча жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алака солгундай түштү. Мисалы, эки өлкө ортосунда узакка созулган чек ара талаштары көп.

Уюмга кирген Армения менен Азербайжандын ортосунда да чоң келишпестик бар. Саммитке катышкан өлкөлөрдүн өздөрүндө маанилүү көйгөйлөр көп. КМШ болсо ал маселелерди чече албай келет.

Саммиттин катышуучулары

Саммиттин катышуучулары

- Мүчө мамлекеттердин ортосунда маселелер, керек болсо карама-каршылыктар бар экенин эскертип кетпедиңизби. Өзбекстан менен Кыргызстанды алсак, эмне үчүн КМШ бул эки өлкөнүн мамилесин оңдоого, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөкчү боло албайт?

Дэвид Люис: Менимче, маселелер эки тараптуу алакада. Эки ортодо позитивдүү мамиле жок. Балким Өзбекстандын жаңы жетекчилиги алдында көйгөйлөр чечилет чыгаар. Бирок чек ара сыяктуу айрым маселелер дагы терең сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Бул эки өлкөнүн экономикалык жана башкаруу системасы бири-бирине коошпойт. Кыргызстан дале болсо Өзбекстанга салыштырмалуу демократиялуу, ачык өлкө. Бул чек ара режиминдеги кыйынчылыктарга себеп болууда.

Менимче, бул сыяктуу карама-каршылыктарды чечүүдө КМШда эч качан кандайдыр бир механизм болгон эмес. Анын үстүнө бул уюмда Орусия үстөмдүк кылат. Ошондуктан Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр тереңирээк интеграциядан карманып турат. Алар ички маселелеринде Орусиянын таасири өсүшүн каалашпайт.

- Эгер КМШ мүчө мамлекеттердин ортосундагы маселелерди чече албаса, анда анын азыркы ролунун мааниси эмнеде?

Дэвид Люис: Менимче, уюм дале символикалык ролду аткарып, айрым сүйлөшүүлөргө аянтча болуп берүүдө. Маанилүү нерсе - саммиттерде же декларацияларда эмне айтылганы эмес, көшөгө артында эмнелер болуп жатканы... Анткени көшөгө артында мамлекеттик башчылардын деңгээлинде бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жол ачылат. Анын үстүнө бул өлкөлөрдүн көбүндө чечимдер президенттин деңгээлинде гана чечилет. Маселени бейрасмий деңгээлде чечүү аракетинде Владимир Путин жана Нурсултан Назарбаев сыяктуу лидерлердин ролу бар.

Дагы бир-эки маанилүү өңүтү бар. Алардын бири - эркин соода механизмдери. Бул механизмдер Евразиялык экономикалык биримдикке кирбеген Өзбекстан сыяктуу өлкөлөргө абдан пайдалуу. Себеби Орусияга экспорттоого жол ачылат.

Андыктан көбүнчө уюм символикалуу ролду ойнойт. Чатактарды чечүүдө же реалдуу саясий сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө алсыздык кылат.

- Жыйынтыктап айтканда, КМШ дале миссиясын аткарып жатат жана келечеги бар деп айта алабызбы?

Дэвид Люис: Менимче, бул өлкөлөрдүн башын бириктирген кандайдыр бир постсоветтик уюмга дайыма муктаждык болот. Бирок башка бир нече регионалдык уюмдар да көп. Мисалы, беш өлкөнүн башын бириктирген Евразия экономикалык биримдиги бар. Ал уюмдар арасында атаандаштыкты байкоого болот. Мисалы, Кытай да мүчө болгон Шанхай кызматташтык уюму. КМШ эки блоктун ортосунда кысылып калгандай. Буга Кытайдын ар кыл демилгелери да себеп болууда. Бул да КМШ үчүн атаандаштык болуп саналат.

КМШ келечекте гүлдөп өсүшү үчүн дале уникалдуу ролун таба элек. Менимче, уюм жашай берет. Бирок аймактагы реалдуу маселелерди чече албаган символикалуу уюм бойдон кала берет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG