Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Мирзиёев губернатор, мэрлерди түз шайлоону сунуштады


Мындай сунушту Өзбекстандын шайланган президент Шавкат Мирзиёев өлкө Конституциясынын кабыл алынышынын 24 жылдыгына арналган 7-декабрда Ташкендеги жыйында билдирди.

“Жергиликтүү бийликтер эл тарабынан шайланса, жоопкерчиликтүүрөөк болот” деген Мирзиёев “бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик эл менен сүйлөшпөйт, алардын маселесин чечпейт” деп кошумчалаган.

Губернатор жана мэрлер Өзбекстанда президент тарабынан дайындалат. Шавкат Мирзиёев 2017-жылды “Эл менен диалог жана адам кызыкчылыктары жылы” деп жарыялоону сунуштады. Ислам Каримов каза болгондон кийин бийлик башына келген Шавкат Мирзиёев айрым саясий туткундарды абактан бошотуп, Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесин оңдоо кадамдарын жасады. (AiT)

XS
SM
MD
LG