Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Дронин: Париж келишими эч нерсеге милдеттендирбейт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Париждеги саммитте.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Париждеги саммитте.

Эксперттердин айтуусунда Парижде өтүп жаткан Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган саммитинде лидерлер келишимдин жумшак формасына кол коюшуп, ал өлкөлөрдү эч нерсеге милдеттендирбейт.

Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперти, Москва мамлекеттик университетинин профессору Николай Дронин “Азаттыка” курган маегинде ушундай пикирин билдирди.

"Азаттык": Дүйнөлүк лидерлер катышкан Париж саммити эмне менен аяктайт? Көптөн күтүлгөн жаңы келишимге кол коюлабы?

Николай Дронин: Албетте, келишимге кол коюлат. Парижге 150дөн ашык өлкөнүн лидерлери чогулганынын өзү буга чейин алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун жана кандайдыр бир чечим кабыл алынарын билдирет. Бул саммит 2009-жылы Киото протоколу максатына жетпей калгандан алты жыл өткөн соң өткөрүлүп жатат. Бул маалда бир канча жыйын өткөрүлүп, өлкөлөр арасында кандайдыр бир компромисске келүү процесси жүрдү. Ошентсе да буга чейин муз ордунан козголгон эмес. Эми Парижде дүйнөлүк деңгээлде чоң жыйын өтүп жатканы бул келишимге кол коюу гана калганын жүйөлөйт.

"Азаттык": Айрым эксперттер келишимге кол коюлса дагы анын аткарылышына ишеним артпай турат. Сиздин көз карашыңыз кандай?

Николай Дронин: Келишимге кол коюу - ага катышкандар ортосунда компромисс жетишилгенин айгинелейт. Ал эми негизги катышуучулар көп деле эмес. Бул Евробиримдик, АКШ, Кытай жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тобу. АКШ менен Кытай уулуу газдарды эң көп бөлүп чыгарган өлкөлөр. Келишимди кабыл алуунун эки жолу бар, биринчиси катаал, экинчиси жумшак формада. Менин пикиримде, бул ирет дал ошол жумшак формасы гана кабыл алынат, ал өлкөлөрдү эч нерсеге милдеттендирбейт. Бирок беш жылдан кийин бул макулдашуу катаалданышы мүмкүн. Азыр уюштуруучулар, тактап айтканда, Улуттар Уюмунун башкы максаты - бардык өлкөлөрдү бул келишимге кол койдуртуп алуу. Киото протоколу да мына ошол себептен максатына жетпей калган. Анткени анда Кытай жана өнүгүп жаткан өлкөлөр эч кандай милдеттенме албай коюшкан.

Эмне себептен бардык өлкөлөр бул келишимге кол коюуга даяр? Анткени бул келишимдин шарттары “жогору жактан” же Улуттар уюму тарабынан түзүлгөн эмес. Бул милдеттенмелерди ар бир өлкө өз ыктыяры менен кабыл алган. Келишимдин катышуучуларына абага бөлүп чыгарган зыяндуу газдарды канчага кыскарта аларын жана ал кандай жол менен ишке ашарын аныктап алууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул жерде ар кимдики ар кандай. Маселен, Евробиримдик бул жаатта лидерлик позициясынан тайбас үчүн чоң милдеттенмелерди алды, АКШныкы бир аз төмөнүрөөк болсо, ал эми Кытайдын сунуштары өтө эле жумшак. Ошого карабай, азыр башкы максат бул келишимдин кабыл алынышы.

"Азаттык": Жаңы келишим кабыл алынса 2030-жылга чейин бардык өлкөлөр көмүр кычкыл газын орточо көрсөткүчтөн кеминде 2% чейин азайтышы керек. Бул канчалык реалдуу?

Николай Дронин: Бул реалдуу, анткени айтып өткөндөй эле ар бир өлкө өз деңгээлин өзү аныктады. Ошентсе да эгер бул өлкөлөр бардык шарттарды кынтыксыз аткарса, жүз жылдыктын соңуна чейин температура орточо деңгээлден 4 градус Цельсийге гана ашат. Азыр лидерлер айтып жаткандай, 2% чейин жеткире албаса дагы кооптуу деңгээлден ылдыйлайт. Ал эми келишимдин шарттары мындан ары катаалданбай ушул эле бойдон эле калса, кандайдыр бир чоң ийгиликке жетүү кыйын болот.

Азаттык: Экономикасы чабал өлкөлөр жаңы келишимде алардын кызыкчылыгы каралбай калат деп кооптонушууда. Мунун себеби эмнеде?

Николай Дронин: Бул жерде өнүккөн өлкөлөр менен экономикасы чабал өлкөлөр ортосунда чоң карама-каршылык жарата турган суроо бар. Бул нерсе саммитте кризис да жаратышы мүмкүн. Кеп компенсация маселесинде болуп жатат. Экономикасы чабал, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бул келишимге кандайдыр бир каржылык пайда табуу үчүн кол коюшу мүмкүн. Өнүккөн өндүрүшү жок өлкөлөр абага көмүр кычкыл газын көп чыгарып булгабайт. Тескерисинче алар “биздин токойлор абадагы көмүр кычкыл газын жутуп жатканы үчүн бизге акча төлөп бергиле” деп талап кылышы мүмкүн. Мына ушул жерде чоң маселе жаралат.

Өнүккөн өлкөлөр аларга атайын акча бөлүп берүүгө даяр болсо да, ал токойлор абадан канча көмүр кычкыл газын жутуп жатканын аныктоонун өзү өтө кыйын. Менин билишимче, өнүккөн өлкөлөр бул кадамга даяр, атургай алар атайын фонд түзүлөрүн, ага бир канча миллиард доллар бөлүнөрүн айтышкан. Ал эми айрым өлкөлөр бул нерсеге каршы чыгышы мүмкүн, анткени чындап эле токой канча зыяндуу газды жутуп жатканын аныктоо илимде да өтө татаал. Бул жерден токойдун көлөмү, анда кандай бак-дарак өсөт, жер кыртышы кандай - ушулардан көз каранды.

Азаттык: Жаңы келишим кабыл алынса анын таасири маселен, Орусия, Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай болот?

Николай Дронин: Орусияга деле, Борбор Азия мамлекеттерине деле эч зыяны жок. Анткени бул өлкөлөр абага чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн 1990-жылдагы көрсөткүчтөрдөн ашырбоо милдеттенмелерин алышкан. Орусия ансыз деле ашпайт, анткени азыр экономика Советтер Союзу кезиндегидей деңгээлге жете элек. Борбор Азия өлкөдөрүндө деле ушундай. Биз өткөөл экономикасы бар өлкөлөргө киргендиктен, климатты сактоо саясатында өзгөчө топту түзөбүз.Тескересинче, компенсация маселеси чечилсе, Борбор Азия өлкөлөрү кандайдыр бир каржы жагынан пайда көрүшү ыктымал. Маселен, Кыргызстан кошумча токойлорду тиксе болот. Негизи глобалдык климаттын өзгөрүшү боюнча саясатта Орусия да, Борбор Азия өлкөлөрү да маанилүү оюнчулар эмес.

XS
SM
MD
LG