Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

ЕБ Украина, Грузияга визасыз режим боюнча орток пикир тапты


Европарламент жана Биримдикке кирген өлкөлөр Украина менен Грузия жарандарына Европага визасыз каттоо маселесин чечүүдө келишимге жетишти.

“Бул макулдашуу балансташкан. Ал виза режимин либералдаштыруу саясатына жана анын натыйжалуу, ишенимге ээ болушу үчүн да өзгөчө маанилүү” деп белгиленген Европа Кеңешинин билдирүүсү тууралуу Словакиянын ички иштер министри Роберт Калинак 8-декабрда маалымдады. Эми эки өлкө жарандарына визалык режимди жеңилдетүү боюнча макулдашылган текст Европа парламентинин жана Европа Кеңешинин кароосуна жөнөтүлүшү керек. Европа Биримдигине умтулган Украина жана Грузия виза режимин жеңилдетүүнүн кечеңдешине нааразы болуп келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG