Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Өзбектер “Үнүбүз угулбайт” дешет


Аксакалдардын тилегени жалаң гана жакшылык жана бейпилдик
Аксакалдардын тилегени жалаң гана жакшылык жана бейпилдик

Кыргызстандын түштүгүндө жашаган өзбектер алардын укуктары жылдар бою басмырланып келгенин айтып турган чакта, эки элди жараштыруу аракеттеринен канчалык майнап болот?

Назарыңыздарга серепчи, жакында Ошто болуп кайткан Сэм Хандын комментарийин сунуш кылабыз.

Кыргызстанда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин күч менен бийликтен кулатылышына алып келген 7-апрелдеги окуялардан кийин өлкөдөгү өзбектердин лидерлери аларга карата түштүктө жүргүзүлүп жаткан дискриминациялык саясатка чекит койгонго, саясий талаптарды ачык айтканга убакыт келди го деп ойлошкон өңдүү.

“Май айынын этегинде Жалал-Абаддагы Элдер достугу университетинде болгон тополоң да - буга бир мисал”, - дейт кабарчы Сэм Хан.

Түштүк Кыргызстанда улуттар ортосундагы кандуу кагылышууга алып келген бул окуялар кайсыл бир деңгээлде кыргыз саясий турмушуна аралашууну каалаган өзбектердин аракети менен болду деген таризде тарыхта калат.

Өмүрүнүн 16 жылын Фергана өрөөнүндөгү өзбек элин изилдөөгө арнаган америкалык антрополог Морган Лю Огайо университетинде иштейт. “Менин түшүнүгүмдө өзбектер өздөрүн Кыргызстандын жакшы, мыйзамды сыйлаган жарандары катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Азыркы абалдын эң башкы трагедияларынын бири – бул долбоор мындан ары иштебей тургандыгында”, - дейт ал. - Эми бул аракетти эч нерсе менен сактай албайсың”.

Азыр эми там-жайын таштай качкан өзбектер кайра үйлөрүнө кайта башташканда “Мындан ары чыныгы элдешүү, жарашуу болобу, Кыргызстан узак мөөнөткө алардын коопсуздугун коргоп бере алабы, өкмөт өлкөнүн саясий турмушуна өзбектердин активдүү аралашуусу жөнүндө талаптарын аткара алабы?” деген суроолор көтөрүлүүдө.

Окумуштуу Лю абал жакшырышына анчейин ишенбегендей. “Кыргызстанда улутуна карабай туруп, чыныгы жаран болуу дегендин өзү эмнени билдирет деген суроо турат. Бул суроого так жооп болмоюнча, Кыргызстандагы өзбектердин абалы жакшырбайт”, - дейт ал.

Оштук Феруза айым – беш перзенттин энеси. Өзү медицина тармагында иштейт. Бир уулу жакында Түркиядан окуудан келмек экен. Кызы мектепти бүтүрүп, быйыл университетке тапшырам деп турган. “Эми акыркы окуялардан кийин эмне кылаарымды билбей, башым маң”, - дейт ал.

“Чынын айтсам, мен азыр эч нерсеге түшүнбөй калдым. Биздин ата-бабаларыбыз ушул жерге көмүлгөн. Азыр “кыргыз-өзбек” деп бөлүштүн эмне кереги бар? Менде Өзбекстанга кетейин деген бир да ниетим жок. Өмүр бою Ошто жашадым. Кыргыз, орус, өзбектер менен иштеп келатабыз. Бул эле эмес, бизде Америкадан келген волонтерлорубуз бар. Алар менен кандай жакшы иштеп жатканбыз! Азыр эми... мен чындап коркуп жатам. Өзүм го, мейли, иштеп кетем. Перзенттерим кандай болоор экен....?, - дейт Феруза айым.

Өзбектер нааразылыгынын негизги себеби катары аларга Кыргызстанда экинчи сорттогу жарандардай мамиле болуп жатканын айтышууда.

Сэм Хан май айында Жалал-Абадга барганда өзбек бизнесмендери рэкеттин кодулоосуна, талап-тоноосуна кабылып жатышканын, рэкетке милиция жардам берээрин, кыргыздардын ишканаларынан өзбектер себепсиз эле жумуштан айдалышаарын, өзбек мектептерине акча дайыма аз бөлүнөөрүн айтышкан.

“Өзбектер бизнесте активдүү болушканы менен парламентте, жергиликтүү бийлик органдарында жана милиция менен армияда дээрлик орун ала алышпады”, - дейт журналист.

Ал майда Оштогу Өзбек улуттук борборунунун башчысы Жалалитдин Салахутдинов менен маектешкенин айтат. “Салахутдинов азыркы кырдаал бир топ жылдар бою бышып жетилгенин, анткени теңдик болбой жатканын, карпайым өзбектер менен өкмөттүн ортосунда жакшы байланыш жоктугунан өзбектердин үнү угулбай калып жатканын айткан”, - дейт Сэм Хан.

Мында айтылган ойлор автордун өзүнүкү жана “Азаттыктын” позициясына туура келбеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG