Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Маалыматтарга караганда, Өзбекстанда бир аптадан көп убакыттан бери Coca-Cola суусундугу сатыкка чыкпай жатат.

Coca-Cola Uzbekistan компаниясы суусундук базарга чыкпай калганы тууралуу маалыматты жокко чыгара да элек жана ал боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Ташкендеги “Ардус” супермаркетинин камсыздоо бөлүмүнүн атын атагысы келбеген адиси “Азаттыктын” Өзбек кызматына телефондон курган маегинде айтышынча, алардын дүкөнүнө Coca-Cola келбей калганына 10 күнгө чукулдап калган: “Бир апта, 10 күн болду, Coca-Cola жок. Бөтөлкөдөгүсү да, желим идиштегиси да жок. Керектөөчүлөргө анын ордуна Pepsi сунуш кылып жатабыз".

Батышта эбактан маалым суусундукту Өзбекстандагы чыгарчу компанияны 1991-жылдан кийин президент Каримовдун кызы Гүлнара менен анын АКШ жарандыгы бар ооган күйөөсү Америкада отуруп башкарышчу. Бирок Гүлнара айым күйөөсү менен ажырашкандан кийин кирешелүү иштеп жаткан Ташкендеги завод "салык жана бажы алымдарын төлөбөдү, кудуретсиз" деп жабылган. Үч жылга созулган соттон соң 60 миллион долларлык ишкана Гүлнара Каримованын менчигине айланганы айтылып жүрөт.

Орус художниги Александр Косолаповдун "Ленин Coca-Cola" деген сүрөтү Сотби соода үйүнүн Москвада уюштурулган көргөзмөсүндө. 1-апрель, 2009

Орус художниги Александр Косолаповдун "Ленин Coca-Cola" деген сүрөтү Сотби соода үйүнүн Москвада уюштурулган көргөзмөсүндө. 1-апрель, 2009

Ташкендеги “Корзинка” супермаркетинин кызматкери Coca-Cola ишканасы санитардык жүйөлөрдөн улам убактылуу жабылгандан улам суусундук келбей калды дейт: “Санитардык себептен деп айтышууда. Бир апта, 10 күндөй болуп калды окшойт. Жалаң шире ичимдиктерин сатуудабыз. Эми келип калаар, Кудай кааласа, ишкана ачылса”.

Coca-Cola 400 миң калктуу Самаркандда да таңсык суусундукка айланганын байыркы шаардагы “Фарован” супермаркетинин атын атагысы келбеген кызматкери “Азаттыкка” ырастады. Ал эми суусундукту чыгарчу заводдун атын атабаган адиси:

"Мунун эч кандай себеби жок. Биз иштеп жатабыз. Суусундукту бөтөлкөгө жана желим идишке куйуу токтогон жок”, – деди. Ал ошондой эле суусундукту базарга чыгарыш эки жылдан бери ортомчу – дистрибьюторлордун мойнунда деп, продукцияны алар кандай таркатарынан ишкана бейкабар экенин айтты.

Coca-Cola Uzbekistan ишканасында өндүрүш токтогонун Pepsiсо суусундугун таркатуучу фирмалардын өкүлдөрү да ырасташты. Ошондой ортомчу фирманын белгисиз калууну калаган өкүлү: “Coca-Cola убактылуу токтоду го. Билип болбойт. Ремонтко токтогон болушу мүмкүн. Эмнеге токтогону жөнүндө маалымат жок. Бизде жалаң Pepsi аке”, - дейт.

Coca-Cola Uzbekistan менен Гүлнара Каримованын ысмы маалымат булактарында биринчи жолу дүңгүрөп жаткан жок. Былтыр жайында компаниясынын кызматкерлери Шахрух Сабиров жана Алишер Эргашов арам акчаларды адалдаштырды деп шектелип, Швейцарияда кармалган. Кийинчерээк алар күрөөгө бошотулган.

Айрым маалыматтарга караганда, Эргашевдин Швециянын TeliaSonera телекоммуникация компаниясына байланыштуу жаңжалга да катыштыгы бар. Аталган компания Өзбекстанда иштөө үчүн Гүлнара Каримовага ымаласы ысык адамдарга 320 млн доллар берген деп күнөөлөнгөн.

Шахрух Сабиров менен Алишер Эргашов дале Coca-Cola Uzbekistan фирмасында жетекчи кызматта иштешкени айтылат. Сыра чыгарчу International Beverages Tashkent ишканасынын ээси Гүлнара Каримова экени жөнүндө кеп-сөздөр бар. Бул маалыматты ишкана өзү не тастыктаган, не төгүндөгөн эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG