Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

3-сентябрда Тажикстанда КМШ саммити өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева да катышмакчы.

Түзүлгөнүнө быйыл туура 20 жыл болгон бул уюмдан бир катар мамлекеттер чыгып кеткен, айрымдары формалдуу гана турат, бул структура негизинен Орусиянын кызыкчылыгына кызмат кылат деген пикирлер басымдуулук кылууда.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Дүйшөмбү саммити уюмдун 20 жылдык мааракесине туш келүүдө. Серепчи Нурдин Дүйшөнбековдун пикиринде, бул жылдар ичинде дүйнөлүк барааны бар таасирдүү уюм болуп кете алган жок:

- Түзүлүп жатканда эле убактылуу уюм болоору белгилүү болчу. “Сылык-сыпаа ажырашуунун формасы” деп калп айтпасам Назарбаев айтса керек эле. Жакшы калыптанган, функционалдуу уюмга айланбаганы да ушундан улам болсо керек. Анткени анын келечекке багытталган максаты деле жок эле. Негизинен ушундан улам КМШга кирген эле мамлекеттердин ЖККУ, ЕврАзЭШ деген тармактык уюмдары пайда болуп жатат.

КМШда Орусия негизги оюнчу. Эксперт Медет Төлөгөнов КМШнын мындан аркы келечеги да Орусиянын каалоо-ниетинен, кызыкчылактарынан көз каранды деп билдирди:

- КМШ биринчи кезекте Орусияга керек. Орусия бул механизмдеги борбордук звено болуп эсептелет. Уюмда башка оюнчулардын кызыкчылыгы азыраак. Орусиянын башкы оюнчу болушу КМШны бир жагынан бекемдеп, экинчи жагынан алсыз кылып турат. Башкы күч Орусияда. Эми бул уюмга мүчө мамлекеттердин кимисинин кызыкчылыгы Орусияныкына дал келет, кимисиники дал келбейт деген гана суроо калат. Ушундан улам уюмдун өнүгүшү да кыйын болууда. Башка ЖККУ, Бажы биримдиги деген сыяктуу аймактык уюмдардан айырмаланып КМШнын өзөгүн, ишмердүүлүгүн аныктоо өтө кыйын. Азырынча Орусия түрткүлөп жаткан үчүн гана иштеп жатат. Калган мүчөлөрү активдүү деле эмес.

Бишкек ишкерлер клубунун мүчөсү Тимур Ташкулов экономикалык жактан деле Кыргызстан КМШда пайда көрбөгөнүнө токтолду. Орус тарап көбүнчө өзү кылган экономикалык жардамдарды саясий курал катары колдоно жүргөнүн айтты:

- Эгерде 20 жылдын ичинде Кыргызстанга пайдасы деп карай турган болсок, бизге акча келип жатат. Муну эми пайда деп деле айтпаса болот. Экономикалык кабала деп коёт. Бир жагынан акча берет, ошол эле акчаны өзүнүн компанияларына, өзү пайда көрө турган иштерге жумшап бизди карызга батырып жатат. Андан сырткары биздин жарандарга иш бергени бир жагынан жакшы. Экинчи жактан, аларда биздин жумушчуларга талап бар. Бирок муну бизге дайыма эле саясий инструмент катары колдонгону туура эмес.

Ал эми маданий-гуманитардык өңүтүнө келсек, кыйла жылдар бою өз ара аралашып жашоо, маданияттардын жана салттардын жуурулушу, бир ураандын алдында таалим-тарбия алуу айрыкча Союз маалында жашаган адамдардын өткөн заманды эңсөөсүн жаратып келет.

Орус тилинин жардамы жана Москванын колдоосу менен улуттук республикалардын чыккан далай атактуу инсандар дүйнөлүк саябанга чыгып келишкен эле.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги СССР ыдырагандан көп өтпөй анын курамына кирген өлкөлөрдөн түзүлгөн. Ошондо эле ага Латвия, Литвия жана Эстония кирбей койгон.

Азыр КМШга 11 өлкө мүчө. 2005-жылы Түркмөнстан туруктуу мүчө болуудан баш тартып, жөн гана байкоочу макамын алган. 2008-жылы Түштүк Осетия чатагынан кийин Орусияга кыр көрсөтүп Грузия КМШдан чыгып кеткен. Өзбек президенти Ислам Каримов уюмдун жыйындарына барбай коюп жүрөт. Азербайжан да кийинки кезде ыргылжың болуп, ал эми Украина болсо көбүрөөк Европага ыктай баштаганы байкалууда.
XS
SM
MD
LG