Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн тазаланды


Бишкек-Ош жолуна жыл сайын кар көчкү түшөт. Сүрөттө 2014-жылдагы көрүнүш.
Бишкек-Ош жолуна жыл сайын кар көчкү түшөт. Сүрөттө 2014-жылдагы көрүнүш.

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, унаа каттамы жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн түшкө жакын аталган жолдун Жайыл районундагы аймагына беш жүз метр кубдан ашуун кар көчкү түшкөн. Аны тазалоого алты техника тартылган. Эч ким жабыркаган эмес.

Синоптиктер ушул күндөрү Кыргызстандын бардык тоолуу жолдорунда кар көчкү жогору экенин эскертүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG