Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Чучук чуусуна байланыштуу Майкл Макфиттин Кыргызстандан чыгып кетиши жана Кумтөрдөгү жагдай тууралуу жазылган Георгий Мамедовдун макаласына карата Мурат Шакировдун пикири.

Фейсбуктан Jamby Jusubalievaнын жазгандарын окудум... Көтөрүңкү маанайда Георгий Мамедовдун макаласына ак пейилден айтылган, жакшы тилек ыроологон пикир болуптур. Бирок тилекке каршы, макала кыргыз ММКсында чоң талашты жаратып, толгон-токой пикирдин төө бастысында калды.

Жамбы кыздын жазгандарына мен да кошулам, «Өкүнүчтүүсү, жазылгандардын көбү үстүрт, түшүнбөгөн, баарына макул боло берген, көңүл көтөрүү үчүн жеңил баа мактоого тунган же жеберине жеткире жекирген ачуу сөздөргө толгон, анан да түшүнүктөрдү чалмакейдей чалган чалагайлык... Мына булардын катарында олуттуу талдоону учуратуунун өзү жакшы го».

Жамбынын жазгандарына мына буларды кошумчалай кетким келет: жалаң эле жазгандардын баары үстүрт, түшүнбөстүк же түшүнүктөрдү чалмакейдей чалган чалагайым эмес. Чын-чынына келгенде, Мамедовдун макаласын деле калыстыктын нака үлгүсү деп айтуу кыйын. Биринчи иретте баамга урунганы, фактылык так эместиктерди ал макаладан кадам сайын учуратууга болот, алар туурасында мен төмөндө кененирээк токтолгону турам. Булардан сырткары Кумтөрдөгү жагдайды аныктоодо кутумчулук теориясынын принциптерин колдонуу чыныгы жагдайды билген кишиге, жумшагыраак айтканда, таң калууну жаратпай койбойт.

Бул жерде мен макаланын автору Георгий Мамедовду эч бир айыптагым келбейт. Макалада тирешкен тараптардын бирине да жан тартуу аракети байкалбайт. Тескерисинче, макала авторунун Кумтөрдөгү жагдайды болушунча так ачып берүү аракети көзгө урунат. Аракет айрым учурларда жүзөгө ашса, арабөк калган жерлери да кездешет.

Эми аларды пункттар боюнча карап көрөлү:

"Макфиттин маселеси боюнча сот да болду, ал мурда күнөөлөнгөндөй касташууну козуткандыгы үчүн эмес, өлкө аймагында жүрүүнүн эреже-тартибин бузгандыгы үчүн чыгарылды".

Эң туура чечим. Менимче, акыл калчап отуруп табылган мыкты бүтүм. Ушуга улай «Кумтөрдүн» чет элдик кызматкерлерине жумушчу виза жана уруксат берүүнүн эреже-тартибин кылдат жана так текшерип чыгуу зарыл. Андай документтерди берүү мыйзам тартибинде жүргүзүлөрүнө күмөнүм бар. Мисалы, Казакстанда андай уруксат берүүдө сөзсүз бөлүнгөн квота эске алынат, иш квалификациясын карап көрүшөт, ошондой кесиптеги адистердин республикада жоктугу боюнча ырастама ж.б. милдеттүү түрдө талап кылынат. Анан Кыргызстанда алыскы Шотландиядан келген ширетүүчүдөй мыкты адис жок дегенге ишенесизби? Бизде атүгүл англис тилин билген андай адистерди, мыкты кесипкөйлөрдү оңой эле табууга болот деп ишенем.

"Анткен менен, ММК жайнаган маалыматтары, кордолгон улуттук сезимдин айланасындагы кызуу талаш-тартыштар бул окуянын өзөгүн түзчү негизги маселени баам сыртында калтырууда – ал өзөк маселе комбинаттагы чет элдик жетекчилик менен жергиликтүү жумушчулар ортосундагы эмгек мамилелери".

Албетте, бул жерде проблемалар толтура…

"…трансулуттук компанияларга мүнөздүү жергиликтүү жана чет элдик кызматкерлердин ортосундагы бөлүнүү бул жерде эмгек акы төлөө арасындагы опол тоо айырмачылыктарга гана негизделген эмес, кендеги иштегендер жашай турган жайларына, турмуш-тиричилигине дейре айырмаланып турат. Жергиликтүүлөр менен чет элдиктер эки башка жатаканаларда жашайт, алар үчүн башка тамак-аш даярдалат, дагы башкалар. Жалпысынан кандайдыр бир жамааттык тилектештик тууралуу бул жерде кеп кылуунун деле кереги жок. Ошондон британиялык ширетүүчүнүн осол, жергиликтүү элди кемсинткен орой тамашасы анын кыргыз кесиптештеринин жинин келтирип, нааразы кылып атышына таң калуунун кажети жок".​

Жумушулар поселогу

Жумушулар поселогу

Эмгек акы боюнча

Эгер жергиликтүү жана чет элдик кызматкерлерге бирдей эмгек акы төлөнсө, мүмкүн, сырттан жумушчуларды алып келип иштетүү пайдалуу болмок. Мындайда аларды окутуу, тартипке көндүрүү жана башка маселелер жеңилирээк чечилет беле деген ой келет. Бул менин жеке пикирим, аны эч кимге таңуулабайм деле.

Жатакана жана тамак-аш боюнча

"Кумтөрдүн" жумушчулар шаарчасы бир эле, кызматкерлер анда эки блокко бөлүнүп жашайт, бөлмөлөргө коюлган эмеректердин стандарты бирдей. Эски шаарчада баары жатакананын мурда же кийин салынганына байланыштуу болчу, жаңысына жаңыраак эмеректер коюлчу. (Блок жаңы болгондон кийин ага жараша баары жаңыдан коюлчу). Жетекчилер жалгыздап жашайт, жумушчулар бөлмөсүндө экиден керебет коюлган. Анткен менен, жумушчуларга да кайсы учур болбосун бөлмөдө дайыма бар адамдын гана болушуна шарт түзүлгөн (бири - жатаканада, экинчиси - күндүзгү же кечки жумушта).

Жумушчулар үчүн бөлмө

Жумушчулар үчүн бөлмө

Ден соолук чыңоочу жайлар (оюн ойноп, дене көнүгүүлөрүн жасачу жер) баарына бир. Мурда шаарчада телевизор көрүүчү эки бөлмө бар болчу, бул жумушчуларга түшүнүктүү тилдеги телекөрсөтүүлөргө гана байланышкан, анын телекөрүүчүлөрдүн жарандыгына эч кандай тиешеси жок.

Жумушчулар спорт менен машыккан зал

Жумушчулар спорт менен машыккан зал

Тамак-ашты ашканада даярдашат, алар чынында эле айырмалуу, батыштын тамагы, жергиликтүү элдин жакшы көргөн даамы даярдалат, алар, албетте, эки жерден берилет. Жарандыгына карабастан, ар бир кызматкер каалаган тамагын каалаган жеринен алып жей берет. Салаты болобу, суусундук же таттууларбы – айырмасы жок.

"Кумтөрдүн" ашканасы

"Кумтөрдүн" ашканасы

"Албетте, "Кумтөрдүн" жумушчуларынын улуттук сезимталдыгын өтө эле көтөрүп ийүүнүн кереги жок. Алтын кенде иштегендердин айтуусунда, жумушчулар иш таштоо учурунда компания жетекчилери менен жолукканда Макфитти жазалоону эмес, эмгек акыны жогорулатуу талабын коюшкан".

Чынында эле айрым жумушчулар тарабынан чатактын күнөөкөрүн жоопкерчиликке тартуудан тышкары саатына төлөнчү эмгек акыны көтөрүү, жок дегенде аны индексациялоо талабы айтылган. Бул сунуш четке кагылган. Компания жетекчилери тарабынан эмес, эмгек жамааты тарабынан.

"Кумтөрдүн" айланасындагы иштердин баары неолибералдык матрицага сыйчу нерселер, ал боюнча улуттук мамлекет өзүнүн экономикалык өз алдынчалыгын трансулуттук компанияга берип коёт. Мындай шартта мамлекет классикалык либерализм тарабынан аныкталган арбитрлык жана тыштан ыраатка салып туруу функцияларын аткара албай калат. Коомдук кызыкчылыкты сактоо жана балансты кармоо үчүн мамлекеттин экономикалык субъекттердин мамилелерине кийлигишүү укугу бар. Ал эми Кыргызстан сындуу эч нерсе чече албаган, андай аракет жасабаган өлкөлөргө келгенде мамлекет өзү экономикалык оюнчуга айланып калат".

"Трансулуттук компания"… Центеррага мындан артык мактоо жарашпас, аны катардагы орто компаниялардын катарына кошушат.

Анткен менен, автордун жазганы туура эле…Маселен, «Кумтөр» боюнча мамлекет өзүнүн жөндөп туруу милдетин жакшы аткара албай жатканы эч кимге жашыруун эмес. Аны маани деле бербей койчу мына бул нерседен, майда-чүйдө же ири жемкорлуктан деле байкоого болот. "Кумтөр" долбоору менен алтын кен ишканасындагы жемкорлук. Жалаң "Кумтөрдүн" айланасында жергиликтүү, ошондой эле азыноолак, болбосо өтө чоң кызыкчылыкка байланган чет элдик биртоп майда жана ири оюнчулардын бардыгы байкалып эле турат, алар алтын кендеги кызыкчылыгын эч качан жоготкусу келишпейт. Мына ушулардын айынан "Кумтөрдөгү" жагдай жайына келбей, системалуу кризиске белчесинен батып калды окшойт.

Белгилей кетчү жагдай, алтын кенди азыркы абалга алып келген, жоопкерчиликке тартылчу "Кумтөр" жетекчилигине мына ушул кризистик жагдай абдан пайдалуу. Пайдасы бул, талаш алтын кенде түзүлгөн реалдуу өндүрүштүк, моралдык проблемалардан алаксытып, маселенин баарын саясий өңүткө көчүрүп таштайт. Кыязы, мына ушул жагдайды "Центерра" да аңдап калган шекилдүү, компания "Кумтөрдүн" "ууланган" активдерин жандантуу үчүн кайра түзүү сунушун алдыга жаюуда.

"Жамаат ичиндеги киреше алуунун неолибералдык ыкмасы менен неоколониалдык катнаштар, артыкчылыкка ээ чет элдиктер менен андайдан куржалак калган жергиликтүүлөр ортосундагы мамиленин чыңалышы глобалдык экономикалык жана ишкана ичиндеги кризистер фонунда акыры жүрүп карама-каршылыктарды күчөтүп, жыйынтыгында ачык тирешүүгө сөзсүз алып келет".

Автордун мына ушул пикирине макулмун, ачык тирешүүлөр болушу ыктымал. Бирок мындай тирешүүлөрдин негизги себеби катары «киреше алуунун неолибералдык ыкмасын» көрсөтүү, менин пикиримде, маселени өтө эле жөнөкөйлөштүрүп жиберүү деген кеп. Болбосо, тескерисинче, абдан эле татаалдаштырып жиберүү болуп калат. Эмне үчүн?

Себеп дегенде, кенде иштегендерди артыкчылыктарга ээ чет элдиктер жана квалификациясы жок жергиликтүү жумушчулар деп формалдуу же андайы жок деле бөлүп-жаруу жок. Компаниянын жетекчилери арасындагы ортоңку жана жогорку курамда көп жылдардан бери иштеп, күчтүү профессионал катары таанылган, татаал өндүрүштүк тапшырмаларды так аткарчу жергиликтүү кадрлар жетиштүү. Көпчүлүк чет өлкөлүк адистер кыска келишим аркылуу келип кетип иштешет, башкаруу чечимдерин кабыл алчу андай кызматкерлердин кесиптик деңгээли көп учурда мактоого арзыбайт. Келечекте чет элдик менеджердин туура эмес кабыл алган чечимдери менен алардын залакасын жергиликтүү жетекчилерге жүктөй берүү болушу мүмкүн, жооп берүүнү жалаң жергиликтүүлөргө жүктөй коюу коркунучу да болочок тирешүүлөргө себеп болушу мүмкүн. .

"Талаштардын чыгышына себеп болчу жагдайлар ар кыл болушу ыктымал – анын ичинде, жылмаюу жараткандан башкага жарабас чучук тууралуу тамаша кеп деле. Айрым байкоочулардын ырасташынча, мына ушул окуя «Кумтөр» боюнча сүйлөшүү жүргүзгөндөрдүн көшөгө артындагы оюндары менен кандайдыр бир жазгырыктарынын натыйжасы болушу мүмкүн. Андай болушу деле мүмкүн, бирок мындай кылдат ойлонулган кутумчулукту ишенимдүү ойноп берүү үчүн жарамдуу кыртыш болушу абзел – андай шарт, кыязы, алтын кенде бар окшойт".

Кутум теориясына эле окшошуп турат…

"Көшөгө" артындагы оюнду уюштуруучулар талаштын себебине чучукту тандап алышканына ишенүү кыйын. "Центерра" менен "Кумтөр" жетекчилигине орундуу кине коюуга мындан олуттуу себептер деле бар. Ал үчүн жогоруда белгиленген алтын кенди иштетүүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы планын жакшылап окуп чыгуу эле жетиштүү, өндүрүшкө кетчү чыгымдарды, техникалык тобокелчиликтерди, андайга кирбеген иштерди кылдат талдап чыгуу зарыл...

"Андай болушу деле мүмкүн, бирок мындай кылдат ойлонулган кутумчулукту ишенимдүү ойноп берүү үчүн жарамдуу кыртыш болушу абзел – андай шарт, кыязы, алтын кенде бар окшойт".

Мына бул жерде автор так үстүнөн түшкөн. Кыртыш түзүлгөн. Бир нече ай илгери эмгек жамааты а кездеги өндүрүш боюнча вице-президент Фил Уелтенди кызматынан кетүүгө мажбур кылганын эстеп көрөлү. Ошол окуянын маалымдамасындагы «өз каалоосу менен» деген сөздүн алдына «жамааттын» деп кошуп коюш керек эле. Кызматтан кетүүнүн себеби жосунсуз жүрүм-турумга байланыштуу болгон. Анан да экономикалык маселелер. Дагы эмгекке байланышкан талаштар. Андагы талаштын себепкери чучук эмес смартфон, видео тарткан телефон болчу. Билбеген адамды мыйыгынан жылмайтчу нерсе.

"Америкалык социалдык антрополог жана глобалдашуунун теоретиги Аржун Аппадурай Ал-Жазира каналындагы жаңы жылдык маегинде ырастагандай, неолибералдык глобалдашуу шартында улуттук мамлекеттердин экономикалык өз алдынчалыгын жоготушу улуттук суверенитеттин опсуз апыртылган символикалык белгилеринин эсебинен ордун толуктоого өтөт. Ал улутчулдуктун күчөшүнө, баарын чанууга жана улуттук сезимди түгөлү менен өзүнө жакын кабыл алуусуна алып келет. Менин оюмча, «Чучукгейт» мына ушул тенденциянын ачык көрсөтмөлүү окуясы болду окшойт".

Менин пикиримде, «чучукгейт» «Кумтөр» жетекчилигинин шалаакылыгын көрсөткөн окуя болду. Бир кездеги үлгү болорлук ишкананы бүгүнкү саясий, өндүрүштүк жана моралдык кризиске кептегендердин ишинин натыйжасы ушул. Мындан бир нече жыл илгери мындай орой тамашага эмгек жамааты жаалданып каршы чыгышарын элестетүү кыйын эле. Кимдир бирөөнө осол тамаша жакпашы турулуу иш деңизчи, бирок өндүрүш токтогонго чейин барат дегенге жетмек эмес…

Майкл Макфит

Майкл Макфит

Макфит ширетүүчүнү аяган эч ким жок, анын орой тамашасы башка бир жерде айтылса, мынчалык чуу көтөрүлбөс беле. Бирок да анын ордуна эми дагы бирөө оңой эле табылат. Автордун кийинки тамаша мынчалык курч болбойт дегенине мен деле кошулам. Мисалы, чет элдиктердин бирөө жергиликтүү жумушчулардын бирин сөөмөй шилтеп чакырып коюшу мүмкүн. Же ашканада кезекте турганда ийини менен жөөлөп кетиши ыктымал…

Эгемендик, баарын жерүүчүлүк же улутчулдуктун бул жерде эч кандай тиешеси жок. Маселенин баары алтын кендеги моралдык жагдайга, маанайга байланышкан.

Мына ушул теманы козгогон Георгий Мамедовго рахмат. Менин жазгандарымды макала автору сын катары кабыл албашын каалар элем. Жөн гана кеңеш:

Маңыроолук катары түшүндүрүлчү нерсени эч качан кара ниет менен жасалган иштер катарына кошпогула - "Никогда не приписывайте злому умыслу то, что вполне можно объяснить глупостью", – Р.Хэнлон.

Соңку талашта деле тараптардын баары билип-билбей биртоп эле акылсыз иштерди жасашты.

Мурат Шакиров

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG