Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Бирдиктүү каттоого өтүүнүн ченемсиз түйшүгү


Жаңы конуштун тургундарынын көбү каттоосуз жашары айтылып келет. Бишкек

Жаңы конуштун тургундарынын көбү каттоосуз жашары айтылып келет. Бишкек

Жарандарды каттоо, башкача айтканда, каттоо институтун жоюу демилгеси акыркы күндөрү көп айтыла баштады.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандагы жарандарды каттоого бирдиктүү электрондук системага киргизүү механизмин иштеп чыгууда. Бирок анын так аныктамасы жок болгондуктан көптөгөн суроолорду, талаш-тартыштарды жаратты. Каттоо маселеси келечекте кандай чечилет?

Ички жана тышкы миграция көбөйгөндүгүнөн улам калктын туруктуу жашаган жерин аныктоо, аларды каттоого алуу убаракерчилик менен коштолорун социалдык жана муниципиалдык кызматтын өкүлдөрү ырасташууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо, каттоо институтун жоюп салуу менен өкмөттүк мекемелердин көп тармактарына залал келтиребиз деген позицияда. Жарандарды каттоо мекемесинин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” курган маегинде каттоонун ырааттуу системасын түзүү акырындап иш жүзүнө ашып, мамлекеттик кызмат эки жылдан бери жалаң ушул маселенин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

- Албетте, бул системаны биз өзгөртүшүбүз керек, дүйнөнүн көп өлкөлөрү буга эбак эле өткөн. Бирок каттоону эртең эле алып салсак, анда бүт системаны жоготобуз. Бул бир эле күндө же бир айда ишке ашчу маселе эмес. Болгон эсеп-кысаптар мына ушул каттоо аркылуу келет. Электр энергиясына, газга, салыкка болгон төлөмдөр ушул каттоо менен жашаган жерине келет да. Анан кантип бирдиктүү электрондук так системага өтө электе биз прописканы жоюп салууну ишке ашырып жиберебиз? Мунун үстүндө эки жылдан бери иштеп жатабыз, дагы терең анализ менен изилдөөнү талап кылып жатат.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы "Калкты каттоо институту тууралуу" маселени көтөрүп келет. Алардын айтуусунда, бир нече жылдан бери үйү, туруктуу каттоосу жок, социалдык укуктарынан ажыраган атуулдар көп. Мындан улам жарандардын пропискадан өтүү түйшүгүн азайтуу керектиги айтылып келет. Депутат Алманбет Шыкмаматов мамлекеттик мекемелер менен кара таман эл буга акырындан өтүп, көнө бериши керек дейт.

- Муну акырындан ишке ашырып, элдин кошумча түйшүгүн азайтуу керек. Мисалга алсак, бир иш бүтүрүү үчүн айыл өкмөтүнө барган атуул канча терезеден, катардан өтүп жүрүп справка топтойт, эгер бирдиктүү система болсо убактысын да коротпойт эле. Көрүнгөн жерден топтогон кагаздарын алуу үчүн айрым учурларда акча төлөп коррупциялык элементтер да коштолуп жүрөт. Эгер бирдиктүү электрондук чипке өтсөк, туулгандан баштап бул дүйнөдөн өткөнчө топтоло турган электрондук каттоо маалыматы болот эле.

Ал эми Конституциялык соттун жана Конституциялык кеңешменин мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова бул маселеде өтө деле тынчсыздануунун кереги жок деген пикирде. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ички миграция боюнча жарандар жашаган жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү деген норма болгону менен, алардын укуктарын чектөөгө эч кимдин акысы жок.

- Ички миграция боюнча мыйзамдын 9-беренесине ылайык албетте, ар бир жаран жашаган жеринде катталууга тийиш деп жазылып турат. Бирок ошол эле мыйзамдын 10-беренесине ылайык, атуул катталбагандыгына байланыштуу анын укугун чектөөгө негиз жок. Демек, Кыргызстандын ар бир жараны кайсыл жерде катталган болсо дагы, жер которууда же ишке орношууда бир дагы орган, анын мамлекет түзүп берген укуктарын бузууга акысы жок, эгер андай фактылар болсо, мыйзамдын негизинде текшерүү жүргүзүп бардыгын өз ордуна койсо болот.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда 60 миңден ашуун катталбаган үй бар. 250 миңдей жаран каттоосу жок жашайт. Акырындап Кыргызстандагы каттоо системасы жолго коюлса, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтар билим берүү тармагында, медициналык тейлөөлөрдө алда канча жеңилдемек. Адисте бирдиктүү каттоонун электрондук системасы түзүлмөйүнчө, бул багыттагы башаламандык улана берери шексиз экенин айтышат.

XS
SM
MD
LG