Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

2010: Швеция ЕБ төрүн жаңы жетекчиликке өткөрөт


Даниялык аял климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшкө чакырган "Муздак глобустар" деп аталган көргөзмөдө. Копенгаген. 7-декбарь

Даниялык аял климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшкө чакырган "Муздак глобустар" деп аталган көргөзмөдө. Копенгаген. 7-декбарь

Копенгагенде 10-декабрда ачылган Европа Биримдигинин (ЕБ) эки күндүк саммиттине акыркы ирет эски жолой менен Швеция төрагалык кылууда.

Ошентип, үстүбүздөгү жыл бүткөндө Швециянын төрагалыгы соңуна чыккан соң, Европа Биримдиги уюмуна ар жарым жылда алмашып төрагалык кылуу жөрөлгөсү аяктайт. Серепчилер Швеция жооптуу мезгилде - климаттын өзгөрүүсүнө жана глобалдык экономикалык кризиске каршы чара көрчү кезде татыктуу төрагалык кылганын айтышат.

Польша чыгымдарды бөлүштүрүүдө өлкөнүн абалы эске алыныш керек деп, “шайтанын карматты”.

Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелдт Евробиримдиктин 1-президенти, Белгиянын премьер-министри Херман ван Рөмпей, Еврокомиссиянын комиссары Жозе Мануэл Баррозу жана ЕБнын биринчи тышкы иштер министри, британиялык Кэтрин Эштондун сүрөтү түшүрүлгөн Рубиктин кубигин көрсөтүүдө.Брюссел, 19-ноябрь, 2009-жыл.
Евробиримдик ошондой эле Швециянын төрагалыгы астында 1-декабрдан тарта көптөн күтүлгөн Лиссабон келишими боюнча иштөөгө багыт алды.

2010-жылдын 1-январынан тарта, Лиссабон келишимине ылайык, алты айдан кезектешип төрагалык кылуу токтойт жана уюмдун жыйындарын жаңы төрага Херман Ван Рөмпей башкарат.

Жаңы жылдан Биримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон айым да кызматка киришет.

Брюсселдик көпчүлүк талдоочулар Швеция Евробиримдикке татыктуу төрагалык кылганын айтышат. Ырас эле, күздө ирланддар жалпы элдик экинчи референдумда Лиссабон келишимин колдошту. Чехиянын келишим боюнча каршылыгы да Швециянын төрагалыгы астында жөндөлдү. Албетте, глобалдык кризиске Биримдиктин жообу Чоң 20нын саммитинде аныкталгандыктан, буга Швеция өкмөтү аралашкан деле жок.

Климаттын өзгөрүүсү Биримдиктин Копенгагенде өтүп жаткан эки күндүк саммитиндеги негизги суроо. Швеция Биримдиктин төрагалыгында киришкенден эле бул маселеге кылдат мамиле жасады.

Ошол эле учурда Копенгаген саммитинин эгеси Дания да өндүрүштүк газдарды кыскартуу боюнча эларалык сүйлөшүүлөрдү үзүрлүү өткөрүп, көч
Кытайдын Шанси провинциясындагы Линфен шаарын өнөр жай ишканалары бөлгөн түтүн каптоодо. 9-декбарь 2009
башында жүрдү. Бирок да Биримдик өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн өндүрүштүк газдарды бөлүүнү азайтуусун кантип төлөө боюнча мунасага келе албады. Ал эми Копенгаген саммити алдында Польша чыгымдарды бөлүштүрүүдө өлкөнүн абалы эске алыныш керек деп, “шайтанын карматты”.

Евробиримдик өнүгүп бараткан өлкөлөргө 2010-12-жылдары берилчү жардамдын өлчөмү боюнча да бир бүтүмгө келе элек.

Швеция - Биримдиктин төрагасы катары - уюмдун биринчи президенти менен тышкы иштер министрин тандоодо да чабалдык кылды, дейт брюсселдик талдоочу Антонио Мисиролли:

- Евробиримдиктин жогорку кызматтарына дайындоолорду алсак, Швециянын төрагалыгы бир аз аксап калды. Себеби, ноябрдын башында жараян башкаруудан чыгып кеткендей жагдай болду.

Антонио Мисиролли - Брюсселдеги Европа саясый борборунун изилдөөлөр боюнча директору.

Биримдиктин биринчи президентин жана тышкы иштер министрин тандоо узакка созулуп, чоң кыйынчылыктар менен жүргөндөй эле алардын ишке киришүүсү да жеңил болбойт кейпи.

Мына ушундан улам, “Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, Копенгаген саммити кабыл алчу кайрылуунун долбоорунда лидерлер “дайындоо бар көңүлдү Биримдиктин алдында турган проблемаларга бурууга мүмкүндүк берет” деген тилек айтылат.

Дипломаттар да Франция, Британия жана Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү азыртан эле Херман Ван Рөмпей жана Кэтрин Эштондун бийлик укугун тең бөлүшүүнүн аракетин кылып жатканын айтышат. Анын себеби, сынчылар мурда айткандай эле, уюм мүчөлөрү маанилүү чечимдерди толук көзөмөлдөө үчүн Евробиримдиктин эң жогорку жетекчи кызматына белгисиз инсандарды дайындашканында болуп жатат сыягы.
XS
SM
MD
LG